Перейти на главную страницу
2013-жылдын “___” ________ № ____
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
жалпыланган отчету
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен 2012-2014 - жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы жана Иш-чаралар планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы саясаты Өкмөттүн ишиндеги талаптагыдай мамлекеттик башкарууну камсыз кылууга, коррупциялык схемаларды жоюуга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинде демократиялык негиздерин, айкындуулукту, ачыктыкты жана контролдуулукту бекемдөөгө багытталган жана мамлекеттик бийлик системасына жарандардын ишенимин чыңдоого, коррупциянын алдын алуунун туруктуу укуктук негиздерин түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августунда № 596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасында жана Иш-чаралар планында (мындан ары - План), ошондой эле 2012-жылда коррупцияга каршы аракеттенүүнүн боюнча ведомстволук иш-чараларды аткаруу боюнча айрым иштер жүргүзүлгөн.
Мыйзамдык актыларды коррупцияга каршы текшерүү процесси уюшулду жана ишке кирди, мыйзам долбоордук жана башка укуктук иштер жүргүзүлдү, уюштуруучулук жана практикалык мүнөздөгү чаралар ишке ашырылды. Эл аралык ченемдерди улуттук мыйзамдарга андан ары имплементациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди, 2012-жылдын 8-августундагы № 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды.
Иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерде, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегиялык жыйындарында жана кеңешмелеринде каралып, тийиштүү ведомстволук ички иш-чаралар планы бекитилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коррупцияны иликтөө жана баалоо боюнча жооптуу кызмат адамдары аныкталды.
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын (мындан ары- Мамлекеттик стратегия) аткаруу боюнча иш дайыма жүргүзүлүүдө, мамлекеттик органдардын жана жарадык коомдун институттарынын коррупцияга каршы чараларын координациялоо боюнча механизмдер түзүлгөн, коомдук кабылдамалар иштеп жатат жана ишеним телефондору орнотулган.
Мамлекеттик кызматта коррупциялык көрүнүштөрдүн коркунучтарын азайтуучу таасирдүү шарттарды түзүү, кадрлардын сапаттык курамын жогорулатуу максатында, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызматтык жогорулоосун камсыздоо боюнча, анын кызматтык ишин баалоонун жыйынтыктарына негизделген, алардын билим деңгээлин, компетенттүүлүгүн, кесиптик квалификациясын жана тажрыйбасын эске алуу менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мансаптык жогорулоосунун ченемдерин караштырган кези механизмдерди киргизүү каралууда. Мамлекеттик кызматкерлердин мурдагы иштеген жеринен бошотуунун жаманаттуу жана башка терс себептеринин мүмкүн болушуна карата администрациялык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин документтерин кароонун жана верификациялоонун тажрыйбасы киргизилүүдө. Саясий кызматтарды ээлеген адамдардын кеңешчилерин, жардамчыларын жана консультанттарын администрациялык бош кызмат орундарга конкурстан тышкары дайындоону жокко чыгарууну караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү реформалоонун стратегиясынын долбоору иштелип чыккан жана макулдашуу процессинен өтүүдө. Берилген маалыматтарды талдоо жана текшерүү жагынан мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында чаралар көрүлүүдө.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимге жана ыкмаларга карата квалификациялык талаптар жогорулатылды. Республикада биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алуу конкурстук негизде ачык жана таза ишке ашырылды. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз түрдө чагылдырылды, бул коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга мүмкүндүк берди.
Мамлекеттик башкаруунун тутумун оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү, ошол эле учурда жарандык коомдун, эксперттик жана бизнес коомчулуктун ролдору так белгиленди. Функцияларынын түрү боюнча мамлекеттик органдарды так типтештирүү менен башкаруунун функциялык түзүмүнө өтүү ишке ашырылды. Мамлекеттик башкаруунун түзүмүнүн архитектурасын куруунун эл аралык тажрыйбасынын мыкты практикаларына таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн баскычтары (иерархиясы) курулган, мында министрликтерге саясатты иштеп чыгуу, ал эми ведомстволорго аларды ишке ашыруу ролу бөлүнүп берилген.
