Күтүлгөн натыйжалар
Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы мамлекет жалпысынан ишмердүүлүгүн башкы реформаларга жана стратегиялык багыттарды өнүктүрүүгө топтой алат дегенди билдирет. Стратегия узак мөөнөтүү динамикалуу өнүгүү үчүн негиз болуп саналат.
Туруктуу саясый системасы, арымдуу өнүккөн экономикасы бар жана калктын кирешеси туруктуу өскөн, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган чыңдалган демократиялуу мамлекет Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча беш жылдык иштин башкы жыйынтыгы болуп калууга тийиш.
Ошондой эле 2013-2017-жылдары мамлекеттик башкаруу, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, коомдук жана улуттук коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоонун ишке жөндөмдүү системалары менен укуктук мамлекеттин түптөлгөн негиздерин бекемдөө маанилүү. Негизинен жаш муундардын өкүлдөрүнөн кесипкөй негизде Кыргызстандын жаңы элитасын калыптандыруу милдети турат. Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо жарандардын жана ак ниеттүү юридикалык жактардын укуктарын сактоону, экономиканын, анын ичинде жеке менчик институттарынын фундаменталдык негиздерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга тийиш.
2017-жылга карата кыргыз экономикасынын өнүгүү тенденциясында бурулуш болуп керектөөчүлүктөн стратегиялык тармактарды өнүктүрүүнүн “таянуу чекиттерине” - улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорго негизденген инвестициялык экономиканын форматына өтөт. Ошону менен бирге, улуттук долбоорлорду, өнүгүү долбоорлорун финансылоонун “калдык принцибинен” таптакыр баш тартуу камсыз кылынат.
5 жыл аралыгында түзүлгөн структуралык кайра түзүүлөр үчүн платформа, энергетика секторунда кубаттуулуктарды өстүрүү боюнча ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу 2017-жылга карата өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат. Өлкөнүн бүткүл аймагында калыс баа боюнча энергия ресурстары менен үзгүлтүксүз жабдуу камсыз кылынат, электр энергиясына ички суроо-талап канааттандырылат жана региондо электр энергиясын экспорттоодо Кыргызстандын үстөмдүк кылышына шарт түзүлөт. Экологияны сактоо менен жаратылыш ресурстарын акылга сыярлык пайдаланууга жетишилет.
Трансулуттук магистралдар гана эмес, ошондой эле ички республикалык маанидеги жолдорду да куруу жана реконструкциялоо ырааттуу жүргүзүлөт. 2017-жылга карата региондук кубаттуу транспорттук-логисттик түйүндү куруу идеясы жүзөгө ашырылат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирүүчү темир жол бутагын куруу боюнча иштердин чоң көлөмү жүргүзүлөт. Кыргызстанда региондук авиаташуулар борборун түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат.
Телекоммуникациялык инфраструктура өнүгөт, байланыштын андан ары өнүгүүсү жана өлкөнүн региондорун камтууну кеңейтүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. 2017-жылдан кеч эмес сапаттуу байланыш, интернет жана санариптик телекөрсөтүү Кыргыз Республикасынын каалаган жеринде жеткиликтүү болот.
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясында белгиленген экономикалык саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжасында экономикалык өсүш туруктуулукка жана стабилдүүлүккө ээ болот, бюджет баланстуу, инфляцияны болжолдосо болот, ал эми Кыргызстанды дүйнө жүзү кедей өлкө жана жакыр эл деп эсептебей калат. Экономикалык өсүштүн оң таасири сезилээрлик болуп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
ИДПнын өсүү темпи жылына орточо кеминде 7% болгондо 2013-2017-жылдардагы мезгилде ИДП өлчөмү номиналдуу алганда 2017-жылга карата 630 млрд.сомго жакынды түзөт жана калктын жан башына эсеп кылганда эки эсеге көбөйөт. 2012-жылы 1200 АКШ долларынан 2017-жылы ал 2500 АКШ долларынан ашуунду түзөт. Бул республиканы кирешелери орто деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына жакындатат.
