Перейти на главную страницу
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда мамлекеттик бюджеттик салыкты өркүндөтүү жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшүн этабы менен көбөйтүү жана башка салыктарды жергиликтүү бюджеттердин курамына киргизүү, стимулдоочу гранттарды бөлүштүрүү механизмин кайра карап чыгуу, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды финансылоонун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын чыңдоого багытталышы керек.
Шаарлардын жана айылдардын экономикасын өнүктүрүү үчүн муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дем берүүчү, ошондой эле ишкердиктин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.
Шаарларды жана айылдарды комплекстүү өнүктүрүү үчүн ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алардагы өзгөчөлүктөрдү жана өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясын (Программаларды) иштеп чыгышы жана жүзөгө ашыруусу зарыл.
Региондордогу мамлекеттик долбоорлорду финансылоону контролдоо маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жогорулатуу максатка ылайыктуу болот.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жоопкерчилигин жана ролун жогорулатуу, жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын алдында алардын отчеттуулугунун формаларын өркүндөтүү,.
6. Кесипкөйлүктү жогорулатуу жана муниципалдык кызматтардын потенциалын чыңдоо. Бул маселелерди чечүү үчүн муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, муниципалдык кызматчыларды эмгегинин натыйжасына жана анын эмгек акыга таасирине баа берүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, муниципалдык кызматчынын этикалык Кодексин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун толук иштешин жана аны андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийлик түзүмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды комплекстүү өнүктүрүү маселелери үчүн жооптуу, жогорку рангындагы адистештирилген органды түзүү максатка ылайыктуу.
Колдонуудагы сот системасы конституциялык принциптерге жана институттук, ошондой эле материалдык жана процесстик укуктарды жөнгө салуу чөйрөлөрүндө сот адилеттигин жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына кыйла деңгээлде жооп бербейт.
1994-2009-жылдарда жүргүзүлгөн кайра түзүүлөр сот системасын мамлекеттик саясаттан тышкары турган жана укуктун үстөмдүгүнө кепилдик берүүчү толук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик бутагына айландыра албады.
Соттордун статусун бекемдөө үчүн көрүлгөн чараларга карабастан сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты жана маданияты жакшырган жок. Соттордун кадыр-баркы жана судьяларга карата коомдун ишеними төмөндөп кетти.
Судьялар жана судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин бардыгы эле судьялардын статусу – бул бийликке жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу эмес, ал жоопкерчилик маселеси экендигин аңдап түшүнө беришпейт.
Ушул мезгилге чейин компетенттүү эмес жана таза эмес судьялардан сот системасын тазалап арылтуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү жана ишке киргизүү мүмкүн болбой келди.
Мыйзамга туура келбеген чечим чыгаргандык, соттук функцияларды квалификациялык эмес жүргүзгөндүк жана соттук баш-аламандыктар үчүн жоопкерчилик механизмдери жетиштүү түрдө иштелип чыккан эмес.
Сот түзүлүшүнүн колдонуудагы системасы сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүктү жана сотто кетирилген катачылыктарды оңдоо мүмкүнчүлүгүн толук деңгээлде камсыз кыла албайт.
Сот адилеттигинин сапаты судьялардын адистешүүсүнүн жетишсиздигинен, алардын функцияларын кеңейтүүнүн (камакка санкция берүү ж.б.) кесепетинен соттордун иш оорчулугунан жана сотко чейин жараштыруунун натыйжалуу механизмдеринин жоктугунан улам төмөндөп кетти.
Соттук башкарууда коррупциялык көрүнүштөргө көмөктөшүүчү механизмдер сакталууда.
Сот өндүрүшү башкы милдетти – калыс, ачык жана адилеттүү сот укуктарын камсыз кылууну чечпей жатат.
Соттук териштирүү жетиштүү түрдө ачык эмес, ал эми сот актылары коомчулукка анча жеткиликсиз, мыйзамдарда соттук материалдарга жана архивдерге кеңири жеткиликтүүлүк жөнгө салынган эмес.
Жазык сот өндүрүшүндө айып коюуга басым жасоо көбүрөөк, соттук карап чыгуу үчүн мыйзамда аныкталган мүмкүнчүлүктөрүндө мындай карап чыгуулардын алкагында сот тарабынан чыгарылуучу чечимди негиздөө бөлүгүнө өтө жогорку талаптарды аныктоо зарыл.