Жалпысынан, мамлекеттик органдарда ишке ашыруу үчүн сунушталган түзүмдүк реформалар бир катар функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өзгөртүүгө же алардан баш тартууга, штаттык сандарды кыскартууга алып келди же белгилүү бир ведомствону комплекстүү кайра түзүүлөргө алып келди. Анын натыйжасында министрликтердин жана ведомстволордун санын 20 дан 16 бирдикке чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик органдарды 24төн 23 бирдикке кыскартуу жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында ишкердик субъекттердин текшерүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскарды. Жоюлган жана кайра өзгөртүлгөн мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын кайра бөлүштүрүү жүргүзүлгөн. Мамлекеттик кызматтагы таламдардын карама-каршылыгын жоюу максатында, ар түрдүү министрликтердин жана ведомстволордун контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функциялары алынып, алар эки гана мамлекеттик органга топтолуп берилген. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция сыяктуу жаңы структура түзүлгөн.
Бардык жерде, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү талдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну жана коркунуч критерийлерин баалоонун даражасына жараша ишкердик субъекттерин пландуу текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салууну караган коркунучтарды баалоонун критерийлери киргизилүүдө. Ишкердик субъекттерин текшерүүгө ыйгарым укуктар берилген ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү баракчалары иштелип чыкты жана бекитилди. Коркунуч критерийлерин аныктоону эске алуу менен ишкердик субъекттери тууралуу маалыматтар базасын түзүүнү караган «Контр-Про 3» долбоорун иштеп чыгуу аяктоодо.
Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган, анда 20 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн болгону 386сы Реестрге киргизилген.
«Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, арыздарды жана лицензия берүүнү кароонун мөөнөттөрү менен байланышкан лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууда лицензия берүүчү мамлекеттик органдардын ишин регламентациялоого багытталган, «унчукпоо-макулдуктун белгиси» ченемин киргизүүнү караган «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 182 мыйзамы менен).
Оперативдүү жана концептуалдуу башкаруучулук чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын ишин баалоонун натыйжалуу системасын түзүү, ошондой эле коомчулук жана республиканын калкы менен ачык диалогду түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү. “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтому менен базалык, вариативдик көрсөткүчтөргө, коомдук пикирди сурамжылоого жана эл аралык рейтингди жогорулатууга негизделген, мамлекеттик органдарды баалоонун критерийлери бекитилген.
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-августундагы № 160 Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу менен кен казуу бизнеси үчүн жаңы «оюн эрежелери» киргизилди, анда чыр-чатактуу жагдайларды азайтуу, бюрократиялык жол-жоболордун деңгээлин төмөндөтүү, жөнгө салуунун администрациялык ыкмаларынан алыстоо ж.б. шарттарга негиз салынган.
Мамлекеттик органдардын коррупцияга чалдыгуусуна баа берүү жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук сайтына жайгаштырылган. Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзгөн иштеринин натыйжалуулугун баалоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн методологиясы иштелип чыкты. Коррупциялык кылмыштардын бетин ачуу жогорулады. Алсак, 2012-жылы коррупция багытында Кыргыз Республикасынын укук корогоо органдары тарабынан 1 миңден ашуун жазык иши козголгон. Алдын ала баалоо боюнча мындай кылмыш иштери келтирген зыяндын суммасы 1,5 млрд. сомдон жогору, алардын 154 млн. сому кайтарылган.
Прокуратура органдары тарабынан козголгон 964 жазык иштеринин ичинен сотко берилгени 462 (47,9%), тергелип жатканы – 135 (14%), убактылуу токтотулганы – 120 (12,4%), токтотулганы – 68 (7%), бириктирилгени – 42 (4,3%), башка органдарга жөнөтүлгөнү – 137 (14,2%).
