Перейти на главную страницу
Мыйзамдардагы карама-каршылыктар, анын өзгөрмөлүүлүгү, начардыгы, ошондой эле мамлекеттик, коомдук институттардын коррупциялануусу мыйзамды сыйлабоонун келип чыгышына жакшы өбөлгө түзөт. Жашоонун бардык чөйрөлөрүндө ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу, милдеттерин аткарбоо жана мыйзам талаптарына ачыктан – ачык баш ийбөө байкалат.
Ошону менен бирге тарыхый тажрыйба мыйзамды урматтаган, ал эми мыйзамдуулук жогорку маданий баалуулук катары кабылданган өлкөлөр ушул фактордун эсебинен олуттуу өсүп-өнүгүү ресурстарына ээ болуп жаткандыгын ырастап турат. Мыйзам боюнча жашоо укуктук мамлекетте ийгиликке жетишүүнү ойлогон жарандар үчүн ченем болуп калууга тийиш.
Коомдо укук тартибин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийлик органдары талаш маселелерди чечүүнүн укуктук ыкмаларын иштеп чыгышы жана жигердүү ишке киргизиши, ал маалыматты жарандарга жеткириши зарыл. Бул жаңжалдуу тараптардын жолдорду бууп салуунун, обьекттерди кыйратуунун, башка жарандардын мыйзамдуу укуктарын бузуулардын, оппоненттерге жана бийликке көпчүлүктүн басым жасашынын жардамы менен охлократиялык ыкмаларды пайдалануудан баш тартышына көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Жарандардын укуктук маданиятын жана мыйзамдарга ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында жарандарга укуктук тарбия берүү боюнча төмөнкүлөрдү караган комплекстүү мамлекеттик программаны кабыл алуу зарылчылыгы бышып жетилди:
Кыргызстанда бийлик эл тарабынан шайланууга тийиш. Эл бийлиги ар бир жарандын коомдук турмуштун маанилүү маселелерин чечүүгө, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоонун жана шайлануунун конституциялык укугу аркылуу эркин катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
Демократиялык укуктук мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылуу болуп саналат. Коом жана Кыргызстандын саясый уюмдары бийликке карай жол шайлоо аркылуу гана мүмкүн экендигине көнүшү керек. Таза шайлоо гана гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу Кыргызстанды куруу, өлкөдө акыйкат саясый системаны түзүү үчүн негиз боло алат.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эркин жана атаандаш шайлоо өткөрүү саясый атаандаштыктын күчөшүнө алып келди. Бул улам барган сайын шайлоону ачык-айкын болушуна, өткөн жылдарда шайлоо процессинин катышуучулары колдонуп көнүп калышкан администрациялык ресурстарды жана ыплас технологияларды ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берет.
Саясый күрөштүн ыплас ыкмаларына бөгөт коюу максатында Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын негизинде өткөн шайлоолордун, анын ичинде 2012-жылдын жазында жана күзүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын терең талдап чыгуусу зарыл.
Мыйзамдарга төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү керек:
Практикалык иштердин деңгээлинде ошондой эле шайлоо процессин байкоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттары менен (видеокамералар, байкоо жүргүзүү, биометриялык паспорт, электрондук добуш берүү каражаттары ж.б.) камсыз кылуу болжолдонууда. Бул шайлоонун таза өтүшүн контролдоонун эң натыйжалуу каражаттарынын бири болот. Таза шайлоо – ишенимдин негизи, демек бул туруктуулук жана коопсуздук.
2012-жылдын февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча андан аркы кадамдар мамлекет жана коом тарабынан коррупцияга биринчи олуттуу сокку урууга мүмкүнчүлүк берди. Жогорку саясый элитанын өкүлдөрү кылмыш жазасына тартыла баштаган учурда, мындай оң жылыштар элдин акыйкаттыкка болгон ишенимин жаратты. Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык укуктук шаймандарды имплементациялоо боюнча “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2012-жылдын 8-августундагы № 153 жаңы редакцияда кабыл алынды, айрым мыйзам актыларына бир катар маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык жана ички ведомстволук программалар жана пландар иштелип чыкты.
Социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары коррупционерлер пара алуудан жана башка коррупциялык иштерди жасоодон чочулай баштагандыгын ырастайт. Алсак, Transparency Internationa (TI) эл аралык өкмөттүк эмес уюм жарыялаган отчеттордо “Коррупцияны кабылдоо индекси” (CPI) 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өз позициясын 164-орундан 154-орунга чейин жакшырткан.
Бирок коррупциянын деңгээли акырындык менен төмөндөөдө.
Бүгүнкү күндө укук коргоо жана укук колдонуу системасынын абалы коррупцияга каршы турууга жөндөмсүз экендигин айгинелейт, анткени өзүлөрү дагы эле болсо коррупциянын субъектиси болуп саналат. Оң жагына өзгөрүүлөр жайбаракат жүрүүдө.
