Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА

ЭЛДИН БИРИМДИГИН

ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ

ЧЫҢДОО КОНЦЕПЦИЯСЫ

Бишкек - 2013
МАЗМУНУ


КОНЦЕПЦИЯнын принциптери, максаты жана милдеттери


3

Кыргыз Республикасындагы этностор аралык мамилелерди талдоо

5

I. ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК-УКУКТУК ЖАКТАН ЖӨНГӨ САЛУУ

11

II. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН БИРИКТИРҮҮЧҮ РОЛУ ЖАНА ТИЛДИК КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ

14

III. ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК БИРДЕЙЛИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУ

16

Күтүлгөн натыйжалар, аларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

18

Тобокелдиктер жана коркунучтар, ресурстук жактан камсыз кылуу

21

Кыскартуулардын тизмеси

20

Тиркемелер

21


КОНЦЕПЦИЯНЫН ПРИНЦИПТЕРИ, МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор1 аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы (мындан ары - Концепция) – 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жүзөгө ашыруу үчүн иштелип чыккан принциптердин, максаттардын жана милдеттердин расмий таанылган системасы.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 1-февралындагы №24 «Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту бекемдөөнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы 891-V «Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын Мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө» токтомун аткаруу алкагында иштелип чыкты.

Бул Концепция Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары тарабынан демилге кылынган “Этностук саясат жана коомду баш коштуруу Концепциясын” жана “Мамлекеттик улуттук саясат Концепциясын” бириктирүүнүн негизинде иштелип чыкты.

Концепциянын долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө Концепциянын долбоору таламдаш тараптардын жана структуралардын кеңири чөйрөсүнүн: жарандык коомдун, билим берүү жана илимий уюмдардын өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусунда талкууга алынган.

Концепция төмөнкүдөй принциптердин негизинде иштелип чыкты:



Демократиялык баалуулуктарды жактоочулук. Укуктун үстөмдүгүн таануу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдеринин негизинде жарандардын жеке, социалдык, экономикалык, маданий, саясый укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.

Мамлекеттүүлүктү чыңдоо, аймактык бүтүндүктү сактоо. Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактоо үчүн биргелешкен жоопкерчилик, этностор аралык араздашууну тутантууга, региондук тегинин белгиси боюнча бөлүнүүгө багытталган иштердин жол берилгистиги.

Кыргызстан элинин социалдык бирдиктүүлүгүн жана биримдигин бекемдөө, өлкөнүн жарандарынын этностук таандыктыгына карабастан өз мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттин, бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, жарандык коомдун институттарынын ишмердүүлүгүнүн системалуулугу.



Көп түрдүүлүктөгү, анын ичинде этностук, маданий, тилдик, курактык жана коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүндөгү биримдикти таануу.

Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарын, мамлекеттин тарыхын урматтоо, кылымдар бою калыптанган улуттук баалуулуктарды жана биримдиктин идеалдарын, этностордун өзгөчөлүктөрүн сактоо, маданияттар аралык диалогду жана толеранттуулукту өнүктүрүү.

Мамлекеттик кыргыз тилинин бириктирүүчү ролу. Өлкөнүн бардык жарандары тарабынан коомду баш коштуруунун маанилүү негиздеринин бири катары мамлекеттик тилди билүү зарылдыгын аңдап түшүнүү жана кабылдоо.

Дүйнөлүк шериктештикке аралашуу, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты жана кыргызстандыктардын маанилүү атаандашуучулук артыкчылыктарынын бири катары орус, англис жана башка дүйнөлүк тилдерди активдүү үйрөнүү.

Концепциянын максаты – улуттук биримдикти этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү аркылуу камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, өлкөнүн маданий мурастарын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо.

Алдыга коюлган максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүүдө гана мүмкүн:



  • мыйзамдык базаны өркүндөтүү, этномаданий укуктардын жана керектөөлөрдүн ажырагыс бөлүгү катары жүзөгө ашырууга туура келген ченемдерди жана эрежелерди иштеп чыгуу;

  • жалпы жарандык биримдикти жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо, ошондой эле улуттук деңгээлде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошуп алганда этностор аралык мамилелерди жана тил саясатын жөнгө салуу боюнча саясатты жүзөгө ашыруу үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн системасын түзүү, борбордо, региондордо жана жергиликтүү деңгээлде зарыл инфраструктураны түзүү;

  • жаңжалдарга мониторинг жүргүзүү, эртелеп алдын алуу жана тынчтык орнотуу боюнча мамлекеттик органдардын, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өз ара аракеттениши;

  • бардык кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүшү жана билиши үчүн шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик тилдин реалдуу бириктирүүчү ролун камсыз кылуу, жарандардын расмий тилди жана ООНдун башка тилдерин билүүсүн жана этностук жамааттардын тилдерин сактоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун эсебинен өлкөнүн тилдик көп түрдүүлүгүн андан ары өнүктүрүү үчүн тең салмакталган тил саясатын жүзөгө ашыруу;

  • жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, этномаданий өнүгүүнү камсыз кылуу менен ар бир инсандын өзүн “Кыргыз жараны” экендигин аңдап-түшүнүүсү, жарандык атуулдукту, сабырдуулукту, билим берүү, маданий жана маалыматтык саясат аркылуу айырмачылыктарды урматтоого тарбиялоо, бардык жарандардын саясый, социалдык жана экономикалык катышуусун кеңейтүү.

Концепцияны жүзөгө ашыруу жалпы мамлекеттик жана көп тармактуу мүнөзгө ээ. Концепцияда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ар бир чара зарыл бюджеттик камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү пландары менен программаларында андан ары өнүктүрүлүүгө тийиш.

Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу - өлкөнүн мамлекеттик, коомдук, жеке жана коммерциялык түзүмдөрүнөн, бардык жарандардан системалык иш аракеттерди талап кылуучу узак мөөнөттүү процесс.

Азыркы абалды талдоонун негизинде Концепцияны үч этапта жүзөгө ашыруу каралат:

I этап - Концепциянын биринчи кезектеги иш-чараларынын Планын 2017-жылга чейин жүзөгө ашыруу, институттук механизмдерди жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ресурстарды бөлүү менен мамлекеттик максаттуу программаларды кабыл алуу.