2013-2014-жылдары инфляция бир орундуу сандын (9%дан ашпаган) чегинде болот, ал эми 2015-жылдан баштап 5-7%дын чегинде болоору күтүлүүдө. Мамлекеттик карыз ИДПга карата 60%га жакынды түзөт, бул 2012-жылга салыштырмалуу 8 пайызга төмөн.
Бирок экономиканын өсүшүнүн кургак сандарынын артынан адамдар экономиканын өсүшү анын жашоосун, анын үй-бүлөсүнүн, балдарынын жашоосун жакшырткандыгын көрүүгө тийиш. 2017-жылга карата калктын орточо жашоосунун узактыгы 2012-жылдагы 69 жаштан 73 жашка чейин өсөт.
5 жылдын ичинде 350 миңден ашык кошумча жумушчу орундарын түзүү пландаштырылып жатат, демек, ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден иштеген адам болушу керек. Муну менен бирге орточо эмгек акы экономикада 11, 5 миң сомдон 2017-жылга карата 26 миң сомго чейин өсөт.
2017-жылга карата кедейликтин деңгээли кагаз жүзүндө эмес, реалдуу түрдө 37%дан 25%га чейин же 12%га кыскарат. Кедейликти кыскартуунун ар бир пайызы – бул өлкөнүн бүткүл калкынын 60%дан ашыгы жашаган айыл тургундарына олуттуу жардам. Айыл чарбасы айыл калкынын кирешелеринин жана бакубаттыгынын ишенимдүү жана кепилденген булагы болот.
Фискалдык система төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана демилгелүүлүгүнө багытталат. Жалпысынан салык системасы эл аралык жана региондук бизнес үчүн жагымдуу болууга тийиш, ошондой эле өлкөнүн ичинде ири, орто жана чакан бизнес үчүн калыс болушу керек.
Мамлекет адамдардын жашоо-турмушуна реалдуу коркунуч келтирген жана мамлекеттин жоопкерчилиги зарыл болгон тармактардагы процесстерди гана жөнгө салууну улантат. Башка багыттарда мамлекет бизнести жөнгө салууну, лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү кеминде эки эседен ашыкка кыскартуу, текшерүүлөрдү жүргүзүү системасын минимумга жеткирүү, бизнес менен бийликтин өз ара аракеттенишин жакшыртуу аркылуу өзүнүн катыштыгын кыскартат.
Мында мамлекет кыргызстандыктардын келечектеги муундарынын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү сактоону жөнгө салуу маселелерин өзүндө калтырат.
Беш жылдын ичинде негизинен эмгекти региондук бөлүштүрүүдө Кыргызстандын орду калыптанат. Ишканалар иштеп, Кыргызстандын таанымал бренддери менен ата-мекендик өндүрүштүн продукциялары ички рынокто гана эмес, ошондой эле чет өлкөдө да бааланат. Кыргызстандын Борбордук Азия регионунда маанилүү финансылык, иштиктүү жана туристтик-маданий борборлордун бири катары калыптануусу үчүн шарттар түзүлөт.
2017-жылга карата Кыргызстан эл аралык “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча эң жакшы көрсөткүчтөрү менен отуз өлкөгө кирүүгө, экономикалык эркиндик рейтингинде КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидерге айланууга жана 40-орундан төмөн эмес орунду ээлөөгө тийиш. Экспорттук потенциалды кеңейтүүнүн эсебинен дүйнөлүк соодага аралашуу өлкөнүн ичинде жарандарыбыз үчүн жумушчу орундарын түзүүгө жана ички милдеттерди чечүү үчүн тышкы ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан дүйнөлүк соодага аралашкан өлкөлөрдүн рейтингинде кеминде 60-орунду ээлөөгө тийиш.
Коррупцияга каршы системалуу күрөш жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу 2017-жылга карата өлкөнү коррупцияга чалынуу рейтингинде элүү өлкөнүн бирине чыгарууга тийиш.
