Перейти на главную страницу
1.2. Апрель революциясынан кийинки үмүттөр жана
1.3. Жалпы улуттук өнүгүү долбоору – стратегиялык алдын-ала көрө билүү
1.4. Жаратмандыктын беш жылдыгы (2013-2017-жылдар): мамлекет катары калыптануу жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негиздерин түптөө
2-глава. УКУКТУК МАМЛЕКЕТТИ ТҮЗҮҮ ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ
2.1. Кыргызстанда укуктук мамлекетти куруунун базалык шарты катары укуктук системаны чыңдоо
2.2. Конституциянын жана мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу, алардын потенциалын жүзөгө ашыруу
2.3. Мыйзамды урматтоо жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу
2.4. Эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылуу
2.5. Коррупцияга каршы туруу
2.6. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачыктыгын камсыз кылуу. Жарандык коом менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө
2.7. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү
2.8. Сот органдарын реформалоо, алардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу
2.9. Укук коргоо органдарын реформалоо, алардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу
2.10. Улуттук коопсуздуктун комплекстүү системасын түзүү
2.11. Аскердик коопсуздукту камсыз кылуу
2.12. Тышкы саясатты жаңыча түшүнүү
3-глава. ЭЛДИН БИРИМДИГИ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ САКТООНУН ЖАНА ИЙГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮНҮН ШАРТЫ КАТАРЫ
3.1. Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо
3.2. Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу
3.3. Сөз эркиндигин камсыз кылуу жана мамлекеттик маалыматтык саясатты калыптандыруу
4-глава. Социалдык милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү
4.1. Билим берүү системасын жана илимди реформалоо
4.2. Саламаттыкты сактоону реформалоо
4.3. Калкты социалдык жактан коргоонун жана пенсия менен камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу
4.4. Маданий чөйрөнү калыптандыруу, спортту өнүктүрүү жана жаштар демилгелерин колдоо
4.5. Үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу
5.2. Бөөдө кырсыктардын тобокелин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу
7.1. Монетардык саясат
7.2. Фискалдык саясат жана мамлекеттик карызды башкаруу
7.3. Тышкы экономикалык саясат
8.2. Салык жана бажы саясаты
8.3. Инвестициялык саясат
8.4. Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү
8.5. Мамлекеттик активдерди башкаруу жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ)
8.6. Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү
9.1. Банк сектору
9.2. “Узак мөөнөттүү акча” табуу долбоору
9.3. Микрофинансылоо
9.4. Камсыздандыруу ишмердүүлүгү
9.5. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор
9.6. Баалуу кагаздар рыногу
9-ГЛАВА. ЭКОНОМИКАНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ТАРМАКТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ
10.1. Агроөнөржай сектору
10.2. Энергетика
10.3. Кен казып алуу
10.4. Транспорт жана коммуникациялар
10.5. Туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясы
Кыргызстандын жаңы тарыхында мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, өз экономикасын түзүүгө жана улуттук маданиятты кайра жаратууга алгачкы кадамдар ХХ кылымда мурдагы Советтер Союзунун курамында жасалган. Элибиз совет мезгилинин учурунда көптөгөн өнүгүүгө жетишкен, бирок ал заман кайра кайтпас болуп кетти.
90-жылдарда Кыргызстанда мамлекеттин бардык негизги институттары түзүлгөн. Биздин өлкөбүз көптөгөн ири эл аралык уюмдардын иш-аракеттерине катышат.
Ошону менен бирге соңку мезгилге чейин жүргүзүлүп келген саясаттын ыраатсыздыгы көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар мурдагыдай эле Кыргызстанды “өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз” мамлекеттердин катарына кошуусуна алып келди. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнүн келечеги күмөн саноону жаратууда.