Сот системасын мамлекеттик финансылоонун кыскарышы сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этүүдө.
Кыргызстандын калкы 2010-жылы Конституцияны кабыл алуу менен көз карандысыз жана натыйжалуу сот системасын тандап алды. Бийлик бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү сот системасын реформалоо процессин бекемдөө зарыл экендигин түшүнүп турат.
Бул багыт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп калат. Коом сот системасында оң бурулуштарды жана өзгөрүүлөрдү күтүп жатат
Мамлекет жана коом көз карандысыз сот системасына шарт түзүү боюнча бүткүл күч-аракеттерди көрөт.
Сот системасын андан ары реформалоо азыркы администрациялык, жазык, жазык-процесстик, жарандык процесстик мыйзамдарды, ошондой эле соттордун, укук коргоо органдарынын иштерин уюштурууну жөнгө салуучу мыйзамдарды жана сот адилеттигин жүргүзүү маселелерине түз же кыйыр түрдө байланышкан мыйзамдарды жаңылоону болжолдойт. Ал формасы жана мазмуну боюнча коомдук муктаждыктарга, илимий мамилелерге жана практикалык тажрыйбага жооп берүүгө, эл аралык-укуктук стандарттарга дал келүүгө тийиш.
Сот системасы ачык-айкын болууга, ал эми анын түзүмдөрүнүн иштери жөнүндө маалымат жарандык коом тарабынан контролдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Акыр аягында сот көз карандысыз, жеке кызыкчылыктардан, саясый азгырыктардан жана идеологиялык ынанымдардан эркин, мамлекетте мыйзамдуулуктун жана акыйкаттуулуктун кепилдиги катары чыгуучу сот болууга тийиш.
Күчтүү сот бийлигинин болушу экономикалык укуктук мамилелердин туруктуулугунун жана өлкөнүн экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуунун негизи болот.
Кыргызстандын азыркы шартында соттордун жана укук коргоо органдарынын колдонуудагы системасын трансформациялоого жана алар сапаттуу жаңы түзүмгө өсүп жетилгенге чейин бузуп-жарбастан жаңылоо кыйла акыл-эстүү жана үнөмдүү болуп саналат. Сот системасындагы структуралык өзгөртүүлөр колдонуудагы уюштуруу структурасына таянып, аларды акырындык менен сапаттуу жаңы мазмун менен толуктоо аркылуу этабы менен өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын
Ал үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү зарыл:
- сот системасын реформалоо;
- сот өндүрүшүнүн тартибин өркүндөтүү;
- сот адилеттигин гумандаштыруу;
- укук коргоо органдарын реформалоо.
Соттук реформа жетишилген ачык-айкын натыйжаларга жараша бааланууга тийиш. Андай натыйжалардын арасында биринчи кезектегилер болуп төмөнкүлөр саналат:
- адамдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- сот корпусун кесипкөйлүккө жана кынтыксыздыкка негизделген судьяларды ачык-айкын тандоо аркылуу жаңыртуу, ошондой эле судьялардын таза болушу жана алардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- сот системасынын ачык-айкындуулугун жана анын иши жөнүндө маалыматтардын жарандык коом үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- сот процессинде тараптардын далил тартыштыгын камсыз кылуу;
- иштеп жаткан мамлекеттик институттар менен катар эле чыр-чатактарды чечүүнүн альтернативалуу механизмдерин өнүктүрүү;
- укук коргоо системасынын жана соттордун ишинде айып коюуга басым жасоодон арылуу, калыс сот өндүрүшүн камсыз кылуу;
- адамдарды кыйноолорду колдонуу коркунучунан, беделин түшүрүүчү мамиледен арылтуу;
- ар бир адамга квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- жабырлануучулардын укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүү, өндүрүп алуулар жөнүндө соттук чечимдерди кыска мөөнөттө реалдуу аткаруу;
- соттук иштерди ар тараптуу, толук жана калыс кароо процессине таасир көрсөтүү аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигин практикада колдонуу;
- судьялардын, соттордун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын системалуу негизде жогорулатуу.