Лицензиялык иштердин түрлөрүнүн тизмесин азайтуу, документтерди кароонун жана лицензия берүүнү ачык-айкындуулугу, милдеттүү талаптардын артыкбаштыгынан баш тартуу, ишкердик ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн азайтуу максатында кызыкдар мамлекеттик органдар, бизнес структурасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар менен консультациялар жана талкуулар жүргүзүлдү. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы редакциядагы долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароосуна киргизилген.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча www.zakupki.okmot.kg Интернет-порталы иштелип чыккан жана иштеп жатат. Азыркы учурда бардык мамлекеттик уюмдарды жаңы порталда каттоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Сатып алууларды пландаштыруудан, өтө турган тендерди жарыялоодон, тендерге арыздарды ачуунун протоколунан, ошондой эле тендердин жеңүүчүлөрүн аныктоодон баштап логикалык тизмекти байланыштыруучу издөөнү жана маневрдүүлүктү ыңгайлуу кылган интерфейс камсыздалып, бул басылма жөнөтүүлөргө кеткен убакытты олуттуу кыскартат.
"Мамлекеттик электрондук сатып алууларды жана электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 818 токтомуна ылайык азыркы учурда электрондук кайтарылуучу аукцион боюнча модулду тестирлөө жүргүзүлүүдө, бул чечим кабыл алууда мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуу жана ачык-айкын системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Эл аралык уюмдардын колдоосу менен мыйзам актыларын коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн методикасы жана тактикасы боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп иштеп жатат, анда 2012-жылы жүздөн ашык ченемдик укуктук актылар коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүлгөн. Ошону менен бирге эле, бул иш жыл ичинде өткөрүлгөндүгүн көңүлгө алсак, мындай иш жалгыз мамлекеттик органдын колунан келбей тургандыгы көрүнүп турат. Буга байланыштуу мыйзам актыларын коррупцияга каршы текшерүү жүргүзүү боюнча чектөөлөр системасын жүргүзүү күтүлүүдө.
Коррупциялык кылмыштардын ачылышы жогорулады. Ачык-айкын укук коргоо органдарына функциялык жоопкерчилик боюнча келип түшкөн маалыматты текшерүү процесси белгиленген кызматтык ыйгарым укуктардын жана процесстик ченемдердин алкагында жүргүзүлөт. Коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуулар түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо органдары менен бирдикте 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык план иштелип чыккан.
Прокуратура органдары тарабынан укук коргоо органдарынын ишин, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды жана «Кылмыштык сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнүн, жабыр тарткандардын жана башка катышуучуларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууда көзөмөлдөө системасы жолго коюлду. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнүн, жабыр тартуучуларынын жана башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды өркүндөтүүгө багытталган укуктук ченемдер иштелип чыкты.
Ички жашыруун маалыматтарды колдонуучу коррупциялык схемаларды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине «194-1-статья. «Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр» деген жаңы статья киргизилди.
Коррупцияга каршы аракеттенүүдө күч-аракетти уюштуруу жана бириктирүү боюнча натыйжалуу механизмди куруунун негиз катары мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун институттарынын активдүү диалогун жүргүзүү үчүн аянтча түзүлдү. Бул максатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жарандык коомдун институттарынын ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду жана жобо кабыл алынды, бул жарандык коомдун институттары тарабынан коррупцияга каршы коомдук контролдоонун таасирдүү механизмин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Коррупциянын алдын алуу боюнча ишке ашырылуучу иш-чараларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы ишкердик кеңеши» (мындан ары- КИК) коомдук бирикмеси иштиктүү жардам көрсөтүүдө, анын натыйжасында мамлекеттик органдар боюнча коррупциянын деңгээлин ченөө барометрине таянууларды ведомстволук сайттарга жайгаштыруу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлгөн. Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы темалардагы коомдук угуулар, “тегерек столдор”, конференциялар жана семинарлар өткөрүлдү.