Кыргызстан тез өнүгүп бараткан жаңы дүйнөдө өз ордун табууга тийиш. Мурдагы СССР ыдырагандан кийинки жыйырма жылда Кыргызстандын эли “эптеп жан багуу” мезгилинде жашады жана көп жагынан бул “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр” мезгили катары бааланып келген. Кырдаалды жакшыртууга, анын ичинде донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын олуттуу колдоосу менен жакшыртууга бир жолу аракеттер жасалган (“Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери” программасы (2001-ж.), “Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясы” (2003-ж.), “Жаңы экономикалык саясат” (2009-ж.), өнүгүүнүн көп сандаган тармактык программалары). Бирок, өлкөнү алгачкы эки президенти башкарган мезгилде мамлекетти башкаруунун натыйжасыздыгынан, коррупциядан, ошондой эле айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн криминалдашуусунан улам алар өлкөнү өнүктүрүүгө жетиштүү өлчөмдө дурус түрткү бере алган эмес жана кыйла даражада максатына жеткен жок.
Мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгы жана максатка багытталбагандыгы экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн жок. Мунун кесепетинен СССРдин мурдагы көп башка республикаларынан айырмаланып, Кыргызстан 20 жылдын ичинде дүйнөлүк экономикалык процесстерде өзүнүн татыктуу ордун таба алган жок. Кыргызстандын экономикасы өз алдынча, ал тургай борбордук-азия регионунун же КМШнын ажырагыс бөлүгү боло албады.
Апрель революциясына чейин эле эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча Кыргызстан 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШдагы эң кедей мамлекеттердин бири болгон. Бүтүндөй калктын 32%га жакыны же 1,7 млн. ашуун адам кедейликтин чегинен төмөн жашаган, алардын ичинен 76%ы айыл жеринде жашаган; расмий баа берүүлөр боюнча жумушсуздук деңгээли 8%дан ашып кеткен, расмий эмес баа берүүлөр боюнча ал 14-16%га жакынды түзгөн.
Жогоруда саналган, ошондой эле көптөгөн башка факторлор жакынкы мезгилге чейин колдонулуп келген мамлекеттик башкаруу системасы мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга жөндөмсүз экендигин тастыктап турат.
Ошону менен бирге узак мезгил бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн абалы жана өлкөнүн келечеги жөнүндө олуттуу тыянак чыгарылган эмес. Андан да мыйзамдуулуктун жоктугунан, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү, региондук саясаттагы, этностор аралык мамилелердеги чечилбеген көйгөйлөрдөн улам кыйратуучу тенденциялар күч алган.
Март (2005-жыл) революциясынан кийин күтүлгөн дурус өзгөрүүлөр акталган жок, бул 2010-жылы апрелде кайрадан элдик революцияга жана бийликти алмаштырууга алып келди.
1.2. Апрель революциясынан кийинки үмүттөр жана
чындык
Жаңы Конституцияны кабыл алуу, ошондой эле көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2010- жана 2011-жылдары эркин демократиялык шайлоолор жарандардын адилеттүүлүккө жана татыктуу жашоого болгон үмүтүн кайра жаратты.
Ошол эле учурда 2011- жана 2012-жылдары камсыз кылынган туруктуулук анча жетиштүү болбой калды. Жалпы эле өлкөдө ички саясый кырдаалды, анын ичинде тышкы күчтөр тарабынан курчутуу ыктымалдуулугу али жоюла элек. Мамлекет жана өлкөнүн ичинде болуп жаткан процесстер тыштан болгон таасирге дагы деле туруштук бере албайт. Өнүгүүнүн жеке өзүнүн стратегиялык долбоорунун жоктугу, өлкөнүн тышкы долбоорлордун мүмкүн болуучу терс таасирлерине көз карандылыгы дале жогору бойдон калууда.
Коомдун кыйла бөлүгү көңүл чөгүү абалында калып, анын интеллектуалдык курамы соңку жыйырма жылдын ичинде кыйла жукарып кетти. Коомдук-саясый жана кесипкөй элитаны жаратуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу механизмдери жок.
Кыргызстандын укуктук системасы учурдун талаптарына жана чакырыктарына төп келбейт. Анын мындай абалы коомдо, ошондой эле мамлекеттин институттарынын өзүндө укуктук нигилизмди пайда кылды.