Кыргызстандын таламдары ар кандай эл аралык бирикмелерде өлкөнүн мүчөлүгүн активдүү пайдалануу менен алга илгерилейт. Биздин өлкө акырындык менен региондук жана дүйнөлүк өнүгүүдө маанилүү функцияларды аткарган эл аралык ишенимдүү өнөк катары бекемделет.
Мында 2013-2017-жылдардагы мезгилге туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында түптөлгөн кайра түзүүлөргө жетишүү жана конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу бийликтин үч: мыйзамдык, аткаруу жана сот бутагынын текшерилген, ырааттуу жана консолидацияланган ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жарандык коомдун алар менен өз ара аракеттенүү деңгээлине тикелей көз каранды экендигин так түшүнүү керек.
Стратегия экономикабызды, мамлекетти, коомду, ар бир кыргызстандыкты өнүгүүнүн стабилдүү жана туруктуу жолуна алып чыгууга тийиш. Бул жолдун аягы эмес, анын башталышы гана.
Демек, БИЗ БИРГЕЛИКТЕ алга карай ишенимдүү илгерилөө менен БИРГЕЛИКТЕ өз максатыбызга жетебиз.
12-главага тиркеме
1-таблица. Агроөнөржай комплексиндеги инвестициялык долбоорлор (2013-2017-жж.)
№
|
Долбоордун аталышы
|
Жалпы нарктык баасы
|
Өлчөө бирдиги
|
Ишке ашыруу мөөнөтү
|
-
1.
|
Минералдык жер семирткич чыгаруу боюнча заводдун курулушу
|
2,0
|
млн.долл.
|
2014-2015
|
-
2.
|
14 үрөнчүлүк чарбаны түзүү
|
7,4
|
млн.долл.
|
2013
|
-
3.
|
Тандалган айыл чарба кооперативдеринин суроо-талаптарын толук камсыз кылуу үчүн өлкөнүн ар бир облусунда бирден асыл тукум чарбаларынын тармагын түзүү.
|
8,5
|
млн.долл.
|
2013
|
-
4.
|
Сапат сертификатынын эл аралык стандарттарына ылайык заманбап лабораториялардын комплексин түзүү
|
1,6
|
млн.долл.
|
2013-2016
|
5.
|
«Кыргызпочтасы» МИни реформалоо жана анын базасында ар бир айыл өкмөтүнө сунуш кылынган банктык кызматтардын толук чөйрөсүн көрсөтүүчү почта-сактык системасын түзүү
|
5,55
|
млн.долл.
|
2013-2017
|
6.
|
Бодо малды жасалма уруктандыруу пункттары үчүн жабдууларды сатып алуу (300 комплект)
|
0,5
|
млн.долл.
|
2013
|
7.
|
Айыл чарба техникасынын лизингин – техниканын 325 бирдигин финансылоо
|
5,0
|
млн.долл.
|
2013
|
8
|
Айыл чарба техникасынын лизингин финансылоо
|
20,0
|
млн.долл
|
2013-2014
|
9.
|
КРАМ караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментин курулуш техникасы менен жабдуу
|
10,0
|
млн.долл.
|
2013
|
10.
|
(Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинде) ирригациялык курулуштарды курууну аяктоо жана 3498 га жаңы сугат жерин ишке киргизүү
|
8,3
|
млн.долл.
|
2013-2015
|
11.
|
Жети-Өгүз районундагы Кара-Булуң каналын куруу
|
4,2
|
млн.долл.
|
2013-2014
|
12.
|
Чолпон-Ата шаарында агынды сууларын колдонуу менен жерлерди сугаруу
|
1,7
|
млн.долл.
|
2013-2014
|
13.
|
Ак-Талаа районунун Ак-Сай дарыясында башкы суу тосмо курулмасын реабилитациялоо (500 га ишке киргизүү
|
1,7
|
млн.долл.
|
2013
|
14.
|
Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз каналын куруу (270 га ишке киргизүү
|
8,1
|
млн.долл.
|
2013-2015
|
15.
|
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо (1000 га ишке киргизүү
|
9,4
|
млн.долл.
