2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар көрүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 2010-жылдын
27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чараларды көрүүдө.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декретин ишке ашыруу жана республиканын мамлекеттик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларынын жүрүшүнө дайыма көзөмөл жүргүзүү максатында Республикалык штаб ишке киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү референдум өткөрүү боюнча жол-жоболорду жөнгө салуучу бир катар актыларды кабыл алган:
- «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 19 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы
№ 37 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы
№ 40 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы № 52 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декретине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 53 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
10-июнундагы № 63 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы
№ 40 Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 64 Декрети;
- «Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 72 Декрети.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерин ишке ашыруу максатында Убактылуу Өкмөттүн төмөнкүдөй токтомдору жана тескемелери иштеп чыгарылган жана кабыл алынган:
- «Кыргыз Республикасынын референдумун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча графикти бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги
№ 13 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун талкуулоону жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 19 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги
№ 22 токтому;
- «А.А.Сариевди Кыргыз Республикасынын Убактылуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагалыгына дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 23 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декретин ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 30-апрелиндеги № 26 токтому;
- «Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги
№ 29 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
19-апрелиндеги № 3-т Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоорунун текстин редакциялоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарынын 2010-жылдын 28-апрелиндеги № 4-т конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан Конституциянын долбоорун талкуулоо графиги жөнүндө тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
15-майындагы № 5-т Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун текстин редакциялоо боюнча комиссиянын курамына мүчөлөрдү кошума киргизүү жөнүндө тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
26-майындагы № 7-т референдум жөнүндө түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар тууралуу тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
2-июнундагы № 8-т «Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декретин ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 26 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын Иш планын бекитүү жөнүндө тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
12-июнундагы № 443 референдумга даярдык көрүү үчүн зарыл болгон товарларды сатып алуу жөнүндө тескемеси.