Ушул мезгилге чейин мамлекеттик башкаруу өткөөл мезгилде турат. Көп сандаган реформалардын натыйжасында башкаруунун формасы өзгөргөн, бирок мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөө, чечимдерди кабыл алуу жана аларды аткаруу ыкмалары мурдагы бойдон калууда. Мамлекеттик бийлик органдарынын ортосунда туруктуу карым-катнаш жок. Көп учурда чечимдерди иштеп чыгуу тармактык жана корпорациялык тар мүдөөлөргө негизделет, чечимдер кыска мөөнөттүү мүнөздө болот.
Мамлекеттик башкаруу системасы вертикаль жана горизонтал боюнча да иштебей калып жатат. Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы карым-катнаш начар жана натыйжасыз бойдон калууда. Облустук жана райондук деңгээлде бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бүдөмүк, аларды жүзөгө ашыруунун реалдуу механизмдери менен бекемделген эмес. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгүнүн ресурстары чектелүү, бул аларга өз функцияларын жана милдеттенмелерин толук өлчөмүндө аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Соңку мезгилде калыптанган чечимдерди иштеп чыгуунун жалпы аянтчалары анча натыйжалуу эмес, бул мамлекеттик деңгээлде милдеттерди чечүүдө бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Коомдо Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн жалпы улуттук стратегиялык долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө бирдиктүү позиция калыптанып калды. Муну менен бирге коомдук-саясый, экономикалык, социалдык, идеологиялык, региондук жана этностор аралык кыйла курч маселелерди чечүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо милдеттери менен ажырагыс байланышкан.
Экономикалык өсүш темпинин туруксуздугу, социалдык саясаттын так эместиги жыйырма жылдын ичинде өлкө аң-сезимдүүлүк менен тандап алган, элдин басымдуу көпчүлүгү колдогон багыт калыптанбагандыгын айкын далилдеп турат. Эгемендүү мамлекет жашап турган мезгилдин ичинде биз кандай өлкөнү курушубуз керек экендиги, Кыргызстандын келечеги кандай боло тургандыгы жөнүндө жалпы бир пикирге келе элекпиз.
Өлкө мындан ары эл колдоого алган так аныкталган максаттуу багыттарсыз өнүгө албайт, коом калктын көпчүлүгү колдоого алган дөөлөттөрсүз туруктуу боло албайт, бүгүнкү күндө Кыргызстан келечекти алдын-ала көрө билүүнү чагылдырган, беш жылдык мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык документке өтө муктаж болуп турат.
Кыргызстандыктардын дүйнөгө көз карашы менен табигый түрдө айкалышып жана өлкөнүн өнүгүшүнүн өткөн тарыхый мезгилинде топтолгон билим жана тажрыйбаны пайдаланууга жол ачкан максатты аныктоо маанилүү. Максатка карай илгерилөө жигердүү кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгүнө түшүнүктүү жана пайдалуу болууга тийиш, алардын жеке жана корпорациялык пландары жана таламдары менен айкалышып жана ал пландарды жүзөгө ашырууга жардам бериши керек.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш өлкөнүн келечегине болгон өзүнүн көрө билүүсүн сунуш кылып, ишмердиктин башкы багыттарын жана артыкчылыктарын белгилейт, ал өкмөттөр алмашкан учурда да өзгөрүүсүз калууга тийиш. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык Улуттук стратегиясы өлкөнү саясый, экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиленген, өлкөнүн саясый туруктуулугунун жаңы форматында иштелип чыккан биринчи мамлекеттик документ болуп саналат.
Стратегияда каралган саясаттын ар кандай чөйрөлөрүндөгү чаралар, ошондой эле ачык-айкын аракеттер аларды бюджет процесси менен айкалыштырууну жана зарыл болгон финансылык жана башка ресурстар менен камсыз кылууну талап кылат. Биз куру кыялдарга таянбастан, ишке аша турган пландарды түзүшүбүз керек. Кандайдыр-бир бөтөн үлгүлөрдү көчүрүп алуунун же дагы кимдир-бирөөнүн көчүрмөсү болуунун зарылчылыгы жок. Биз Кыргызстан гана болуп, өнүгүүдө өз жолубузду таап жана жеке өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөргө гана таяна алабыз.
Туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы орто мөөнөттүү мезгилде өнүгүүнүн тышкы жана ички тобокелдиктерине карата алдын-алуу чечимдерин иштеп чыгуу жана узак мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүктүрүүнүн негиздерди калыптандыруу үчүн багыт болуп калууга тийиш.
Өлкөнүн келечегин стратегиялык жактан көрө билүү орто мөөнөттүү программалардын чегинде долбоорлорду жана пландарды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, алар өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтөт. Орто мөөнөттүү программаларды узак мөөнөттүү максаттар менен айкалыштыруу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнү дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоого жардам берет. Бул Стратегия жаңы өлкөнү куруу жолу боюнча мамлекеттик бийликтин жана коомдун алга карай биргелешкен илгерилөө багытын көрсөтүүгө чакырылган.
Жакынкы беш жылда Кыргызстан мамлекет катары калыптанып, ал эми коом – ийгиликтүү өнүгүү ишенимине ээ болушу керек. Бул эгерде мамлекет жана коом Стратегияны жүзөгө ашыруунун чегинде өз күч-аракеттерин үч милдеттүү шартты жүзөгө ашырууга топтогондо гана мүмкүн болот – ал:
2012-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин алкагында улуттук коопсуздук, тышкы саясат, мыйзамдуулукту, адам укуктарын камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, этностор аралык, региондор аралык, диний маселелерди чечүү, мамлекеттик башкаруу жана натыйжалуу мамлекеттик кызматтын ишке жөндөмдүү системасын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө бир, катар стратегиялык документтерди (концепциялар, программалар, доктриналар ж.б.) иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга киришти.
Бул иш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине негизденет жана мыйзамдардын системасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларында чагылдырылат.
Ушул Стратегиядан келип чыгуучу иштелип жаткан стратегиялык документтер жалпы алганда алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн ыкмаларын, багыттарын жана этаптарын көрсөтүү менен жакынкы жылдарга мамлекеттик курулуштун планына айланат. Стратегияны жүзөгө ашырууга бардык мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, бардык жигердүү кыргызстандыктарды тартуу керек.
Өлкөнүн коомдук-саясый жана кесипкөй элитасы жеке мүмкүнчүлүктөргө таянбасак, укуктун үстөмдүгүн, мыйзамдуулукту камсыз кылмайынча жана биримдикке жетишмейинче өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө жана жарандардын татыктуу жашоо деңгээлине жете албастыгыбызды аңдап-түшүнүүсү керек.
2-глава. УКУКТУК МАМЛЕКЕТТИ ТҮЗҮҮ ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ
2.1. Кыргызстанда укуктук мамлекетти куруунун базалык шарты катары укуктук системаны чыңдоо
Кыргызстандын укуктук системасы жалпысынан анын бардык элементтеринде (ченемдик база мамлекеттик жана мамлекеттик эмес укуктук мекемелердин жыйындысы жана укуктук идеялардын жана көзкараштардын жыйындысы (укуктук маданият, укуктук идеология, укуктук илим) азыркы талаптарга жана чакырыктарга шайкеш келбейт.
Ченемдик база тең салмаксыздыгы жана системалуу эместиги (ички карама-каршылыгы),тиешелүү негизи жок айрым топтордун көз ирмемчелик кызыкчылыгынан келип чыккан перманенттүү өзгөргүчтүгү менен мүнөздөлөт.
Мындай ченемдик база мамлекеттик, анын ичинде жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик эмес юридикалык мекемелердин (коомдук кесипкөй уюмдардын жана жарандардын) иштерин бүлүндүрөт. Карама-каршы келген жана туруктуу эмес мыйзамдардын талаптарын аткаруу мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле карапайым жарандар үчүн да кыйын жана майнапсыз ишке айланат. Мындай шарттарда мыйзамды колдонуучу жана анын аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчылардын арасында ыйгарым укуктарды ашыкча жана аларды кара ниеттик максатта пайдаланууну каалаган башка адамдар үчүн өбөлгөлөр түзүлөт, ал эми жарандарда болсо – мыйзамды жана бийликти ачыктан-ачык сыйлабоо көз карашы пайда болот.