II этап - этностор аралык мамилелерди башкаруу системасын өркүндөтүү, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, кабыл алынган программаларды жүзөгө ашырууну координациялоо жана контролдоо, тармактык министрликтер менен ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин жөнгө салуу.

III этап - Концепцияны жүзөгө ашырууну баа берүү, Кыргыз Республикасында бирдиктүү жарандык улутту калыптандыруу максатындагы саясатты өркүндөтүү.



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ТАЛДОО

Этностор аралык мамилелердин абалына жана өнүгүү тенденцияларына тарыхый, демографиялык, миграциялык, социалдык-экономикалык, саясый, маалыматтык жана башка процесстер таасир этет.

Кыргыз эли торолуунун жана өнүгүүнүн ар кандай этаптарын башынан кечирди. Кыргыздардын мамлекети жөнүндө маалыматтар биринчи жолу жазма булактарда б.з.ч. III кылымдын аягынан баштап кездешет. Тарыхчылар «Улуу Кыргыз каганаты» доору IX кылымга таандык деп аныкташат.

ХХ кылымдын башындагы тагдыр чечүүчү өзгөрүүлөр кыргыз элине өз мамлекетин кайра жаратуу мүмкүнчүлүгүн берди: Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу (1924-ж.), Кыргыз Автономиялуу Республикасы (1926-ж.), Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы (1936-ж.) түзүлгөн.

Көптөгөн кылымдар бою Кыргызстандын этностук жамааттары ынтымакта жана жанаша жашоонун, тышкы жана ички коркунучтарга бирге каршы туруунун көп кылымдык тажрыйбасын топтошту. Өлкөнүн тарыхы айгинелеп тургандай, анын өнүгүүсүндөгү эң урунттуу учурлары элдин биримдиги, ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн достугу менен шартталган. Кыргызстан өнүгүүнүн советтик мезгилинде айыл чарбасы, өнөр жайы жана маданияты ыкчам өнүккөн өлкөгө айланган.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын жарыяланышы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү жаңы этап болуп калды.

Кыргыздар өлкөнүн калкынын көпчүлүгүн түзгөн жана мамлекетке тарыхый аталыш берген Кыргызстандын көп улуттуу бирдиктүү элинин бириктирүүчү өзөгү болуп саналат.

Этностор аралык мамилелер жагында СССРдин таркашы менен байланышкан геосаясый жана психологиялык кесепеттери, өткөөл мезгилдин социалдык-экономикалык кыйынчылыктары таасир этти. Жумушсуздук, айрыкча эмгек ресурстары арбын аймактарда анын жогорку деңгээли, коңшу мамлекеттер ортосундагы чек ара, жер-суу жана башка жөнгө салынбаган маселелер, аймактык талаштардын орун алышы терс жагдай түздү.

Бир катар өбөлгөлөр менен шартталган 1990-жылдагы кайгылуу Ош окуяларында көптөгөн карама-каршылыктар жана көйгөйлөр ачыкка чыкты, бирок алардын себептерин, жүрүшүн жана натыйжаларын олуттуу иликтөө жана алдын алуучу адекваттуу системалуу чараларды көрүүгө аракеттер жасалган эмес.

Көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып демографиялык кырдаалда олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Алсак, кыргыздардын, өзбектердин, дунгандардын, тажиктердин, уйгурлардын санынын өскөндүгү байкалат. Ошол эле учурда орустардын, украиндердин, белорустардын, еврейлердин, немецтердин ж.б. үлүшү кыскарган. Бир катар этностордун санынын өсүшү калктын табигый өсүшү менен аныкталат. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча республиканын эң ири улуттарынын арасындагы фертилдик коэффициент бир аялга кыргыздарда 2,5, өзбектерде – 2,6,тажиктерде-2,6, түрктөрдө-2,4, дунгандарда-2,4, казактарда-2,2, орустарда – 1,6 түзгөн2. 2009-жылдагы эл каттоодон бери өткөн жылдарда этностук жамааттардын саны боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин (УСК) маалыматтарын талдоо бул тенденция сакталып тургандыгын көрсөттү (1-тиркеме).

Этностук белгилери боюнча калктын санынын өзгөрүшүнө социалдык-экономикалык жана саясый факторлорунун таасир тийгизиши тышкы миграция боюнча расмий статистиканын маалыматтарын талдоодо аныкталган. УСКнын маалыматы боюнча, саясый кризистердин мезгилинде ар кандай улуттагы жарандардын, анын ичинде кыргыздардын өлкөдөн чыгып кетишинин санынын кескин өсүшү жүргөн (2-тиркеме).

Этностор аралык мамилелерди натыйжалуу башкаруу максаттары үчүн өлкөнүн региондорундагы калктын ар кандай этностук курамын эске алуу зор мааниге ээ3.

Соңку жылдардагы тарыхий, саясый, социалдык-экономикалык, миграциялык процесстердин натыйжасында Кыргызстан, өзгөчө шаарларда калкынын курамы ар түрдүү болгон республикадан акырындык менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн этносторунун саны басымдуулук кылган өлкөгө трансформацияланууда. Эксперттик демографиялык божомолго ылайык, ири этностордун катышынын өзгөрүшүнүн мындай тенденциясы келечекте да сакталып калат (3-тиркеме).

Бардыгы болуп 2009-жылы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоонун маалыматтары боюнча өлкөдө 100 ашык этностордун өкүлдөрү жашаган. УСКнын маалыматы боюнча 2012-жылдын акырына карата ар кандай этностук жамааттардын өкүлдөрү калктын 27,8%ын же 1 миллион 545 миң адамды түзгөн. Ошентип, Кыргызстан көп этностуу мамлекет болуп саналат.

Ушуга карабастан мамлекеттик саясатта этностук курамды эске алуу жетиштүү эмес, этностор аралык мамилелерди башкаруунун так системасы түзүлгөн жок, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу приоритет катары каралган эмес.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жылдарында этностор аралык мамилелер жагындагы мамлекеттик саясат өнүгүүнүн үч этабынан өттү.

Биринчи этап көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин дароо эле элдин улуттук аң-сезиминин деңгээлинин жогорулашы, улуттук түзүлүштүн идеологиясын актуалдаштыруу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы менен мүнөздөлгөн.