Ошону менен укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын ыкмалары жана каражаттары менен гана коррупцияга каршы күрөшүү – бул мындай социалдык илдетти пайда кылуучу себептер менен эмес, анын кесепеттери менен гана күрөшүүнү билдирип калат. Түзүлгөн кырдаал коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга каршы катаал мыйзамдарды жана жазалоонун чечкиндүү чараларын, ошондой эле кылмыш жазасы үчүн жаза берүүнүн кайра жангыстыгына кепилдик берүүчү так механизмдерди иштеп чыгууну демилгелөөгө мажбурлайт.
Ар кандай антикоррупциялык чаралардын бөлүгүн түзүүчү жарандык коом институттарынын кеңири катмарын тартуу менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктук жана институттук алдын-алуу (превентивдүү) чараларын күчөтүү керек.
Коррупция мурдагыдай эле Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн чынында эле коркунуч болуп саналат, анткени: 1) экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөргө кедергилик кылат; 2) экономиканын бейформал (“көмүскө”) секторун кеңейтет, бюджетке салыктык түшүүлөрдү азайтат, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун төмөндөтөт; 3) саясый жана экономикалык өнөктөштөрдүн алдында өлкөнүн беделине терс таасир тийгизет, инвестициялык климатты начарлатат; 4) жарандардын мүлктүк теңсиздигин көбөйтөт; 5) коомдун аң-сезиминде кылмыштуулуктун жана бийлик адамдарынын алдында жарандардын корголбогондугу жөнүндө түшүнүктү калыптандырат; 6) уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм үчүн азыктануучу чөйрө болуп саналат; 7) коомдун моралдык-этикалык баалуулуктарынын, элдик каада-салттар менен үрп-адаттардын деградациясына алып келет; 8) саясый элитаны түзүүгө, шайлоо процессине, бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын иштерине терс таасир тийгизет; 9) коомдун жана мамлекеттин жакшы өнүгүшүнө кедергилик кылат.
Мамлекеттик башкаруунун азыркы абалы Кыргызстандын эли тарабынан адилеттүү сынды пайда кылууда. Мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча мурда көрүлгөн чараларды талдоо алардын иштерин укуктук мамлекеттин талаптарына ылайык келтирүү боюнча күч-аракеттердин жетишсиздигин гана эмес, ошондой эле реформанын өзүнө адекваттуу эмес жана системасыз мамилелер тууралуу да ырастап турат. Өзгөртүү министрликтерди жана ведомстволорду реформалоо эмес, көп учурда эски мазмунунда жаңыча түр бергендей таасир калтырат. Функциялык жактан талдоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын саны өзгөрдү, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүү процесстерин башкаруу боюнча алардын иштеринин сапаты сезилерлик деңгээлде жогорулаган жок.
Мамлекеттик органдардын ишинде адамдарга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө багытталган мамиленин жоктугу министрликтер менен ведомстволордун багыттарынын туура эместигине алып келүүдө. Жыйынтыктарды жаратуунун ордуна иштөөнү гана максат кылып алышкандай. Учурдагы милдеттер менен алектенүү менен келечектүү маселелерди көз жаздымдан чыгарып жиберишет, приоритеттүү максаттарга жетүү боюнча айкын чараларды дайыма эле өз убагында иштеп чыгышпайт.
Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрдык потенциалы чабал бойдон калууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын белгилүү бир бөлүгүнүн кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү адептик-дөөлөттүк багыттары коюлган талаптарга дал келбейт.
Мамлекеттик башкаруу жагында Стратегиясынын негизги максаты - бул жарандардын бийлик институттарына: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлигине ишенимин камсыз кылуу. Милдет төмөнкүлөрдөн турат:
Колдонуудагы Конституция бүткүл эл шайлаган өлкөнүн Президенти башында турган Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин түзүмүн аныктайт. Бирок, өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик түзүлүштүн негиздери гана белгиленген, ал эми аларды өнүктүрүү тийиштүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу каралган.
Азыркы учурда мамлекеттик бийлик бутактарынын, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара мамилелердин көп жагдайлары жөнгө салынбай калууда. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтерин карама-каршы коюу логикасы арыла элек. Функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү бир катар маселелер али чечиле элек.
Мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук “инвентаризациялоо”, ошондой эле алардын натыйжалуулугуна баа берүү жана аныкталган дисфункцияларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу милдети турат.
Ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын түзүү, мамлекеттик органдардын, анын ичинде мамлекеттик бийликтин борбордук органдарынын жүргүзүлгөн саясаттын жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалары үчүн жоопкерчилигин аныктоо зарыл.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда мыйзам колдонуу практикасын өркүндөтүү милдети турат, анткени колдо бар прогрессивдүү мыйзам ченемдер көп учурда аткарылбайт. Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, аларды окутуунун системасын өркүндөтүү боюнча чаралар каралат.