Коомдук колдоо коррупция каршы күрөшүүдө маанилүү элементтердин бири болуп калышы керек. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы ар кандай чараларын түзүүчү бөлүгү катары, мамлекеттик органдын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер (мындан ары-КБК), коомдук бирикмелер жана жарандык секторлор менен өз ара мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүү иши алдыда турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруу бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуу боюнча тагылган милдеттерди аткаруу максатында туруктуу негизде 2012- отчеттук жылда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун оң динамикасын аныктоочу мониторинг жүргүзүлдү. Ошону менен бирге эле 2012-жылга карата кыска мөөнөттүү чараларды ишке ашыруу жана аткаруу 2013-жылы жана андан кийинки жылдарда да улантууну талап кыла тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындай жагдай каралган чаралардын бардык комплекси өзүнүн ишке ашышынын баштапкы этабында тургандыгы, системалуулук жолго коюлбагандыгы, көптөгөн позициялар боюнча кабыл алынган чарлардын натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлбөгөндүгү, иштелип чыккан мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар кароо жана макулдашуу стадиясында гана экендиги, айрым иш-чаралар такталбагандыгы менен шартталат. Кыска мөөнөттүү мезгилде коррупцияга каршы ишке ашырылуучу чаралардын системалуулугун камсыз кылуу, алардын натыйжалуулугуна жана таасирине талдоо жүргүзүү иштери турат, буга байланыштуу 2013-жылдын ичинде аларды ишке ашыруу тууралуу отчет берүү зарыл.
Ошентип, коррупциялык схемаларды табуу жана жоюу боюнча ниеттер гана көрсөтүлдү, ал эми КИКтин жана ведомстволук КБКлардын катышуусу менен биргелешип көрүлгөн чаралар үстүртөн жүргүзүлүп жана үзүл - кесилдүү мүнөздө болууда. Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу негизинен жарандык коомдун институттарынын демилгеси боюнча жүргүзүлүүдө. Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жагында берилген отчеттор декларативдүү мүнөздө. Мында, буга окшогон иш-чараларды ишке ашыруу боюнча жалпыга бирдей кабыл алынган методиканын жоктугу, маалыматтардын көмүскөлүгү жана жабыктыгы, персоналдардын даярсыздыгы, маалымдуулуктун жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнүн начардыгы таасирин тийгизүүдө.
Бүгүнкү күндө коррупциянын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча колдонулуучу система жана укук колдонуу тажрыйбасы ар кандай тармактык же «уруулук» багыттардын татаал жыйындысын элестетет, бирок ошону менен бирге эле бул системанын бардык эле элементтери так чектелип бөлүштүрүлгөн эмес жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарынын кайталанмалуулугу орун алууда. Мунун бардыгы коррупцияга каршы күрөшүү, тартип коргоо органдарына жүктөлгөн тапшырмаларды чечүүдө системалуулукту камсыз кылуу менен укук коргоо органдарынын ишин координациялоо жана пландаштыруу боюнча иштерди Башкы прокуратуранын ишке ашыруусунун объективдүү зарылдыгын аныктайт.
Коррупциялык кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча укук коргоо органдарынын калыптанган тажрыйбасын иликтеп, ведомстволор аралык эз ара аракеттенүүнүн деңгээлинин төмөндүгүн белгилеп кетүү маанилүү. Коррупциялык иштерге тиешеси бар адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча максаттуу тез иликтөө иш-чаралары белгиленбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан экономикалык жана социалдык маанидеги маалыматтарды түзүү процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык банкты түзүү жана экономикалык иштин субъекттеринин финансылык көрсөткүчтөрүнө талдоо жана мониторинг жүргүзүү, экономиканын бардык секторлорунда жана тармактарында товар өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн жашыруун жана мыйзамсыз көлөмүн табуу жана баалоо боюнча долбоор ишке ашкан жок.