Экинчи этап 90-жылдардын ортосунан, «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» урааны жарыяланган учурдан тартып башталат. 1994-жылы өзөгүн этностук жамааттардын маданий борборлору түзгөн Кыргызстан элинин Ассамблеясы (КЭА) түзүлгөн. Кыргызстан элинин Ассамблеясы консультациялык-кеңешүүчү орган жана этностук жамааттардын кызыкчылыктарын чагылдыруучу кыйла массалык уюм катары белгилүү бир деңгээлде позитивдүү ролду ойноду. Бул мезгилде ушул чөйрөнү мыйзам деңгээлинде жөнгө салуу аракеттери көрүлдү4.

2005-жылдан кийин башталган үчүнчү этап этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө абалдын курчушу гана эмес, ошондой эле коомдо аймактык жикке бөлүнүү көрүнүштөрүнүн күчөшү менен мүнөздөлөт. Көз карандысыздык жылдары ичинде өлкөнүн ар кандай улуттагы бардык жарандары өздөрүн Кыргыз Республикасынын бирдиктүү элинин бир бөлүгү экендигин аңдап сезе албагандыгы айкын болду.

Коомдогу социалдык теңсиздиктин жогорку деңгээли жана региондук дифференциация, жумушсуздуктун фонунда этностор аралык мамилелердин саясатташуусу, билим берүү деңгээлинин төмөндөшү, радикалдуу диний агымдардын жана кылмыштуу топтордун таасири астында калган жаштардын топторунун пайда болушу коомдо жаңжалдуу потенциалды күчөттү.

Этностор аралык мамилелер жагындагы абалдын олуттуулугун мамлекеттик бийлик органдары тааныган эмес, этностор аралык мамилелердин оорлошуна алып келген экономикалык, саясый шарттарга баа берилген эмес. Алар адат болуп калган социалдык чөйрөнүн бир бөлүгү катары каралган, анткени көңүл чордонунда тил маселеси, жарандардын маданий жана билим алуу керектөөлөрүн жүзөгө ашыруу маселеси турган. Шайлоолорду жана башка саясый кампанияларды өткөрүү мезгилинде этностук жамааттардын лидерлери менен оюндар жүргөн.

Соңку жылдарда саясый туруксуздук өсүп, ачык эле улутчулдук куру чечендик күч алган. Мына ушундай кырдаалда көптөгөн жамааттарда социалдык катышуу деңгээли төмөндөп, этностук жамааттардын өзүнчө обочолонуусу жүрдү.

1990-жылдардагы этностор аралык маселелердин чечилбегендиги, социалдык-экономикалык татаал кырдаал, мамлекеттин башкаруу функцияларын аткаруудагы чабалдыгы 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө көп сандаган курмандыктар менен коштолгон кайгылуу окуяларга алып келди.

Кайгылуу окуялардан кийин ыңгайсыздык сезими башка этностук жамааттардын өкүлдөрүнүн арасында гана эмес, ошондой эле кыргыздардын арасында да орун алган.

Мамлекеттеги бакубаттык, тынчтык жана ынтымак кыйла даражада Кыргызстандын бирдиктүү калкынын бириктирүүчү өзөгү болгон кыргыздардын баш коштуруучу даражасынан жана өлкөнүн бирдиктүү элин түзгөн бардык этностук жамааттар менен шайкеш өз ара аракеттенүүсүнө жараша болот.

Этностор аралык мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери 2010-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында түптөлгөн жана Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарында конкреттештирилген. Жарандардын реалдуу тең укуктуулугун камсыз кылуу, этностор аралык мамилелер жагындагы алардын конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу мыйзамдарды андан ары өркүндөтүүнү, ошондой эле калктын укуктары, милдеттери жана алардын бузуунун кесепеттери жөнүндө маалымдарлык деңгээлин жогорулатууну талап кылат.

Ар кандай этностук жамааттардын өлкөнүн саясый турмушуна катышуусу, алардын борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу органдарындагы өкүлчүлүгү кыскарган. Ушуга байланыштуу шайлоо жөнүндө мыйзамда ар кандай топтордун бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга чакырылган атайын чаралар каралган. Соңку жылдары КР Жогорку Кеңешинде этностук жамааттардын өкүлдөрүнүн саны кыскарган: 2007-жылдагы шайлоодон кийин алардын пропорциясы 20%ды түзсө, 2010-жылдан кийин – 12,5%ды түзгөн.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында өлкө боюнча 2013-жылдын 1-январына карата ар кандай этностун өкүлдөрү орточо алганда 14,3%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматтары боюнча 2012-жылдын акырына карата саясый жана администрациялык мамлекеттик кызматчылардын арасында ар кандай этностун өкүлдөрү 9%га жакынды, ал эми муниципалдык кызматчылардын арасында – 12%ды түздү.

Укук коргоо органдарында 2013-жылдын 1-январына карата маалыматтар боюнча ар кандай этностун өкүлдөрү: республиканын ички иштер органдарында – 5,1%, прокуратура органдарында – 6,6% түзөт.

Бүгүнкү күнгө чейин натыйжалуу тил саясаты иштелип чыккан эмес. Мунун кесепетинен мамлекеттик, ошондой эле расмий жана чет тилдерди эркин билген муун калыптанган жок. Коомду баш коштуруунун, маданияттар аралык диалогду чыңдоонун, бардык этностук жамааттардын өкүлдөрү үчүн экономикалык, маданий, кесиптик жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизи катары мамлекеттик тилдин ролу али жетишсиз.

Расмий статистикага ылайык Кыргызстандын калкынын болжол менен 43,3%ы экинчи тилди билет. Экинчи тил катары орус тили кеңири колдонулат (83%), кыргыз тили эне тили болуп саналбаган адамдардын 10,7%ында гана кыргыз тили баарлашуу тили болуп саналат. Муну менен бирге англис тилинде эркин баарлаша алган адамдардын үлүшү 1,1%дан ашпайт. Эне тилин жана экинчи тилди эске алуу менен бардыгы болуп калктын 76,5%ы кыргыз тилин, 48,3%ы – орус тилин билет5.