сот системасын анын чыныгы муктаждыктарын эске алуу менен тиешелүү түрдө финансылоо.
Сот системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр этап боюнча, администрациялык мыйзамдарды, жазык мыйзамдарын, сот түзүлүшү жөнүндө мыйзамдарды жана процесстик мыйзамдарды акырындык менен өнүктүрүүнүн базасында жүргүзүлүүгө тийиш, ал төмөнкүлөргө багытталат:
- сот түзүлүшүн өркүндөтүүгө;
- соттук көзөмөлдү өркүндөтүүгө;
- тергөөнү реформалоого;
- сот өндүрүшүнүн далил тартыштыгын өркүндөтүүгө;
Администрациялык, жазык мыйзамдарын, сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды, процесстик мыйзамдарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттери төмөнкүдөй чараларды жана механизмдерди киргизүү болуп саналат:
- сот адилеттигинин ачык-айкындык принцибин ишке ашырууну камсыз кылуу;
- сот өндүрүшүн соттордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында конституциялык негиздерде уюштуруу, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктарын толук жүзөгө ашыруу, ошондой эле соттук катачылыктарды милдеттүү түрдө түзөтүү механизмдерин киргизүү;
- сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктарын натыйжалуу коргоону жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бирдиктүү соттук практиканы түзүү;
- каалаган ар бир жаран тааныша алгыдай (жабык сот жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди кошпогондо) бардык соттордун чечимдеринин маалыматтар базасын түзүү;
- судьялардын тартип жоопкерчилигинин натыйжалуу механизмин киргизүү, алар кабыл алган чечимдердин сапаты үчүн судьялардын жоопкерчилигин мыйзамдык жактан бекемдөө;
- колдонуудагы мыйзамдарды кыйноолорго жана башка аеосуз, адамкерчиликсиз жана ар-намысты басмырлоочу мамиленин жана жазалоонун түрлөрүнө каршы 1984-жылы
- жазык мыйзамдарын либералдаштыруу жана коомго көп коркунуч келтирбеген, анын ичинде экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды администрациялык укук бузуулар категориясына которуу жана аларды жасагандык үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү менен декриминалдаштыруу, ошондой эле жазаны жеңилдетүү жолу менен айрым кылмыштардын оордук даражасын кайра баалоо;
- эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, анын ичинде айып, үч эселенген айып салуу, коомдук иштерге тартуу жана эркиндигин чектөө, ошондой эле камакка алууга альтернативдик бөгөт коюу чаралары түрүндөгү жазаларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
- жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү андан ары өркүндөтүүгө, анын оперативдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде тергөө менен кызматташкан айыпталуучуларга карата мыйзамсыз кысымга алуудан жана тергөө тараптан мажбурлоодон натыйжалуу коргоону камсыз кылуу, мындай механизмдердин мыйзамдуулугуна прокуратура органдары тараптан контролдукту камсыз кылуу шартында кубаттоо ченемдерин киргизүү аркылуу жогорулатуу;
- жазык сот өндүрүшүндө жараштыруу жол-жоболорун кеңейтүү, анын ичинде медиация институтун өнүктүрүү, ошондой эле жеке жана жеке-ачык айыптоо жазык иштеринин категориясын кеңейтүү, буга аялдарга, жашы жете электерге карата зомбулуктар жөнүндө, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле кылуу жөнүндө иштер кирбейт;
- тараптардын жарашкандыгына байланыштуу адамдарды жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартибин жөнгө салуу, анча оор эмес жана оор эмес экономикалык кылмыштарды жасаган адамдарга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу үчүн чектөөлөрдү белгилөө, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун ыктыяры менен толтурган учурда аларды жазык жоопкерчилигинен бошотуу;
- талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкары ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбанын негизинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;
- адамдын жана жарандын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылуучу соттук реформалоонун башка багыттары.
2.9. Укук коргоо органдарын реформалоо, алардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу
Ички иштер, прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тергөө аппаратынын (мындан ары – укук коргоо органдары) эгемендик жылдарында түзүлгөн укук тартип, уюштуруу жана иштөө системасын камсыз кылуу, ошондой эле алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясында бекемделген мамлекет жана коомдун иштешинин саясый жана экономикалык жаңы шарттарына ылайык келбейт.
