Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1


Кыргыз тилди компьютерлештирүүбү же

компьютерлерди кыргыздаштыруубу - биринчи максат эмне?
Асанов Э.Д., БГУ, Маалымат Технологиялар Борборунун директору


I. Кыскача жалпы проблемдер жөнүндө.

Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук колдонуу зарылдыгын мажбур кылат.

Ал үчүн маалымат-коммуникация (МКТ) технологиялардын айланасында кыргыз тилди дүйнөдөгү негизги тилдер менен бирдей түрүндө колдонууну камсыздандыруу керек. Негизги тилдеринде дүйнөгө кеңири тарап жана колдонгон програмдык жабдыктардын (башка сөз менен софттун) бар экени бизге баарыбызга белгилүү. Бул проблеманын чечкендиги жаңы эгемендүү өлкөлөргө (алардын арасында Кыргызстанга да) жаңы маалымат коомго активдүү сиңип кирип кеткенге мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн биз дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерди өздөштүрүү жана колдонуу процессине калктын бардык кабаттарын тартуубуз керек. Албетте өзүбүздүн улуттук-маданий айырмачылыктарды жана өзгөчөлүктөрдү жоготпос түрүндө.

Азыркы дүйнө глобализация аркылуу өнүгүүнүн жалпы тенденциясы ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр маалымат коомго кирүүдө тең эмес экендиги барыбызга ачык көрүнө калды. Экономика жагынан күчтүү жана өнүккөн өлкөлөр алсыз жана назик экономикадагы өлкөлөрдүн үстүнөн басымдуулук кылып жатышат.

Бир жактан караганда, массалык аң-сезим табигый трансформация жолу менен массалык маалымат, жүрүш-туруш адаттар, маданий байлыктар жана коомдук сезим жалпы дүйнөлүк унификация жака баратат. Ошондой эле, башка жактан каранда, калктардын улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү текшилөө процесси күч алуу кезде. Мисалы, азыркы учурда Интернет аркылуу чоң тилдер жагынан майда тилдер жана маданияттарды ассимиляция, башкача айтканда сиңирүү жана жутуу процесстер башталды.

Ошондуктан улуттук тилибиз майда тил катары дүйнө жүзүнөн жоголбос үчүн биз илимдин жетишкендиктерине таянып тилибизди жаңы технологиялар аркылуу сактап калышыбыз керек. Албетте баарыбыз түшүнгөндөй – бул азыркы маалымат жана компьютер технологиялар. Анан дагы бир сөз. Тилди компьютерлештирүү жана компьютерлерди кыргыздаштыруунун айырмасын айта кетейин. Тилдин компьютерлештирүүсүн кандай түшүнсө болот? Менимче, бул тилдин электрондук формасын түзүү жана ошол формада тилди өнүктүрүү процесси. Компьютерлерди кыргыздаштыруусу болсо бул тилибизди компьютерлерде, компьютердик технологияларда жана тармактарда колдоосун түзүү


процесси. Демек, тилибизди компьютерлештирүү процессинен мурун биз биринчиден сөзсүз түрүндө компьютерлерди жана компьютердик програмдарды кыргыздаштыруу маселесин кыска мөөнөттө толук чечишибиз керек. Ушул негизги маселеге мен кеңири токтой кетейин.

II. Тилдерди толук жана "жумшак" колдоо жөнүндө.

Майкрософт корпорациясы дүйнө жүзүндө жекелик компьютер системдерине софтту иштеп чыгарган компаниялардын арасында эң биринчи экени баарыбызга белгилүү. Ошол корпорация өзүнүн дүйнөгө белгилүү Windows системинде улуттук тилдерди колдоо үчүн эки анжы жол менен баратат:



  1. Улуттук тилди толук колдоосу. Бул улуттук тилиндеги Windows-дун систем маалыматтары, менюлар, жардам системдери, сорттоо эрежелери, даталардын аталышы жана форматтары, улуттук акчалардын аталышы, ариптер (шрифттер), клавиатуралар, текст иштетүү функциялар (орфография, грамматика, тезаурус) ж.б. тилдин атрибуттарын толугу менен колдоо.