Мектепке чейинки билим берүүгө камтылган балдардын 65%ы орус тилинде, 33,3%ы – кыргыз, 1,8% - өзбек тилинде окуйт.6 Окутуу тили боюнча орто мектептердин саны жагындагы маалыматтарды салыштыруу төмөнкүдөй катышты көрсөтөт: кыргыз тилинде окуткан мектептер 64,2% (өлкөдөгү окуп жаткандардын жалпы санынын 73,1%), орус тилинде – 9,14% (17,9), өзбек тилинде – 5,5% (8,7%), тажик тилинде – 0,13% (0,3), аралаш мектептер – 21,02%. Ошол эле мезгилде ЖОЖдордун көпчүлүгүндө окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кеңири пайдалануу үчүн ырааттуу тил саясатынын жана аны жүзөгө ашыруу механизмдеринин жоктугу бөгөт болуп жатат. Дифференцирленген окутуунун, анын ичинде мектепке чейинки, башталгыч, орто, кесиптик, жогорку билим берүү, чоңдорго билим берүүнүн окутуу жана окуу-усулдук куралдары жетиштүү иштелип чыккан эмес.

Кыргыз Республикасынын ар бир регионунда окутуу тили региондун этностук курамын чагылдырган мектептердин тиби басымдуулук кылган өзгөчөлүү тилдик кырдаал түзүлгөн. Окутуу тили боюнча билим берүү мекемелерин эсепке алуунун колдо бар системасы жеткире өркүндөтүлгөн эмес, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн татаал. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (БжИМ), УСК, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ар башка маалыматтарды айтышат.

Бирдиктүү жарандык улутту түзүү ишинде жалпыга маалымдоо каражаттары маанилүү роль ойнойт. 2012-жылы басма ЖМКлардын 70%га жакыны кыргыз тилинде, 25%га жакыны орус жана өзбек тилдеринде чыгат. Дайыма чыгуучу газета-журналдардын 50%дан ашыгы Бишкекте чыгарылат жана региондорго таратылат. Региондордо басылып чыккан жергиликтүү гезиттер пайдаланылбаган ресурстар болуп калууда, алардын кээ бирлери ар башка тилдерде чыгат. Азыркы учурда ЖМКлардагы макалалар ар дайым эле жамааттарды жакындатып жана баш коштурууга көмөк көрсөтпөйт.

Этностор, региондор аралык мамилелерге тиешелүү маселелер татаал социалдык-экономикалык жана саясый шарттарда жаңжалдарга алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда, этностор аралык мамилелерди алдын алуучу жөнгө салуу саясатын ишке ашырган, бирдиктүү жарандык улутка таандык аң-сезими калыптанган өлкөлөрдө карама-каршылыктар зордук-зомбулуксуз эле чечилээрин эл аралык тажрыйба далилдеп турат.

Кыргызстанда болуп өткөн этностор аралык жаңжалдардын тажрыйбасына карабастан, ушул кезге чейин борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкаруу органдарынын мониторинг жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча системасы түзүлө элек. Ишенип берилген аймактарда коопсуздук жана туруктуулук үчүн жооптуу мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары этностор аралык мамилелерди гармонизациялоо боюнча системалуу ишти жүргүзүшпөйт.

Аталган терс факторлорду жана өткөн жаңжалдардын кесепеттерин жоюу этностор аралык мамилелер жагында жаңы милдеттердин жана приоритеттүү багыттардын чечилишине жана улуттун биримдигин чыңдоого байланыштуу, аларды чечүүдө ушул Концепцияны жетекчиликке алуу болжолдонууда.



  1. ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК-УКУКТУК ЖАКТАН ЖӨНГӨ САЛУУ

Жарандардын укуктарын алардын этностук таандыктыгына карабастан коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана элдин биримдигин чыңдоо, этностор аралык мамилелерди жөнгө салууда жооптуу мамлекеттик органдардын системасын түзүү, социалдык-экономикалык жана саясый процесстерге жарандардын катышуусун камсыз кылуу төмөндөгү чараларды кабыл алуунун эсебинен жетишилет:

    1. Этностор аралык мамилелер маселелерин жөнгө салган мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык келтирүү.

    2. Жарандардын өз этностук таандыктыгын эркин аныктоосу үчүн шарт түзүү.

    3. Жарандардын тең укуктуулук принциптерин алардын расасына, этностук таандыктыгына, диний ынанымдарына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан жумушка кабыл алууда, мамлекеттик жана муниципалдык, укук коргоо жана сот түзүмдөрүнө кызматка алууда, улуттук, аймактык жана жергиликтүү деңгээлде кадрдык резервди калыптандырууда камсыз кылуу.

    4. Этностук жамааттарга таандык адамдарды укуктук жактан коргоо системасын өркүндөтүү, мыйзамды калыс колдонууну камсыз кылуу, укук коргоо органдарынын ишинде этностук белгилери боюнча кодулоону жоюу.

    5. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана уюмдардын өз ишмердүүлүгүн ишке ашырууда жарандардын ар түрдүү этностук таандыктыгына карата мамилелеринде кодулоого жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу.

    6. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган курамында этностук, улуттук, расалык жана башка белгилери менен байланышкан аспекттери бар кылмыштар үчүн жоопкерчилик маселелер боюнча так критерийлерди жана экспертиза жүргүзүүнүн ачык жол-жоболорун иштеп чыгуу.

    7. Ар түрдүү улуттагы жарандардын көп этностуу жамааттарда бирге жашоосун жана ишмердигин өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо.

    8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин базасында түзүлүп жаткан социалдык жана башка мүнөздөгү жаңжалдардын этностук өңүткө айланып кетпеши үчүн карама-каршылыктарды эртелеп аныктоо жана жаңжалдардын алдын алуунун аракеттүү системасын түзүү.

    9. Борбордук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдерде жаңжалдар келип чыккан учурда бардык бийлик органдарынын тез арада жооп кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, жарандык коомдун, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, этностук жамааттардын башка уюмдарынын өз ара туруктуу аракеттенүү системасын түзүү.

    10. Этностор аралык жана тил саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу, Концепцияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн бардык деңгээлдеги жооптуу системаны түзүү.

    11. Улуттук программаларды жана стратегияларды иштеп чыгууда этностук факторду эсепке алуу үчүн социалдык-экономикалык чөйрөдө статистикалык маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын өркүндөтүү.