|
2013-2015
|
16.
|
Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы суусунда БДР куруу.
|
4,2
|
млн.долл
.
|
2013-2014
|
17.
|
Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн Беш-Батман каналынын түпкү бөлүгүн реабилитациялоо
|
8,0
|
млн.долл.
|
2013-2014
|
18.
|
Баткен районунда Р-4 каналын куруу жана колдонуудагы Р-4 каналын арттыруу
|
5,2
|
млн.долл
|
2013-2014
|
19.
|
Тоң районунда Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо
|
8,4
|
млн.долл
|
2013-2016
|
20.
|
Кара-Буура районунда Бахты-Ногой каналын куруу
|
2,5
|
млн.долл
|
2013-2014
|
21.
|
Панфилов районундагы Кара-Тума БСРын реконструкциялоо жана чарбалык ички тармакты куруу
|
5,2
|
млн.долл.
|
2013-2014
|
22.
|
Жумгал районундагы Баш-Куганды жерин сугаруу
|
0,7
|
млн.долл.
|
2013
|
23.
|
Ирригацияны өнүктүрүү схемаларын иштеп чыгуу
|
2,2
|
млн.долл.
|
2013-2017
|
24.
|
Сугат жерлерин мелиоративдик жактан жакшыртуу
|
11,0
|
млн.долл.
|
2013-2017
|
|
Жыйынтыгы
|
141,35
|
млн.долл.
|
|
2-таблица. Энергетикадагы инвестициялык долбоорлор (2013-2017-жж.)
Энергетика
|
№
|
Долбоордун аталышы
|
Жалпы нарктык баасы
|
Өлчөө бирдиги
|
Ишке ашыруу мөөнөтү
|
-
1.
|
500 кВ «Датка–Кемин ЖЧ жана 500 кВ “Кемин” КЧ куруу
|
389,795
|
млн.долл.
|
2012-2015
|
2.
|
Кыргызстандын түштүгүн электр менен жабдууну жакшыртуу үчүн 500 кВ «Датка» КЧ жана 220 кВ ЖЧ куруу
|
208
|
млн.долл.
|
2013
|
3.
|
Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадын куруу
|
412
|
млн.долл.
|
2013-2019
|
4.
|
Камбар-Ата ГЭС-2нин 2- гидроагрегатын ишке киргизүүнү камсыз кылуу
|
131
|
млн.долл.
|
2014-2016
|
-
5..
|
Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун ТЭНин иштеп чыгуу
|
15
|
млн.долл.
|
2013
|
6.
|
Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу
|
3400
|
млн.долл.
|
2013-2022
|
7.
|
Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушунун ТЭН иштеп чыгуу
|
50
|
млн.долл.
|
2014-2016
|
-
8.
|
Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак-жай конушунда эки баскычтуу ЖЧ 110 кВ жана КЧ 110 кВ куруу
|
5
|
млн.долл.
|
2013-2014
|
9.
|
Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо
|
18,9
|
млн.долл.
|
2014-2017
|
10.
|
Энергетика секторун реабилитациялоо
|
55
|
млн.долл.
|
2013-2015
|
11.
|
Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо
|
150
|
млн.долл.
|
2014-2017
|
12.
|
Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү
|
49,3
|
млн.долл.
|
2014-2017
|
13.
|
Энергетика секторун өнүктүрүү (АСКУЭ системасын ишке киргизүү)
|
44,8
|
млн.долл.
|
2013-2016
|
14.
|
Энергетика секторунун ачыктыгын жогорулатуу жана электр энергиясынын коромжусун кыскартуу
|
15
|
млн.долл.
|
2014-2018
|
15.
|
Бөлүштүрүү компанияларын реформалоо
|
15
|
млн.долл.
|
2014-2016
|
16.
|
Бишкек жана Ош шаарларын энергия менен жабдууну жакшыртуу
|
23, 08
|
млн.долл.
|
2013-2015
|
|
Жыйынтыгы
|
4981,875
|
млн.долл.
|
|
|
|
|
|
|
<предыдущая страница | следующая страница>