  2. Толук колдоосу жок тилдер үчүн Майкрософт "жумшак" колдоону сунуш кылат. Бул колдоо технологиясы негизинен ариптер жана клавиатуралар деңгээлинде кана иштейт. Андан башка валюта аталашын жана даталардын форматтарын жана аталышын колдойт.



III. Компьютер програмдарды кыргыздаштыруу жөнүндө:
этаптар жана натыйжалар.

Бул процесс 20 кылымдын 80-чи жылдардын аягында башталат. Ал кезде СССРде "Ксерокс Вентура Паблишер 2.0" системи колдоно баштайт. Кыргызстан эгемендүү болоору менен жана ошондой эле Windows системи колдонуу башталаары менен бул процесс өтө ылдамдыкты алат.



1993-94 жылдары. Ал кезде Windows-до кыргызча тексттер менен иштегенге атайын программалык компоненттер пайда болду. Бул менин карамагымда ANSI стандартында жасалган TrueType форматындагы Windows үчүн кыргыз ариптердин жыйнагы жана кыргыз клавиатуралардын драйверлери.

1998-99 жылдары. Windows 95, 98 жана Word 97 текст процессору жарыкка чыгышы ANSI-Unicode биргелешкен стандарттын жана ошол стандарт менен байланышкан жаңы ариптер менен клавиатураларды колдосун талап кылды.

2001 жылдын башында көп жылдан бери жыйналган компьютерлерди "кыргыздаштыруу" тажрыйбалардын негиздеринде Windows-дун "кыргыздаштыргычы" (автор Асанов Э.Д.) жана атайын кыргыз тил үчүн жасалган орфо-текшерүү функциясын колдонгон "Тамга" атындагы улуттук текст процессору күн көрдү (автор Чодоев Р.А.). Айтмакчы, бул текст процессор ANSI стандарттарда жасалган ар-түрлүү кыргыз ариптерин колдонууга жардам берет. Андан тышкары ошол эле 2001 жылы Microsoft Office үчүн кыргыз орфографиясын текшерген програм-модулдар жана кыргыз тилинде терилген тексттерди иштеп чыгуу үчүн атайын програмдар жана электрондук термин сөздүгү пайда болду1. Аталган програмдардын бардыгы "Тамга-КИТ" атындагы програм комплекстин өзөгүн түздү жана 2002 жылдан баштап чогу таратылат.

Ошол эле 2001 жылдын октябрынан бери Windows-дун жаны XP версиясынан баштап Майкрософт корпорациясы кыргыз тилди өзүнүн "жумшак" технологиясы боюнча колдой баштады.



IV. Маалымат-коммуникация технологияларда кыргыз тилди
стандартташтыруу маселеси жөнүндө.

Код-ыкмалар жөнүндө.

Код-ыкма (орусча "кодировка") – бул кыскача айтканда символдордон турган жадыбал. Ар бир тамганын ордуна атайын номер чектелген (символдун коду). Бир байттуу код-ыкманы колдонгондо жадыбалдын жалпы көлөмү 256 символ түзөт. Анын биринчи 128 символдон турган жарым бөлүгү латын тамгалардын орду деп эсептелет.

Жадыбалдын экинчи жарымы болсо улуттук тилдеринин тамгаларына берилген, ошондуктан ар бир өлкөдө жадыбалдын экинчи жарымы ар-кандай. Башка сөз менен айтканда, эгер биз жадыбалды туура эмес колдонсок, анда такыр окулбай турган текстке учурайбыз.

Мурунку СССРдин өлкөлөрүндө кирил алфавити үчүн 5 ар-кандай кирил код-ыкмалар колдонууда. "Ар кандай" деген бул ар бир символдун ордуна (жадыбалдагы позициясына) ар кандай тамгалар чектелген.


