25-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуунун
шарттары
1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишти аткарууга карама-каршы келбеген чектөөлөрү болбогон Кыргыз Республикасынын граждандары тийиштүү даярдыктан кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүдөй категориялар боюнча берилет:
- 14 кНга чейинки тракторлорду жана өзү жүрүүчү шассини ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- 14 кНдан ашкан тракторлорду ("Б" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- казтамандуу тракторлорду ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- механикалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү машиналарды ("Г" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- тракторлорду, гидравликалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды ("Д" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде экскаваторлорду ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы уруксат берилүүчү белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар адамдарга;
- он алты жашка чыккандарга мотоцикл, мотороллер жана башка мототранспорт каражаттарын башкаруу укугу ("А" категориясы);
- он жети жашка чыккандарга жалпы массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун орундугун эсепке алганда отура турган орундуктарынын саны сегизден артык болбогон автомобилдери башкаруу укугу ("В" категориясы);
- он сегиз жашка чыккандарга жалпы массасы 3500 килограммдан артык болгон жүк ташуучу автомобилдерди башкаруу укугу "Д" категориясын кошпогондо ("С" категориясы);
- жыйырма бир жашка чыккандарга жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугунан башка сегизден ашык отура турган орундугу бар автомобилдерди ("Д" категориясы), ошондой эле троллейбустарды башкаруу укугу;
- "С" же "Д" категориясындагы айдоо күбөлүгү бар аялдарга жүк көтөргүчү жана жүргүнчүлөрдү сыйдыргычтыгы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын профсоюздар Федерациясы тарабынан аялдардын эмгеги үчүн бекитилген ченемдеринен ашпаган жүк ташуучу автомобилдерди же автобустарды башкарууга уруксат берилет;
- "В", "С", "Д" графаларында уруксат белгиси коюлган күбөлүгү жана үзгүлтүксүз бир жылдык эмгек стажы бар айдоочуларга транспорт каражаттардын жогорудагы бардык түрүн башкаруу укугу берилет ("Е" категориясы).
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|

3. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айыппул төлөөгө жарандын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык чектөөгө жатат.».
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|
27-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуу
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык адистик сынактарды ийгиликтүү тапшыргандарга берилет.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү күбөлүк менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочунун улуттук жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарына туура келген эл аралык күбөлүктөрү кызмат өтөйт.
3. Адистик сынактарды тапшыруу жана айдоочунун күбөлүгүн , ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган жол эрежесин бузгандыгы үчүн административдик айыппул төлөөгө жарандын мүмкүнчүлүгү Өкмөт тарабынан бекитилген айдоочу жөнүндө жеке маалыматтар, акыркы 12 айдын ичинде Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айдоочу тарабынан төлөнгөн айыппулдардын саны жана суммасы жөнүндө маалыматтар камтылган 10 эсептик көрсөткүчтөрдүн суммасындагы формада алдын ала акы төлөөнүн банктык жеке эсеби менен далилденүүгө тийиш.».
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|
28-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери деп төмөнкүлөр эсептелет:
- айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөттөн өтүшү;
- медициналык бүтүм менен бекемделген жана транспорт каражаттарын башкаруу коопсуздугуна жолтоо болгон учурдагы айдоочунун ден соолугунун начарлашы;
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышы.
2. Жоопкерчилик чарасы катары транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышына же мындай укукту чектөөгө алып келген укук бузуулардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат.
|
28-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери деп төмөнкүлөр эсептелет:
- айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөттөн өтүшү;
- медициналык бүтүм менен бекемделген жана транспорт каражаттарын башкаруу коопсуздугуна жолтоо болгон учурдагы айдоочунун ден соолугунун начарлашы;
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышы;
- Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айыппулдарды төлөөдө жарандын мүмкүнчүлүгүн далилдеген Өкмөт тарабынан белгиленген сумманы алдын ала төлөөнүн банктык жеке эсебинин жоктугу.