    12. Ар кандай кодулоону четке кагуу менен кесиптик чеберчилик, компетенттүүлүк, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин билгендик критерийлерине негизделген мамлекеттик жана муниципалдык кадр саясатын жүргүзүү.

    13. Этностук көп түрдүүлүктү башкаруу, анын ичинде этностук процесстерге мониторинг жана талдоо жүргүзүү көндүмдөрүн кошо алганда, бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, жергиликтүү жана улуттук өнүктүрүүнү пландаштырууда аларды эсепке алуу менен программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

    14. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, укук коргоо жана сот органдарынын кадрдык курамында ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн санын кеңейтүү.

    15. Этностор аралык оорчулуктардын жана жаңжалдардын алдын алуу боюнча укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жана алардын өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана чечүүдөгү даярдыктарын жогорулатуу.

    16. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо критерийлери катары толеранттуулукту жана этностук жамааттардын маданий өзгөчөлүктөрү жана тилдерди билүү жөнүндө маалымдарлыгын кароо.

    17. Бийликтин бардык деңгээлдеринде көп этностуу курамдагы өкүлчүлүктүү органдарын калыптандырууда саясый партиялардын ролун жогорулатуу, өлкөнүн саясый турмушуна жигердүү, кесипкөй жарандарды тартуу.

    18. Өлкөнүн биримдигин чыңдоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана аймактык айырмачылыктар менен байланышкан ынанымдардан жана көндүмдүктөрдөн арылуу максатында мамлекеттик, соттук, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызматчыларынын арасында региондор аралык ротациялоону жүргүзүү.

    19. Ар кандай этностук жамааттардын өкүлдөрү жашаган аймактарга гана эмес, ошондой эле бир этностун өкүлдөрү калктын көпчүлүгүн түзгөн региондордо ишенимди чыңдоо жана коомду консолидациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

    20. Мамлекет тарабынан чек арага жамаатташ аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн атайын комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

    21. Көп этностуу жана маданияттар аралык чөйрөнү түзүүгө багытталган мамлекеттик административдик-аймактык саясатты жүргүзүү, биргелешкен ишмердикти, өнөктөштүк мамилелерди калыптандырууну кубаттоо.

    22. Коомдук мониторинг, абалга баа берүү, этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө пайда болгон чакырууларга өз учурунда көңүл буруу үчүн облустук кеңеш берүү комитеттеринин, этностук өнүктүрүү кеңештеринин, жергиликтүү бийлик органдарына караштуу башка консультациялык-кеңешүүчү түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

    23. Этностук жамааттардын таламдарынын реалдуу өкүлчүлүгү, алардын укуктарын коргоо, менеджменти жана ресурстарды издөө жөндөмдөрүн жакшыртуу, башка консультациялык-кеңешүүчү органдарынын: облустук жана райондук кеңешүүчү комитеттери, жер-жерлердеги этностук өнүгүү кеңештери жана башкалардын ишмердүүлүктөрүн координациялоо аркылуу Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

    24. Этностор аралык жаңжалдардын эртелеп алдын алуу системасын эксперттик коштоо үчүн этностор аралык, конфессиялар аралык өнүгүү жана билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коомдук эксперттик кеңештердин потенциалын колдонуу.

    25. Этностор аралык мамилелерди гармонизациялоо процесстерине бардык социалдык топторду, коомдук уюмдарды, этномаданий бирикмелерди, диний уюмдарды, аймактык жана жамааттык бирикмелерди тартуу.

    26. Жалпы жарандык бирдейликти калыптандырууга, элдин биримдигин чыңдоого багытталган жарандык коомдун, биринчи кезекте этностук, жаштардын, аялдардын жана башка жамааттардын өкүлдөрүнүн демилгелерин колдоо.



  1. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН БИРИКТИРҮҮЧҮ РОЛУ ЖАНА ТИЛДИК КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ

Тең салмактуу тил саясатын жүзөгө ашыруунун натыйжасында, этностук жамааттардын өз эне тилдерин сакталышына кепилдикти камсыз кылуу менен кыргызстандыктардын мамлекеттик, расмий жана дүйнөдө кеңири колдонулган тилдердин бирин билген үч тилдүү жаңы муунун калыптандыруу максаты коюлат. Бул жарандардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун, өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн шарты болуп калат. Мындай натыйжаларга төмөндөгү милдеттерди жүзөгө ашыруу менен жетүүгө болот:

    1. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жарандардын, алардын ичинде мамлекеттик тил эне тили болбогондордун арасында аны билгендердин санынын өсүшүнө дем берүү.

    2. Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары мамлекеттик кыргыз тилин, расмий орус тилин, ошондой эле англис же ООНдун расмий тилдеринин бирин билиши үчүн шарттарды түзүү.

    3. Ар бир жарандын өз эне тилин сакталышына жана үйрөнүшүнө шарттарды түзүү, тилдик белгилер боюнча кодулоого жол бербөө.

    4. Кыргыз тилинин потенциалынын өнүктүрүү, анын коомдук-саясый, экономикалык, маданий, илимий жана башка иш-аракет тармактарында колдонулушун кеңейтүүгө шарттарды камсыз кылуу.

    5. Мамлекеттик тилдин терминологиялык фондун толуктоо, лексиканы унификациялоо, жаңы муундагы китептерди басып чыгаруу.

    6. Окуу, илимий, көркөм, иште колдонулуучу жана башка адабияттарды мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашыруу.

    7. Кыргыз тилиндеги көркөм чыгармаларды, илимий жана башка адабиятты башка этностордун тилдерине, дүйнөлүк тилдерге которуу практикасын жандандыруу жана колдоо.

    8. Кыргыз-чет тилдеринин компьютердик котормо программаларын түзүү, акысыз компьютердик тесттери жана окутуучу программалары менен улуттук Интернет-ресурстарын өнүктүрүү.

    9. КР БжИМнин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тил саясатындагы аракеттерин синхрондоштуруу жана анын натыйжалуулугун көтөрүү максатында ишмердүүлүгүнө функциялык талдоо жүргүзүү.

    10. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде, анын ичинде мектепке чейинки, баштапкы, орто, кесиптик, жогорку билим берүүдө мамлекеттик тилде окутууну камсыз кылуу, региондордогу тилдик абалды, айылдык жана шаардык мектептердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жашы улууларга билим берүү.