  1. KOI-8. Ал UNIX системин орус тилине ылайыкташтырылган кезде пайда болгон. KOI-8 UNIX системинде негизги кирил код-ыкмасы деп эсептелет.

  2. IBM-бутактуу жеке компьютерлердин MS-DOS код-ыкмасын, анын башка аты "Майкрософттун 866 кодбарагы").

  3. Macintosh-бутактуу жеке компьютерлердин Mac код-ыкмасы.

  4. Майкрософт Windows-дун Win-1251 код-ыкманы. Windows системи дүйнө жүзүнө кеңири тараган үчүн Win-1251 кодбарагы Шериктеш Мамлекеттерде эң белгилүү.

  5. Дүйнөлүк стандартташтыруу уюмунун (ISO) ISO-8859-5. Ал азыркы убакта практикада көп колдонбойт (Oracle базасында гана кеңири пайдаланат), бирок анын колдоосу бардык браузерлерде бар.

Аталган код-ыкмаларга орус, украин, белорус, болгар, македон жана серб тилдеринин тамгалары гана кирип калган.

Кыргызстанда болсо Windows системи кеңири тараган үчүн компьютерлерде колдонгон код-ыкмалардын биринчиси бул Win-1251 код-ыкмасы. Бирок кыргыз алфавити үчүн бир бирөөсүнө окшобогон ар-кандай Win-1251 код-ыкманын модификациялары колдонууда. Бизге белгилүү 4 код-ыкмалар бар, ар бири өзүнүн ариптери менен кошо (аларды колдонгон ариптеринин аттарынан атайлык). Бул – MENCHIK, KYRGYZ BALTIKA, UniToktom жана Tamga-Q код-ыкмалар. Биринчи 3 код-ыкмалардын жана ариптеринин авторлору белгисиз. Өзүнчө Tamga-Q код-ыкмасы турат. Анын автору белгилүү (Асанов Э.Д). Бул код-ыкмасы менен кошо чоң арип жыйнагы да тараган (жалпы ариптеринин саны 70 ашык). Башка код-ыкмаларга салыштырганда, Tamga-Q Windows (1251) жана DOS (866) кодбарактары менен туура иштейт. Аталган Tamga-Q код-ыкмасы жана ариптери 1995 жылдан бери кыргыз тилинде чыккан гезиттеринде жана полиграф мекемелердин көпчүлүгүндө колдонот.

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө жаңы универсалдуу UNICODE системин куруу процесси аяктап калды. Бул системде бир код-жадыбалында дүйнөдөгү бардык тилдердин алфавиттери жайгаштырылган. Ар-бир тамгага 2 байт чектелген, жалпы тамгалардын саны 65535 тамга. Так ушул системди компьютер индустрия менен байланышкан алдыда турган корпорациялар жана фирмалар стандарт катары кабыл алышты. UNICODE системи азыркы кездеги жаңы маалымат технологияларда кеңири колдонуп жатат.

Клиент-сервер архитектуранын чегинде курулган көп кабаттуу колдонмолордо же програм комплекстеринде, ушундай эле Интернет аркылуу маалымат алмашууда, мурунку код-ыкмаларга салыштырганда UNICODE пайдалануу жалпы програм-системди колдоо үчүн чыгымдардын төмөндөшүн алып келет. Андан тышкары UNICODE эч бир өзгөрүүсүз ар-кандай платформ, тилдер жана өлкөлөр үчүн бирдей програм-продукт же Интернет-сайтты жаратканга мүмкүнчүлүктү түзөт. Windows-дун NT технологиясында болсо (NT, 2000, XP версиялар) көп-тилдүү режиминде Unicode системи толук түрүндө колдонот2.

Айтмакчы, Windows XP системинде кыргыз тилдин кирил алфавити айтылган UNICODE системдин негизинде түзүлгөн.