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүдө бийлик органдарынын ортосунда вертикалдуу жана горизонталдуу коммуникацияларды чыңдоо жана өнүктүрүүгө, борбордук жана аймактык бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу жана координацияланган иштерин камсыз кылууга өзгөчө маани берилет.
Администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча көп пландуу иштер улантылат, анын максаты өлкөнү жана региондорду башкаруунун натыйжалуу жана тең салмактуу системасын түзүү болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары натыйжалуу башкаруу жана региондордун калкына сапаттуу жана өз убагында кызматтарды көрсөтүү үчүн тең салмактуулукка жетишкенге чейин алардын отчеттуулугун жана контролдоону күчөтүү менен бекемделет.
Бийликке карата жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле калктын көз алдында анын кадыр-баркын жакшыртуу мамлекеттик органдардын жарандык коом институттары менен өнөктөштүк деңгээлине жараша болот. Өз ара ийгиликтүү аракеттенүүнүн тиешелүү программасын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуу экендиги бышып жетилди.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз иштерин жарандык коомдун кылдат көзөмөлүндө жүргүзүүгө тийиш. Жарандык коом менен биргелешкен аракетти күчөтүү, макулдашылган чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу, өз иштери тууралуу коомчулукту дайыма маалымдар кылып туруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жана жолдорун иштеп чыгууга жана жетишүүгө байланыштуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун (анын ичинде бизнес-жамааттын) биргелешкен аракетин камсыз кылуу үчүн чаралар да каралат. Мамлекеттик башкаруунун транспаренттүүлүгүн жогорулатуу максатында коомдук эксперттик кеңештердин жана мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ролу өркүндөтүлөт.
Мыйзамдык деңгээлде жана администрациялык практиканын деңгээлинде жарандык коом менен бийлик органдарынын өз ара аркеттенүүсүнүн кабыл алгылыктуу ыкмаларын аныктоо керек. Түз жана кайра байланышты камсыз кылуу максатында эң мыкты эл аралык жана улуттук практикаларды колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоого жарандарды катыштыруу ыкмаларын киргизүү зарыл.
Ар бир мамлекеттик орган боюнча тармактык саясаттын максаттары түзүлүп, ага жетүүнүн индикаторлору аныкталат. Мында көрсөткүчтөр жана индикаторлор өзгөчөлүү жана ар бир ведомство үчүн так, ошондой эле калк үчүн да түшүнүктүү болууга тийиш.
2013-2017-жылдары мамлекеттик органдардын ишинде Интернеттин мааниси жогорулайт, натыйжалуу жана аз чыгымдуу тескөө, демократияны өркүндөтүү жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу максатында заманбап “электрондук өкмөт” системасы түзүлөт.
Мамлекеттик кызматтын бирдиктүү системасынын негиздерин калыптандыруу алдыдагы беш жылдыктагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп калат. Анын максаты мамлекеттин функцияларын натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө багытталган, коррупцияга каршы туруктуу жана коомдун ишенимине ээ болгон компакттуу жана кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү болууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын дараметин арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кызматкерлеринин бирдиктүү маалыматтар базасын жана алардын кесиптик жактан өсүшүнө дем берүү системасын түзүү, ошондой эле коррупциялык жана трайбалисттик көрүнүштөрдү жоюу максатында башкаруу кадрларын ротациялоо механизмдерин мыйзамдык деңгээлде жолго коюу маанилүү.
2.7. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү
Укуктук мамлекетти түзүү жолунда чечүү зарыл болгон маанилүү милдеттердин бири жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү болуп саналат. Өткөн жылдарда ал өнүгүшү ырааттуу түрдө өнүгө алган жок. Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жетишилген ийгиликтер менен катар солгундоо, ал тургай артка кетүү мезгилдери да болду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук базасын түзүү өткөн жылдарда системасыз болгондугун, ошондон улам ал тармактык мыйзамдарга улам каршы келгендигин белгилей кетүү керек.
Экинчи маселе колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны иштеп чыгуу өнүгүүнүн жалпы концепциясын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанисин түшүнбөй туруп демилге кылуу болуп эсептелет.
Жакынкы келечекте жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо төмөнкүдөй милдеттерге топтоштурулууга тийиш:
Ал жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун фунциялык жана аймактык жактарын өркүндөтүүнү болжолдойт, мында 2012-2017-жылдарга администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын жүзөгө ашыруу негизги болуп саналат. Ошондой эле бирдиктүү базалык реестрди жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын, аларды колдонуу регламенттерин, ошондой эле социалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү боюнча айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен социалдык заказ кылуу механизмдерин түзүү аркылуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу зарыл.
Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ
14 12 2014
21 стр.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү
25 12 2014
1 стр.
Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга
16 12 2014
5 стр.
Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол
12 09 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.