Укук коргоо органдары азыркы түрүндө кылмыштуулукка натыйжалуу каршы тура албайт. Коррупция, кесипкөйлүктүн жетишсиздиги, материалдык-техникалык жана финансылык камсыз кылуунун жетишсиздиги – укук коргоо органдар системасынын азыркы курч абалын аныктаган диагноз мына ушундай.
Укук коргоо органдар системасын реформалоону төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүргүзүү сунуш кылынат:
- укук коргоо органдарынын ачыктык деңгээлин жогорулатуу, алардын сырттан мамлекеттик жана коомдук контролдоо үчүн жеткиликтүүлүгү;
- артыкбаш, кайталанма функциялардан жана ыйгарым укуктардан арылуу;
- жарандарды (инсандарды) жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга күч-аракеттерди топтоо;
- кадр ишиндеги терс көрүнүштөрдү жоюу, кадрларды талапкерлердин кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттарынын негизинде тандоо, жогорку кесипкөй жана ак ниет кызматкерлердин кызмат жагынан өсүшүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында, улуттук азчылыктардын, аялдардын, калктын башка аялуу топторунун өкүлчүлүгүнүн болушун, анын ичинде атайын убактылуу чаралардын системасы аркылуу камсыз кылуу;
- кылмыш кылгандардын артынан түшүү жагынан укук коргоо органдарынын ишине баа берүүгө бирдиктүү мамиле кылууну мыйзам менен бекемдөө;
- укук коргоо органдарын финансылоонун тартибин аныктоодо бюджеттер аралык мамилелер принциптерин жүзөгө ашыруу;
- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жана укуктук жактан коргоо маселесине бирдиктүү мамилени мыйзам менен бекемдөө укук коргоо органдар системасын комплекстүү реформалоонун приоритеттүү багыттарынын бири болуп калууга тийиш.
Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, аларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана финансылык механизмдерин белгилөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин мыйзам менен конкреттештирүү зарыл.
2.10. Улуттук коопсуздуктун комплекстүү системасын түзүү
Укуктук мамлекетти калыптандыруу, мамлекеттүүлүктү сактоо жана бекемдөө, Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгуу милдеттерин чечүү улуттук коопсуздук маселесине комплекстүү мамилени талап кылат.
Акыркы убакта дүйнөдөгү жана борбордук азиялык региондогу окуялар жалпы дүйнөлүк проблемаларды, ошондой эле дүйнөнүн айрым региондорундагы чыңалуу очокторун күч колдонуп чечүү ыкмаларынын таасири өсүп жаткандыгын айгинелейт.
Азыркы учурга чейин Кыргызстанда улуттук коопсуздук өзүнчө тармак катары обочолонуп жана ушул кезге чейин күч түзүмдөрүнүн ишинин алкагынан чыкпайт. Ошону менен бирге азыркы дүйнөдө мамлекетке же айрым адамдарга карата зомбулук менен байланышпаган улуттук коопсуздукка коркунучтар пайда болуп жатат.
Улуттук коопсуздукка тармактык мамиле кылуу анын маанисин тарытат жана күч блогунун көз жаздымынан сырткары турган коркунучтарды баамдоого мүмкүнчүлүк бербейт: б.а. улуттук коопсуздук мамлекеттин тышкы чек араларын кайтаруу, ар кандай бузуку күчтөргө каршы күрөшүү же коргонуу катары гана түшүнүлүп калган.
Улуттук коопсуздук маселелерин жана аларды чечүүнүн жолдорун комплекстүү көрө билүү коргоо Кеңеши жактырган жана Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен улуттук коопсуздук Концепциясында баяндалган.