Кыргызстанда болсо тилекке каршы маалымат-байланыш технологияларда мамлекеттик тилди пайдалануу үчүн мамлекеттик стандарттар азыркыга чейин да жок. Стандарттын жоктугу кыргыз тилде жана кыргыз тил үчүн жасалган даяр програмдарды пайдаланганга бут тозот. Албетте, бизде бүгүн башка зор маанилүү проблемдер да бар. Бирок стандарт проблемасына толугу менен көңүл бурулмайынча компьютер аркылуу кыргыз тилдин өнүгүү проблемдери эч качан чечилбейт.


=============================================================

V. Компьютерлерди жана програмдарды кыргыздаштыруу маселесине
техникалык көзкараштар.

(Технические аспекты проблемы кыргызификации компьютеров и программ)


Основа для компьютеризации кыргызского языка – это, конечно же "кыргызификация" компьютеров и компьютерных программ, включая операционные системы (ОС). На мой взгляд, сегодня существует 9 основных технических проблем "кыргызификации", решение которых и даст возможность полноценной компьютеризации государственного языка. Что же это за проблемы?

1. Отсутствие государственных стандартов кодовые таблицы и раскладки клавиатур.

Как было отмечено ранее, существование множества кодировок символов кыргызской кириллицы привело к тому, что учреждения и организации Кыргызской Республики не могут в полной мере обмениваться информацией. Однако речь не идет только об одной Windows кодировке ANSI, стандартизация которой позволит решить только часть проблем "кыргызификации



2. Зависимость от особенностей используемого прикладного ПО.

Даже решение проблемы стандартизации не позволяет в полной мере говорить о возможности использования кыргызского языка. Это обусловлено большим разнообразием программ, которые каждая по-своему трактуют возможность использования того или иного языка. Большинство популярных программ разработано крупными мировыми производителями, которые при создании ПО не учитывали возможность использования кыргызского языка, а разрабатывались, в лучшем случае, на тех языковых установках, которые предусматриваются в ОС. Здесь важно отметить, что только в последней версии ОС Windows XP реализована поддержка кыргызского языка на уровне системы, но только в стандарте UNICODE. Это означает, что большинство программ, использующих ANSI или DOS-кодировку, не будет полноценно поддерживать кыргызский язык. Из всего этого следует, что возможность использования кыргызского языка связана и зависит от двух важных факторов:



  • от самого прикладного ПО и способа его реализации;

  • от версии операционной системы.

Комбинация этих двух составляющих дает самые разные результаты, то есть в каком-то случае кыргызский язык будет поддерживаться, в каком-то частично, а в каком-то и вовсе нет. В связи с этим надо отметить, что внутренняя архитектура и технологии операционных систем семейства Windows, не смотря на общее имя, очень сильно отличаются. Можно условно выделить два класса операционных систем семейства Windows, а именно Windows 95/98/ME и Windows NT/2000/XP. Различие способов внутренней организации разных версий Windows также вызывает немалые трудности при попытке единообразно решить вопрос поддержки кыргызского языка для всех версий Windows.

3. Устойчивость к изменениям в работе ОС.

Существовавшие до сих пор решения по поддержке кыргызского языка характеризуются слабой устойчивостью работы к малейшим изменениям в ОС. Пользователям регулярно время от времени требуется их переустановка, так как они могут перестать нормально функционировать в случае, если в систему устанавливали какое-нибудь новое ПО, изменяющее системные модули и настройки. Как известно, многие программные продукты, особенно продукты Microsoft, при установке обновляют системные файлы и данные реестра Windows под свои стандартные требования, и это неизбежно отражается, в той или иной степени, на возможность последующего использования кыргызского языка.



4. Шрифтовое обеспечение.

До недавнего времени ввиду отсутствия шрифтов, содержащих символы кыргызского языка, многим разработчикам приходилось самим разрабатывать такие шрифты. Однако создание качественного нового шрифта процесс трудоемкий и требует специальных знаний в области шрифтовой графики и стандарта UNICODE. На сегодняшний день уже существуют UNICODE-шрифты с символами кыргызского алфавита, разработанные крупными мировыми производителями, специализирующимися в области шрифтов. Большинство таких шрифтов поставляется вместе с программными продуктами корпорации Microsoft. Использование таких шрифтов гарантирует пользователям качество и обеспечивает читабельность документов при переходе на другие программные продукты или их версии.



