Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу Жобого:

6-пунктта:

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- кыймылсыз мүлк бирдигине мурда катталган укуктар тууралуу маалымат (9-тиркеме)”;

- үчүнчү абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар кошулсун:

“Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме);

- катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме)”;

төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук жок болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет.”;

төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“Катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук бар болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет.”;

7, 8, 9, 10-пункттар тиешелүү түрдө 9, 10, 11, 12-пункттар деп эсептелсин;

- 17-пунктун экинчи абзацындагы “жер үлүштөрүнө, айыл чарбалык арналыштагы жерлерге” деген сөздөр “кыймылсыз мүлк бирдиктерине” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “буга кыймылсыз мүлк менен бүтүм жасоо кирбейт” деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

- 20-пункт экинчи сүйлөмдөн кийин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Маалымат берүү тууралуу суроо-талап жалпы бөлүм аркылуу түшкөндө (почта боюнча) суроо-талап жалпы бөлүмдүн түшкөн документтер журналына катталат жана документтерди кабыл алуу жана берүү залына документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиске кечиктирилбестен берилет.”;

- 23-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- көрсөтүлгөн токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын;

- 4-тиркеме “Кыймылсыз мүлктүн түрү ______________________” деген сөздөрдөн кийин “жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө


укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан жүргүзүлдү ________________________________________________

укукту (толук, алдын ала) мамлекеттик каттоо” деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

“Көчүрмө ал берилген учурдагы кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана чектөөлөр тууралуу маалыматтарды чагылдырат.”;



  • “Каттоочу _____________________________ каттоочунун колу

__________________Каттоочунун аты-жөнү________________” деген сөздөрдөн кийин “күнү жана убактысы, (сааты, мүнөтү).” деген сөздөр менен толукталсын.

- “Кыймылсыз мүлккө менчик укугу тууралуу таржымал” таблицасынын “Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү” графасы “убактысы, (саат, мүнөтү).” деген сөздөр менен толукталсын;

- “Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө таржымал” таблицасынын “Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү” графасы “убактысы, (саат, мүнөтү).” деген сөздөр менен толукталсын;

- “Кыймылсыз мүлк бирдигине татаалдыктардын (чектөөлөрдүн) жоктугу же бардыгы жөнүндө таржымал” таблицасынын “Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү” графасы “убактысы, (саат, мүнөтү).” деген сөздөр менен толукталсын.

- 7-тиркемеде “катталган укук тууралуу маалымкат” деген сөздөр алып салынсын.

- төмөнкүдөй редакциядагы 9-тиркеме менен толукталсын:

9-тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укуктун

таржымалы
20___-жылдын __________________
____________________________________________________________

(жеке жактын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан юридикалык

____________________________________________ берилди.

жактын толук аталышы)

Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду _________________

_________________________________________________________________

Дареги: ______________________ облусу ______________________ району

____________________ айыл округу.

Калктуу конуштун аталышы ________________________________________

_________________________________ көчөсү, №______, №______ кв.

Кыймылсыз мүлктүн түрү __________________________________________

Колдонуу түрү ____________________________________________________

Максаттуу дайындалышы __________________________________________

Кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугу тууралуу таржымал






Менчик ээси (Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)

Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы

Токтотулган датасы

Үлүш

Жалпы биргелешкен/жалпы үлүштүк/жеке менчик

Кыймылсыз мүлк бирдигине укукту ырастоочу документтер





















Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө таржымал






Пайда алууга укуку

Пайда алууга укукту ырастоочу бенефициардык документ

Кыймылсыз мүлктүн чектөө салынган бирдигинин идентификациялык коду

Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы

Токтотулган датасы


















Кыймылсыз мүлк бирдигине татаалдыктардын (чектөөлөрдүн) жоктугу же бардыгы жөнүндө таржымал






Бенефициардык бирдик же адам

Татаалдыктын (чектөөнүн) түрү

Татаалдыкка (чектөөгө) документ

Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы

Токтотулган датасы



















МО

Жерге жайгаштыруу жана



кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо

башкармалыгынын начальниги __________________ _____________

Начальниктин колу, аты-жөнү

Каттоочу ________________________ ____________________________

Каттоочунун колу, аты-жөнү

- төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-тиркемелер менен толукталсын:

10-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз

мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат


20___-жылдын _________________________ 00:00

_________________________________________________________ берилет,

арыз ээсинин аты-жөнү (келишим кат боюнча болсо астын сызуу керек)
анын Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтарына ылайык ____________________________________________

(аты-жөнү/аталышы)


наамына Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган эмес.

Адис ___________________ ______________________

колу аты-жөнү
М.О.

11-тиркеме


Катталган укуктар тууралуу маалымкат
20___-жылдын _________________________ 00:00

_________________________________________________________ берилет,

арыз ээсинин аты-жөнү (келишим кат боюнча болсо астын сызуу керек)
анын Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары ылайык ____________________________________________

(менчик ээсинин аты-жөнү/аталышы)


наамына Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган:


КМБ коду

Дареги

Колдонуу формасы

Катталган датасы

Токтотулган датасы































Адис ___________________ ______________________

колу аты-жөнү
М.О.”

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.



Премьер-министр

МККнын төрагасы Э.Сапарбаев 2012-ж. ____________



Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

71.38kb.

15 10 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар көрүлүүдө

«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

38.84kb.

16 12 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет

56.78kb.

16 12 2014
1 стр.


Регламент «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын № токтомунун тиркемеси

1609.31kb.

15 10 2014
7 стр.


Президент Роза Отунбаева бир катар кадрдык дайындоолорду жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйг

16.3kb.

01 10 2014
1 стр.


Музыкалык чыгармаларды аткаруу учурунда фонограммаларды пайдаланууну чектөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2011-жылдын 13-октябры, №22465) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын

50.54kb.

14 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 11 июлундагы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугуну

51.99kb.

23 09 2014
1 стр.