Көрсөтүлгөн кырдаал ченемдерди чыгаруучу органдарда ошондой эле коомдо да укуктук маданияттын начардыгы, илим менен жакшы жөнгө салынган байланыштын жоктугу менен тереңдөөдө. Анын мындай абалы мамлекеттин өзүнүн институттарында укуктук нигилизмди, мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын иштеринде, ошондой эле коомдо, жарандардын жана алардын бирикмелеринин жүрүм-турумдарында мыйзамдуулуктун жоктугун пайда кылат.
Өлкөнүн коомдук, саясый жана экономикалык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту орнотуу туруктуулуктун, мамлекеттин бекемдигинин жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн башкы фактору болуп саналат. Мыйзамдуулуктун жоктугу жана жарандардын мыйзамдуу таламдарын этибарга албай коюу Кыргызстанда эки жолу бийликтин революциялык алмашуусуна алып келди.
Ошондуктан анык укуктук мамлекетти түзүү, мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу мамлекеттик бийликтин бүткүл бутактарынын иштеринин маанилүү багыты болуп калмакчы, ал эми Кыргызстан болсо бул жолдун башталышында гана турат жана түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн кийинки 5 жылга күч-аракеттерди төмөнкүдөй багыттарга топтоо милдети турат:
Укуктук мамлекет бир бүтүн жандуу организм сыяктуу өнүгүшү, андагы бардык системалар шайма-шай жана план ченемдүү иштеши керек. Ар бир реформа – мейли ал саясый, соттук, башкаруу, экономикалык болсун, укуктук кайра түзүүлөрдүн жалпы тизмегинин бир чынжыры болуп калууга, башкача айтканда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү бир бүтүн стратегиясына жуурулушуусу керек.
Кыргызстандагы конституциялык реформалардын тажрыйбасы Конституцияда көрсөтүлгөн саясый күчтөрдүн катышы ар бир жолу ачык-айкын, конъюнктуралык экендигин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда өлкөдө коомдук-саясый процесстер ыкчам өнүгүп жатат. Албетте, кечээ эле кашкайган жана табигый нерсе бүгүн анахронизм болуп калышы мүмкүн. Ошентип, Конституцияга шашылыш өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азгырылып кетүү менен биз “конституциялык реформалардын” аягы бүтпөс айлампа жолун улантуу тобокелине кабылабыз. Ошондуктан:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын баркын көтөрүүнүн биринчи даражадагы мааниси бар. Конституциянын айрым жоболорунун натыйжалуу эместиги жөнүндө сындар конституциялык түзүлүштүн туруктуулугуна күмөн санатпоого тийиш. Конституцияга ылайыктуулугу мамлекеттик органдардын бардык аракеттерине жана чечимдерине баа берүүнүн башкы критерийи болууга тийиш.
Конституциялык-укуктук мамилелерди өркүндөтүүдө негизги басымды иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө эмес, дүйнөлүк тажрыйбада кабыл алынган анын принциптерин жана ченемдерин турмуш чындыгынын керектөөлөрүнө карай ийкемдүү өнүктүрүүгө жасоо зарыл.
Конституциянын ар кандай жобосун кайра кароо үчүн өтө олуттуу негиздер болушу керек, демек, андай ар бир кайра кароону өтө кылдаттык менен жасоо зарыл.
Ушундай эле мамиле башка колдонуудагы мыйзамдар менен ченемдик укуктук актыларга карата да жасалышы зарыл. “Оюн эрежелерин” тез-тез алмаштыруу айрыкча инвестициялык кырдаалга терс таасир тийгизип, жашоо-турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү туруктуулукка көмөк көрсөтпөйт, тескерисинче ар кандай бузуулар менен кыянаттыктарга жол ачат.
Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ
14 12 2014
21 стр.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү
25 12 2014
1 стр.
Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга
16 12 2014
5 стр.
Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол
12 09 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.