5. Буфер обмена.

Работа буфера обмена сильно зависит от версии ОС. В любом случае при переносе информации посредством буфера обмена происходит конвертация текста из одной кодовой таблицы в другую и обратно. Конвертация символов осуществляется согласно специальным таблицам перекодировок. Эти таблицы являются частью ОС, в которой может отсутствовать информация о символах кыргызского алфавита. Поэтому при работе с буфером обмена может иметь место потеря информации вследствие неверной конвертации. Поэтому, чтобы работа буфера была правильной, должна так же правильно осуществляться конвертация данных из UNICODE в ANSI, UNICODE в DOS, ANSI в DOS и обратно.



6. Сетевое использование.

Если говорить о полноценном использовании кыргызского языка при работе на компьютере, то нельзя обойти стороной такой вопрос, как использование его в локальных корпоративных сетях. При использовании символов кыргызского алфавита в именах файлов, папок и ярлыков они становятся недоступными в сети. Это является следствием отсутствия правильной интерпретации символов3. При наличии же правильных таблиц соответствия у вас будут так же правильно обрабатываться файлы и папки с кыргызскими именами, как в сети, так и на локальном компьютере, независимо от версий используемой ОС.



8. Системы управления базами данных.

Большинство современных баз данных не поддерживает данные на кыргызском языке, что также является существенным препятствием на пути использования кыргызского языка. Речь идет в первую очередь о функциях поиска данных например по заданной маске, а также о сортировке данных согласно алфавиту кыргызского языка.



8. Интернет и электронная почта.

Проблема использования кыргызского языка в такой быстро развивающейся сфере, как Интернет, актуальна уже не первый год. Имеются какие-то частные решения, но нет общего решения, устраивающего всех. Использование кыргызского языка при написании электронных писем, а также гарантированная читабельность получаемых писем – это те проблемы, которые до сих пор в государственном масштабе вообще никак и никем не решались.



9. Языковая среда на кыргызском языке.

Нет обеспечения полноценной кыргызской языковой среды в программах, а именно отсутствует интерфейс приложений на кыргызском языке. У многих бытует ошибочное мнение, что это является обязанностью крупных фирм-разработчиков, в частности Microsoft. К сожалению (а может быть и к счастью) Microsoft Кыргызстану ничем не обязан, и, поэтому о выходе кыргызской версии Windows приходится только мечтать. Локализовать же Windows можно было бы и собственными силами, однако в ближайшем будущем этого не предвидится в силу ряда причин, а именно:



  1. Отсутствие в Кыргызстане цивилизованного рынка программного обеспечения вообще, поэтому из-за пиратства частные инвестиции могут и не вернуться;

  2. Отсутствие у программистов мотивации в разработке приложений с кыргызским интерфейсом по причине отсутствия финансирования;

  3. Незаинтересованность бизнес-структур в финансировании работ подобного рода вследствие отсутствия для них экономических и политических стимулов;

  4. Отсутствие сформировавшейся единой терминологической базы;

  5. Отсутствие государственной политики в области функционирования электронной формы кыргызского языка.

И, тем не менее, вопрос обеспечения полноценной кыргызской языковой среды в системном и прикладном программном обеспечении требует своего решения.

=============================================================



VI. Что нам нужно сейчас для компьютеризации и развития кыргызского языка?
(Кыргыз тилди компьютерлештирүү жана өнүктүрүү үчүн бизге азыр эмне керек?)

Менин оюмча, кыргыз тилди компьютерлештирүү маселесин жемиштүү чечүү үчүн бизге азыр тилчилер, инженерлер, програмчылар, систем-аналитиктер жана котормочулардан турган атайын биргелешкен мекемелер аралык изилдөө-өндүрүш Борбордун болушу өтө зарыл.

