Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо


  1. Жалпы жоболор



  1. Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепцияны ишке ашыруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңешме орган болуп саналат.

2. Координациялык кеңештин курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет.

3. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.

4. Координациялык кеңештин иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
2. Координациялык кеңештин иштөө принциптери
5. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдүн негизинде ишин жүргүзөт:

- өзүнүн жыйындарында Концепцияны аткаруу боюнча маселелерди коллегиалдык, эркин жана калыс талкуулоонун;

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, ошондой эле башка органдардын кызматташуусунун;

- кабыл алынган чечимдер үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигинин.


3. Координациялык кеңештин максаттары, милдеттери жана функциялары
6. Координациялык кеңештин ишинин негизги максаттары болуп министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын Концепцияны аткаруу боюнча ишин контролдоо жана координациялоо болуп саналат.

7. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын макулдашылган иш-аракеттерин координациялоо жана иштеп чыгуу, Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планына ылайык ыкчам ведомстволор аралык жана региондор аралык өз ара аракеттенүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу саналат.

8. Координациялык кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык:

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат жана бекитет;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепцияны аткаруу маселелери боюнча ишин координациялайт;

- мезгил-мезгили менен (жылына кеминде эки жолу) өзүнүн жыйындарында мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторун угат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарын киргизет;

- Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында адистердин, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, илимий кызматкерлердин жана башка көз карандысыз эксперттердин ичинен жумушчу топторду түзөт;

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен берилүүчү материалдык жана финансылык ресурстарды жана тартылган ички жана финансылык каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу маселелерин карайт;

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери боюнча теле жана радиопрограммаларды даярдоону уюштурат;

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт.

9. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Координациялык кеңештин Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдерин аткарууну талап кылууга;

- Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматтарын угууга;

- Координациялык кеңештин мүчөлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоону, текшерүүнү камсыз кылат жана мониторинг жүргүзөт;

- Координациялык кеңештин жана Концепцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планынын максаттарын жана маселелерин ишке ашыруу үчүн Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин зарыл учурда белгиленген тартипте тартууга.


4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
10. Координациялык кеңештин төрагасынын эки орун басары жана жооптуу катчысы болот.

11. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, иш планына ылайык өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйынын Координациялык кеңештин төрагасы алып барат.

12. Координациялык кеңештин чечимдери ачык добуш берүү, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынына катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат, протоколдор менен таризделет, аларга Координациялык кеңештин төрагасы кол коет жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

13. Координациялык кеңештин чечими ага катышкан мүчөлөрдүн жарымынан көбү добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык кеңештин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.


5. Координациялык кеңештин жумушчу органы
16. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин аппараты саналат, анын милдеттерине Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу, Координациялык кеңештин жыйынына документтерди даярдоо, маалыматтык-талдоо жүргүзүү материалдары менен камсыз кылуу, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин чечимдерин тариздөө жана аткарылышын контролдоо кирет.
6. Координациялык кеңештин ишинин токтотулушу
17. Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун негизинде өз ишин токтотот.

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо

Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян

48.3kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга

850.2kb.

16 12 2014
5 стр.


2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар көрүлүүдө

«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

38.84kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу

Спубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И. Исаков тарабынан демилге кылынган (2012-жылдын 18-январындагы №1011485) “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ко

19.44kb.

14 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине кыргыз республикасын туруктуу өНҮКТҮРҮҮНҮн улуттук стратегиясы

Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ

2665.64kb.

14 12 2014
21 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

71.38kb.

15 10 2014
1 стр.


Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер болгон абитуриенттерге жалпы республикалык тест жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин чечими

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер болгон абитуриенттерге жалпы республика

75.01kb.

25 12 2014
1 стр.