    11. Мамлекеттик тилди окутуу сааттарынын санын этап-этабы менен көбөйтүү, мамлекеттик эмес тилде билим берген мектептерде сабактардын бир бөлүгүн мамлекеттик тилде окутуу үчүн шарттарды камсыз кылуу.

    12. Билим берүү системасын квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу, мамлекеттик буйрутманын алкагында окуп жаткан студенттердин арасында тилчи адистердин үлүшүн көбөйтүү.

    13. Көп тилде билим берүүнүн моделдерин пилоттоону аяктоо жана билим алып жаткандардын керектөөлөрүн, ар түрдүү этностук жамааттардын кызыкчылыктарын эске алуу менен көп тилде билим берүүгө өтүүнү камсыз кылуу.

    14. Инновациялык интерактивдүү жана компьютердик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик тилди окутуу усулун өнүктүрүү.

    15. Акыркы жылдары технологиялык секирик жасаган бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын негизинде жогорку окуу жайларда атайын жана техникалык сабактарды окутуунун тилдерине карата бирдиктүү мамлекеттик жол-жобону иштеп чыгуу.

    16. Тилдерди үйрөтүү милдетин ийгиликтүү өтөп жаткан билим берүү мекемелери үчүн каржылык кубаттоо механизмдерин түзүү.

    17. Мамлекеттик тилде акысыз окутуунун натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу жана алардын ичинде жогорку окуу жайларга, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерге караштуу борборлордун тармагын кеңейтүү.

    18. TOEFL, «Казтест» сыяктуу компьютердик тесттердин жардамы менен билимдин деңгээлин аныктоочу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата мамлекеттик тилди билүү боюнча квалификациялык талаптардын системасын колдонууга этап менен киргизүү.

    19. Мамлекеттик тилде илимий иштеп чыгууларды өнүктүрүүнү кубаттоо, тармактык терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чыгуу.

    20. Үй-бүлөлөрдү, ата-энелер коомчулугун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, кесиптик-педагогикалык жамааттарды, илимий, маданий, коммерциялык жана коомдук институттарды, волонтерлорду тил саясатынын жигердүү субьекттери катары тартуу.

III ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК БИРДЕЙЛИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУ

Жарандык атуулдук, улуттун биримдиги, Кыргызстан элинин рухий жана маданий жалпылыгы идеяларын калыптандыруу жана жайылтуу мамлекеттик маанилүү милдет болуп саналат. Аны ар кандай институттардын: үй-бүлөлөрдүн, билим берүү, маданият, спорт мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын жигердүү катышуусу менен чечүү мүмкүн. Алардын биргелешкен күч-аракети төмөндөгү милдеттердин чечилишине өбөлгө болот:



    1. Атуулдуктун, толеранттуулуктун, жарандык жана социалдык жүрүм-турумдун негиздери түптөлгөн негизги институттардын бири катары үй-бүлөнүн ролун көтөрүү.

    2. Коомдогу көп түрдүүлүк баалуулуктарын таануу менен караган маданияттар аралык баарлашуу тажрыйбасына ээ, мамлекеттик кыргыз тилин, расмий орус тилин, ошондой эле англис же ООНдун башка расмий тилдеринин бирин билген Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жаранын калыптандырууга багытталган мамлекеттик билим берүү саясатын иш жүзүнө ашыруу.

    3. Билим берүү сабактарынын мазмунун өркүндөтүү, китептердин мазмундарын Кыргызстан элинин, жалпы рухий дөөлөттөрүнө, биргелешкени тарыхына, маданиятына жана салт-санааларына, биримдигине жана жарандуулукка өзгөчө көңүл бөлүү менен кайрадан карап чыгуу.

    4. Педагогдорду жана билим берүү системасынын менеджерлерин даярдоо, кайра даярдоо, аларды квалификациясын жогорулатуу системасында жарандык билим берүү, адам укугу жагында билим берүү компонентин кеңейтүү.

    5. Кыргызстандын интеллигенциясынын жаңы муунун калыптандырууда дүйнөлүк өнүгүүнүн азыркы тенденцияларын, өлкөнүн маданий көп түрдүүлүгүн, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен шарттарды түзүү.

    6. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын үйрөнүүнү тереңдетүү, тарых жана башка гуманитардык илимдери мындан ары өнүктүрүү7.

    7. Этностор аралык мамилелер жаатындагы маселелерди өз убагында көрө билүүгө өбөлгө болгон илимий-изилдөө иштерин колдоо.

    8. Мектепте билим берүүнүн региондук компонентин пайдалануу жана этностук, региондук өзгөчөлүктөрдү, глобалдык жана жергиликтүү процесстердин өз ара байланыштарын эске алуу менен аймак таануу сабагын киргизүү.

    9. Жаңы технологияларды пайдалануу менен музей фонддорунун, биринчи кезекте Мамлекеттик тарых музейинин экспозицияларын жаңылоо жана модернизациялоо, региондордун маданий көп түрдүүлүгүн эске алуу менен жер-жерлерде жаңы этнографиялык, аймак таануу музейлерин түзүү.

    10. Кыргызстанда иштеп жаткан маданият жана көркөм өнөр мекемелерин, анын ичинде мамлекеттик, региондук театрларды ар түрдүү маданияттын адамдарынын диалогу жана кызматташуусу, өзгө пикирлерге карата толеранттуулук идеяларын жайылтуу үчүн пайдаланууну кеңейтүү.

    11. Этнографиялык жана маданий-таануучулук туризмди өнүктүрүү, этностор аралык жана региондор аралык тажрыйбаларды алмашуу боюнча иш- чараларды өткөрүүдө ден-соолукту чыңдоочу жана рекреациялык зоналардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

    12. Коомду баш коштуруу максатындагы спартакиадаларды, спорттук иш чараларды өткөрүү, спорттун бириктирүүчү мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну кеңейтүү.

    13. Биримдикти, өлкө үчүн сыймыктануу сезимин даңазалаган символдорду жана продуктарды түзүү жана жайылтуу, ошондой эле өлкөнүн эл аралык айдыңдагы позитивдүү имиджин алга илгерилетүү.