Ошол Борбордун алкагында эки чоң маселени биргелешип чечсе болот эле.


  1. Биринчиден бул жаңы програмдык жабдыктарды жаратуу, анын ичинде:

  • Кыргыз тилде жана кыргыз тил үчүн жасалган компьютердик програмдар жана компьютер аркылуу окутуу методикалар;

  • Ар-кандай багыттагы ар-түрлүү электрондук сөздүктөр жана маалыматтагычтар;

  • Дүйнөдөгү негизги тилдерге жана ошол тилдерден котормо-тилмеч програмдар жана технологиялар.

  • Оптикалык текст таануу програмдар;

  • Текстти үн түрүндө таануу жана үн түрүндө чыгаруу програмдар жана технологиялар;

  1. Экинчиден болсо бул компьютердик лингвистика боюнча атайын адистерди даярдоо.

Айтылган програмдардын жана адистердин пайда болушу кыргыз тилинде "кагазсыз" документ айлануу жана документ иштөө технологияларды толугу менен колдонгонго жол ачат жана сөзсүз "электрондук" өкмөт принциптерин тез түрүндө ишке ашырат. Жалпы кыргыз тилинде билим берүү жана кыргыз тилинде илимдин өнүгүшүнө себеп болот.

VII. Жыйынтыктар жана сунуштар.

Калкыбыз глобалдуу маалымат дүйнөгө өтүүдө, өзүнүн улуттук-маданий айырмачылыгын жана өзгөчөлүгүн жоготпос үчүн чоочун маалымат ресурстарды компиляциялап колдонгончо, биринчиден өзүнүн улуттук тилинде маалымат ресурстарды жаратып аларды колдонушу керек. Албетте, жалпы дүйнөлүк тажрыйбаларга таянып.

Тил жана маданият проблемдерди биз өз-улуттук маалымат ресурстарды өнүктүрүү жолу менен чечишибиз керек. Ал үчүн, жалпы маалымат базарынан биз өзүбүздүн сегментибизди чектеп анан аны толтурушубуз керек, эң биринчиден Web-ресурстардан башташ керек. Бул процесске коомдун бардык кабаттардын кызыкчылыктарына дем берүү үчүн, мамлекеттик колдоо, башка сөз менен айтканда экономикалык дем берүү жана жөнгө салуу керек.

Сөзүмдүн аягында түрк тилдер боюнча өзүнчө ой-пикиримди айткым келет. Баарыбызга таанымал факт: дүйнө жүзүндө түрк тилдери Евразия континентинде чоң аймакты ээлеп турушат – Батыштан Балкан тоолорунан баштап Чыгыш Сибирге чейин, Түндүктөн Арктикадан баштап Перс булуңуна чейин. Бирок ага карабастан, түрк тилдери бири бирине өтө жакын жана окшош. Ошондой эле бүтүн дүйнөлүк глобалдуу маалымат коомуна түрк элдеринин кирүү проблемдери дагы жакын. Бул проблемдерди координация түрүндө чогу чечкенибиз туура го деп ойлойм, мейли регион деңгээлиндеби, же болбосо жалпы дүйнө деңгээлинде болобу.

Ал үчүн "Түрк тилдердин азыркы маалымат коомдогу проблемдерин изилдөө борбору" деген сыяктуу түрк-тилдүү улуттар аралык мекемени куруу керек. Аталган борбор түрк тилдеринин програмдык жабдыктарын стандартташтыруу жана окшоштуруу проблемдерин чечиши керек.

Аны кандай түшүнсө болот?



  1. Улуттук код-ыкмалар жана маалымат алмашуу стандарттарын иштеп чыгуу жана аларды бири-бирине шайкештөө жана гармонизациялоо. Ошондой эле даяр стандарттарды ар бир өлкөдө колдонгонго сунуштады иштеп чыгуу.

  2. Улуттук жана дүйнөлүк маалымат алмашуу стандарттарды шайкештөө.