Билим берүү чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар формалдуу жүргүзүлгөн. Республиканын билим берүү жана илимий мекемелеринде негизсиз акча каражаттарын жыйноону жок кылуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Коррупциялык укук бузууларга тиешеси бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иммунитетке ээ болгон адамдарга карата тергөөлөрдү кароонун жана жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин караган укуктук механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жагынан тиешелүү чаралар көрүлгөн жок.
Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партияларды, талапкерлерди жана шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу ачык отчеттуулукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ишке ашырылуучу чаралар боюнча, айрым партияларга жана талапкерлерге карата басмырлоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууга багытталган маалыматтар берген жок.
Отчёттук 2012-жыл үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планында каралган иш-чараларды аткаруу тууралуу сапатсыз отчетторду сунуштаган мамлекеттик органдардын катарына төмөнкү мамлекеттик органдарды: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигин кошуу керек.
Ведомстволук деңгээлде коррупцияга каршы саясаттын чараларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген отчёттордо: персоналга коррупцияга каршы билим берүү; коррупцияга каршы үгүт жана агартуу; ишке ашырылып жаткан коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугу; ведомстволук жана тармактык ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза өткөрүү; коррупциялык зыян келтирүүдөн жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коргоо маселеси боюнча, анын ичинде жарандардын “ишеним телефону” аркылуу кайрылууларына жана электрондук формадагы кайрылууларына жооп кайтаруу чаралар; жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу; коррупцияга каршы аракеттенүүнүн оң тажрыйбасын иликтөө; коррупциялык жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын иши сыяктуу маанилүү элементтер жок.
Сунушталган отчётторду талдоо коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан чаралардын үзүл-кесилдүүлүгүн жана системалуулугунун жоктугун көрсөтүүдө.
Укук коргоо органдары тарабынан сунушталган отчёттордон улам, коррупцияга каршы чаралардын көпчүлүгү коррупцияны пайда кылуучу себептер жана системалуу шарттар менен күрөшүүгө эмес, коррупциялык кылмыштар менен күрөшүүгө багытталгандыгын көрсөтүүдө.
Отчёттордун көпчүлүгү тышкы чөйрөгө карата таасир көрсөтүүнүн ишке ашырылуучу чараларын гана камтышат, бул ведомствонун ичинде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун кошо түзүлгөн ички механизмдердин жоктугун көрсөтөт. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомствонун ички пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар Планынын алкагында гана кабыл алынган милдеттенме бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мүнөздүү, аларга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын кошууга болот.
Декларациялык өнөктүк сунушталган маалыматтарды жарыялоо менен гана чектелет. Коррупцияга каршы экспертиза менен аракеттенүүдөгү ченемдик актыларды толук камтуу системасы тартипке салынган эмес, ошол эле мезгилде кабыл алынган чаралар көбүнчө чектүү мүнөзгө ээ болуп, коррупциянын орун алган деңгээлине шайкеш келе бербейт.
Жарандардын бул чөйрөлөрдө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө карата шектүү мамилесинин себебинин бири сектордук коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууда көзгө көрүнөөрлүк оңолуунун жоктугу болуп калды.
Бул жагдай мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан тийиштүү контролдун жоктугун күбөлөндүрөт, буга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугу төмөнкү деңгээлде калууда.
Түзүлгөн жагдайга байланыштуу, Мамлекеттик стратегияны жана Иш-чаралар планын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин объективдүү баалоо үчүн алар ишке ашырып жаткан коррупцияга каршы чаралардын аныктыгына жана объективдүүлүгүнө тандамал текшерүү жүргүзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйг
01 10 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын № токтомунун тиркемеси
15 10 2014
7 стр.
Спубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И. Исаков тарабынан демилге кылынган (2012-жылдын 18-январындагы №1011485) “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ко
14 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2011-жылдын 13-октябры, №22465) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын
14 12 2014
1 стр.