    14. Көп тилдүү, билимдүү, инновацияга жана байланыштарга ачык болгон “Кыргыз жаранынын” келбетин даңазалоо үчүн кинематография ж.б. көркөм өнөрдүн заманбап башка формаларынын каражаттарын колдонуу.

    15. Өлкөдөгү этностор аралык кырдаалды буза турган материалдардын ЖМКларда жарыяланышына жол бербөө максатында укуктук таасир көрсөтүү механизмдерди өнүктүрүү.

    16. Өз алдынча жөнгө салуу механизмдерин өнүктүрүү, журналисттердин жана алардын кесиптик бирикмелеринин позицияларын калыптандыруу аркылуу этностор аралык маселелерди чагылдыруу боюнча ЖМКлардын тең салмактуу редакциялык саясатын түзүү.

    17. Этностор аралык мамилелерди жөнгө салуунун мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруу маселелерин чагылдырган ЖМКлар, журналисттер үчүн дем берүүчү сыйлоо системасын калыптандыруу, жарандык биримдикти, маданий көп түрдүүлүктү жана ынтымакты даңазалоо боюнча медиа долбоорлорго колдоо көрсөтүү.

    18. ЖМКда этностук жамааттардын жашоосун, маданияттардын өнүгүүсүн жана өз ара таасирин системалуу калыс чагылдыруу, толеранттуулук жана жалпы жарандык дөөлөттөр идеяларын алга жылдыруу.

    19. ЖМКларды азчылыктардын тилдеринде, анын ичинде мамлекеттик колдоо астында чыгаруу.

    20. Интернет сегментинин позитивдүү маалыматтык контентин өнүктүрүү, Интернетте ксенофобияны, экстремизмди, турмуш-тиричиликтеги улутчулдуктун бардык түрлөрүн пропагандалаган материалдардын чыгышына терс мамилени калыптандыруу.



КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР, АЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БАА БЕРҮҮ

Өлкөнүн биримдигине жетишүү, этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү бардык мамлекеттик органдардан жана ар бир жарандан олуттуу күч-аракеттерди талап кылат. Биргелешкен иш-аракеттер жалпы жарандык бирдейликти калыптандырууга кедерги болгон факторлорду жоюуга, социалдык жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн механизмдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Албетте, бирдиктүү жарандык улутту калыптандыруу – бул эң оболу кыргыздарга карата олуттуу чакырык, анткени мындай мамиле кылууда Кыргызстандын жарандары улуттук мамлекет катары ага этностук эмес, саясый негизде ага карата өз таандыктыгын жана лоялдуулугун аныктайт.

Этностук жана тилдик бөгөттөрдү аныгында жоюу, коомдо толеранттуулукту калыптандыруу бардык тараптар ишенимдүүлүктү жана корголгондугун сезген жагдайда гана мүмкүн болот. Өлкөнүн бардык жарандары үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө ишеним маанилүү.

Концепцияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу жана коюлган максаттарга жетишүү учурдагы абалга калыс баа берүүгө, базалык көрсөткүчтөргө жана өлчөнүүчү натыйжаларды аныктоого негизделүүгө тийиш.

Концепцияны жүзөгө ашыруу төмөнкү натыйжаларга алып келүүгө тийиш:



  1. Коомдук-саясый жана экономикалык турмушка катышууда ар кандай этностордун өкүлдөрүнүн ортосунда социалдык ажырым жана айырмачылыктар кыскарат, бирдиктүү социомаданий мейкиндик түзүлөт.

  2. Мамлекеттик кыргыз тилин, расмий орус тилин, ошондой эле англис же ООНдун башка расмий тилдеринин бирин билген жарандардын саны көбөйөт.

  3. Ар кандай этностордун өкүлү болгон Кыргызстандын тургундарынын басымдуу бөлүгү өз өлкөсү менен сыймыктанат, көп улуттуу элдин биримдигин чыңдайт.

Концепцияда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн аны жүзөгө ашыруу боюнча 2017-жылга чейинки мезгилге эсептелингенине биринчи кезектеги Иш-аракеттердин планы иштелип чыкты.

Концепцияда аныкталган милдеттер улуттук, ведомстволук, аймактык стратегиялык жана программалык документтерге приоритеттүү чараларды киргизүүлөр аркылуу ишке ашырылат.

Пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн жарандык коомдун катышуусу менен мониторинг жана баа берүү механизми иштелип чыгат. Мониторинг жана баа берүүнүн натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма чагылдырылып турат.

Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Концепцияны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилет, Концепциянын Иш-аракеттеринин планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча чечим кабыл алынат.


Тобокелдиктер жана коркунучтар, ресурстук жактан камсыз кылуу


Концепциянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүнө таасир этүүчү обьективдүү жана субьективдүү факторлор бар. Тобокелдиктерди азайтуу жана аны ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерге баа берүү зарыл. Мындай факторлордун арасында төмөнкүлөрдү белгилөө керек:

- ченемдик-укуктук базадагы кемчиликтер;

- Концепцияны ишке ашырууда жооптуу мекемелердин жана башка өнөктөрдүн дараметинин жетишсиздиги;

- Концепцияны ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарынын жетишсиздиги.

Жогоруда аталган коркунучтарды болтурбоо же жоюу максатында алардын пайда болушуна жараша аракеттерди жана чараларды көрүү болжолдонот.

Концепцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан алардын тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин алкагында чыгымдардын статьялары каралат.



Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин алкагында чыгымдардын статьяларын кароо, ошондой эле Концепцияны ишке ашыруу үчүн бюджеттен тышкары кошумча каржылоо булактарын тартуу боюнча чараларды көрүү сунушталат.

КЫСКАРТУУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ


КЭА Кыргызстан элинин Ассамблеясы

ЖОЖ Жогорку окуу жайы

«Казтест» Казакстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Казакстан Республикасынын жана чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасы

КР Кыргыз Республикасы

КР БжИМ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ЖӨБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу

КР УСК Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

КР КЖК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси

КР ПЖ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

ЖМК жалпыга маалымдоо каражаттары

СССР Советтик Социалисттик Республикалар Союзу

TOEFL чет тил предмети катары англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу эл аралык экзамен (Test of English as a Foreign Language)

ТИРКЕМЕЛЕР
1-тиркеме. Көз карандысыздык жылдарында ири этностук жамааттардынн санынын өзгөрүшү 8




Саны

%

Жыл башына карата УСК маалыматы

1989-ж.