  3. Түрк тилдеринин синтаксистерин жана грамматикаларын текшерүүчү технологияларды жана ошондой эле програмдык жабдыктарды жаратуу.

  4. Электрондук сөздүктөр, маалыматтагычтар, тилмеч жана башка керектүү програмдарды жаратуу.

  5. Түрк тилдеринде жана түрк тилдер үчүн жасалган окутуу програмдарды жаратуу.

  6. Түрк мамлекеттер жана Орусиянын түрк тилдүү (Татарстан, Башкырстан, Якутия, Хакасия, Тува, Алтай) аймактар үчүн програмдык жабдыктарды жаратуучу адистерди даярдоо, стажировкалоо жана аларды техникалык менен методикалык жактан колдоо.

Айтылгандын баарын жыйынтыктаганда, менин оюмча, түрк тилдүү өлкөлөрдүн координация түрүндөгү биргелешкен аракеттер, баардык түрк тилдерди кыска убакытта жана тез түрүндө жаңы маалымат коомго алпарат. Сунуштарымды конференциянын резолюциясына киргизгенге суранам.

Тиркеме


Өзгөчө белгилер:

■ - аныкталган маалымат;
? - аныкталбаган маалымат.

Функциялар (текст иштетүү үчүн аспаптар)

Тил группасы

Тил

Орфо­графияны текшерүү

Грамма­тиканы текшерүү

Сино­нимдер сөздүгү

Ташымал

Славян

Болгар











Поляк









Орус









Серб











Словак










Словен










Украин









Хорват










Чех










Герман

Англис









Голланд









Немис









Норвег









Швед









Роман

Галисия











Испан









Италия









Каталан










Португал









Румын










Француз









Түрк

Азербайжан

?










Башкыр













Казак











Кыргыз











Өзбек

?










Татар

?










Түрк










Түркмөн













Якут













Угр-финн

Мажар (Венгр)









Финн









Эстон



?





Башка тилдер

Кытай












Корей











Жапон















1 Ушунун баары "Башка тилдердин ахыбалдары болсо кандай?" деген суроону туудурат. Тиркемеде көрсөтүлгөн жадыбал бул суроого толугу менен жооп берет. Бул жадыбал Майкрософттун Windөws XP системиндеги улуттук тилдерди колдоолор жөнүндө расмий маалыматтарга жана Интернет аркылуу келген маалыматтарга таянган.

2 Азыркы учурда компьютердик технологияларда негизги тилдер менен теңме тең кыргыз тилин колдонууга Windows XP версиясы кеңири жол ачып берди.

3 Как известно, файловая система ОС Windows при записи имен файлов сохраняет его в двух кодировках, а именно в DOS и UNICODE. Поэтому при создании нового файла или папки с кыргызскими символами в наименовании должна происходить одновременная запись в обеих кодировках.


Кыргыз тилди компьютерлештирүүбү же компьютерлерди кыргыздаштыруубу биринчи максат эмне?

Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол

205.73kb.

12 09 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине кыргыз республикасын туруктуу өНҮКТҮРҮҮНҮн улуттук стратегиясы

Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ

2665.64kb.

14 12 2014
21 стр.


Мана с кыргыздардын баатырдык эпосу манас. Баатырдык эпос. Үчилтиктин биринчи бөлүгү. Канондоштурулган вариант. Тыкандап түзгөн

Тыкандап түзгөн – Бексултан Жакиев, кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры

5141.14kb.

25 12 2014
56 стр.


«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет

56.78kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салыштырма таблица

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

69.1kb.

23 09 2014
1 стр.


Хөснинең “ Йөзек кашы” әсәренә анализ ясау. Максат

Максат: Әсәрдә конфликтларны табарга өйрәнү, аларның чишелешен, әһәмиятен аңлату

42.35kb.

23 09 2014
1 стр.


Президент Роза Отунбаева бир катар кадрдык дайындоолорду жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйг

16.3kb.

01 10 2014
1 стр.