2009-ж.

1989-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Бардык калк

4 257 755

5 362 793

100

100

5 418 299

5 477 620

5 551 888

Кыргыздар

2 229 663

3 804 788

52,4

71

3 860 549

3 928 796

4 006 009

Өзбектер

550 096

768 405

12,9

14,3

780 583

785 977

796 291

Орустар

916 558

419 583

21.5

7,8

407 981

394 680

381 562

Украиндер

108 027

21 924

2,5

0,4

20 176

18 433

16 657

Дунгандар

36 928

58 409

0,9

1,1

58 914

59 994

61 372

Уйгурлар

36 779

48 543

0,9

0,9

49 179

49 721

50 346

Тажиктер

33 518

46 686

0,8

0,9

48 86

47 325

  1. 33

2-тиркеме. Өлкөдөн чыгып кеткендердин улуттар боюнча саны, жылдар боюнча (жыл жыйынтыгы боюнча)9





1990-ж.

1995-ж.

2000-ж.

2005-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Бардык калк

82 852

37 302

27 887

30 741

54 531

45 740

13019

Кыргыздар

4 765

1 654

1 396

6 296

21 347

17 711

4070

Өзбектер

7 982

3 010

1 239

1 929

13 132

8 751

1063

Орустар

32 893

18 718

17 485

15 272

12 697

12 834

5395

Украиндер

4 484

2 472

2 136

1 585

1 129

1 134

450

Дунгандар

241

130

128

449

621

412

181

Уйгурлар

509

230

141

232

618

572

188

Тажиктер

698

182

172

94

368

336

51


3-тиркеме. Кыргыздардын, өзбектердин жана орустардын санынын жылдар боюнча өзгөрүү божомолу10




2009-ж.

2015-ж

2020-ж.

2025-ж.

2030-ж.

миң адам

%

миң адам

%

миң адам

%

миң адам

%

миң адам

%

Бардык калк

5363

100

5688

100

5959

100

6186

100

6363

100

Кыргыздар

3805

70,9

4104

72,2

4365

73,3

4595

74,3

4789

75,3

Өзбектер

768

14,3

828

14,6

879

14,8

923

14,9

959

15,1

Орустар

420

7,8

367

6,5

308

5,2

249

4,0

193

3,0

Башкалар

370

6,9

389

6,8

407

6,8

419

6,8

422

6,6

4-тиркеме. Эне тилин жана экинчи тилди билген Кыргызстандын жарандарынын саны боюнча маалымат11




Эне тили

Экинчи тилди билгендер

Бардыгы

5 362 793

100%

2 538 811

100%

Кыргыз

3 830 556

71,4%

271 187

10,7%

Өзбек

772 561

14,4%

97 753

3,9%

Орус

482 252

9%

2 109 393

83%

Англис

-

-

28 408

1,1%

Башка

277 424

5,2%

32 070

1,3%



1 Бул Концепцияда колдонулган «улут» деген термин социалдык-саясый жамааттык түшүнүк же «мамлекет» деген сөздүн синоними (мисалы, «Бириккен Улуттар Уюму», «Улуттук илимдер академиясы» ж.б.) катары колдонулат. «Этностор аралык мамилелер» деген түшүнүк бир мамлекеттин ичинде жашаган ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн өз ара мамилелерин белгилөө үчүн колдонулат.


2 УСКнын калкты жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча маалыматы. 2009-ж. II Китеп 1 бөлүк «Кыргызстандын калкы». Бишкек, 2010-ж., 320-330-беттер. УСКнын сайты: www.stat.kg


3 Кыргызстандын калкы ХХI кылымдын башталышында. М.Б. Денисенконун редакциясы астында. Кыргыз Республикасындагы ООНдун калк Фонду. Бишкек, 2011, 313-б.

4 2004-жылдын январында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Курултайында жактырылган «Кыргыз Республикасынын этностук өнүгүү Концепциясы», 2000 жана 2006-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыккан «Этностук азчылыктар тууралуу», «Этностук өнүгүү тууралуу» мыйзамдардын долбоорлору, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын VII Курултайында жактырылган “Этностук саясат жана коомду баш коштуруу Концепциясынын” долбоору.

5УСКнын калкты жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча маалыматы. 2009-ж. II Китеп 1 бөлүк «Кыргызстандын калкы». Бишкек, 2010-ж., 320-330-беттер. УСКнын сайты www.stat.kg

6 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндө тилдерди колдонуу боюнча абалга байкоо жүргүзүү. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен тил саясатын өркүндөтүү максатында сунуштар. Бишкек, 2011-ж., 11-25-б.

7 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы №18 “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын караңыз.



8 1989,2009-жылдардагы- калкты каттоонун маалыматы боюнча, 2010-2012-жылдардагы Кыргыз Республикасынын УСКнын баа берүүсү.

9 УСКнын маалыматы боюнча.

10 Кыргызстандын калкы ХХI кылымдын башталышында. М.Б. Денисенконун редакциясы астында. Кыргыз Республикасындагы калк жагындагы ООНдун Фонду. Бишкек, 2011, 313-б.

11 УСКнын калкты жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча маалыматы. 2009-ж. II Китеп 1 бөлүк «Кыргызстандын калкы». Бишкек, 2010-ж., 118-119-беттер жана 120-122-беттер. УСК сайты: www.stat.kg


«Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө» кыргыз республикасынын мыйзамы

Мыйзам менен Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды ѳстүрүү, ѳндүрүү, алып кирүү жана сатууга тыюу салынып жатат

32.97kb.

25 12 2014
1 стр.


Кыргыз республикасында

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү

393.02kb.

25 12 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды ѳстүрүү, ѳндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна негиздеме

«Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды ѳстүрүү, ѳндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору

40.99kb.

25 12 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет

56.78kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салыштырма таблица

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

69.1kb.

23 09 2014
1 стр.


Президент Роза Отунбаева бир катар кадрдык дайындоолорду жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйг

16.3kb.

01 10 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна Маалымкат-негиздеме

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору акимдин кызмат ордуна дайындоонун тартибин жөнгө сал

35.12kb.

08 10 2014
1 стр.