Өлкөнүн улуттук коопсуздугунун комплекстүү системасын түзүү үчүн төмөнкүдөй приоритеттүү милдеттерди чечүү керек:
- кыргыз мамлекетин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын адам укугунун негиз түзүүчү принциптерин сактоо менен эл аралык аренада ички жана тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылуу;
- аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын чек араларын бекемдөө боюна иш уланат);
-мамлекеттик чек арада өлкөнүн кызыкчылыгын коргоонун кеңири ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар атайын көп тармактуу мамлекеттик системаны түзүү, чек ара инфраструктураларын курууну аяктоо жана өркүндөтүү, чек араны кайтаруунун заманбап ыкмаларын жана методдорун киргизүү;
- конституциялык түзүлүштү коргоо. Мамлекеттик бийлик институттарынын аракетке жөндөмдүүлүгүн, укуктук системанын иштешин камсыз кылуу;
- өздүк маданий-салттуу баалуулуктардын алкагында коомдук процесстерди коргоону жана коомдун өнүгүүсүн камсыз кылуу, өлкөнүн өнүгүү жана коопсуздук таламында коомдук процесстерди форматтоо;
- улутчулдукка жана этностук сабырсыздыкка каршы туруу, коомдук мамилелер системасында этнорегиончулуктан арылуу, республиканын калкынын жалпы жарандык бирдейлигин калыптандыруу;
- мамлекеттик дин саясатын жана мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзүн камсыз кылуу, диний негизде мүмкүн болуучу укук бузууларды болтурбоо боюнча алдын-алуучу иш-чаралардын комплексин адамдардын эрк билдирүүгө жана дин тутууга укугун сактоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштеп чыгуу;
- коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги мафиясына каршы системалуу күрөшүү. Формалдуу эмес (көмүскө) экономиканы легалдаштырууга өбөлгө түзүү;
-инсандын жана анын менчигинин коопсуздугун камсыз кылуу;
- бүткүл күч блогун кайра калыпка салуу. Күч блогун реформалоодо улуттук коопсуздук системасында милдеттерге жараша функцияларды так бөлүштүрүүгө, алардын иштеринин укуктук мамлекеттин принциптерине жана ченемдерине дал келишин камсыз кылууга негизги басым жасалууга тийиш.
2.11. Аскердик коопсуздукту камсыз кылуу
1992-жылы Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кабыл алынган Советтер Союзунун коргоо комплексинин жана чар-жайыт аскердик түзүлүштөрдүн аз бөлүгү көз карандысыз мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келген эмес. Өлкөнү куралдуу коргоонун толук жана натыйжалуу системасын түзүү үчүн аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун өздүк мамлекеттик системасын куруу талап кылынган.
Азыркы учурга чейин Кыргызстан коргонуу курулуш чөйрөсүндө маанилүү натыйжаларга жетише алган жок. Бүгүнкү күндө бул системанын дээрлик бүткүл компоненти канааттандыраарлык эмес абалда. Коргонууну башкаруу жана ар тараптуу камсыз кылуу системасы кайра карап чыгууну жана чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылат. Куралдуу Күчтөрдүн өзүндө дагы чечүүнү талап кылган кыйла маселелер топтолгон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга орун алган жана божомолдонгон согуш коркунучтарынан коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарына жооп берген заманбап мамлекеттик аскердик саясаттын негиздерин түптөө зарыл. Бул үчүн негизги максаттуу документти – Аскердик доктринаны кабыл алуу зарыл, анын долбоору азыркы учурда иштелип чыгууда.
Бул чөйрөдө 2013-2017-жылдарга стратегиялык максат Кыргыз Республикасынын аскердик реформасын жүргүзүү үчүн ченемдик-укуктук жана материалдык-техникалык базаны план ченемдүү түзүү болушу керек, ал мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жана Куралдуу Күчтөрдүн аскердик жөндөмдүүлүгүнүн орун алган проблемаларын четтетет.
Стратегиялык максатка жетишүүдө аскердик саясатта бирдиктүү көз караштарды жана мамилелерди иштеп чыгууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аскердик түзүлүшүнүн стратегиясында аскердик реформаны өткөрүүнү уюштурууга негизделген аскердик пландаштырууну жана жолун-жолдоочулукту камсыз кылуу зарыл.
Республикалык бюджеттен финансылоону, ошондой эле стратегиялык эл аралык өнөктөштүк жана кызматташтыкты жакшыртуунун натыйжасында программалык негизде жакынкы 5 жылда эл аралык уюмдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн заманбап курал-жарак жана техникалар менен толугу менен кайра жабдууну камсыз кылуу боюнча иш башталат.
Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруунун Бирдиктүү борбору түзүлөт, ага төмөнкү милдеттерди чечүү жүктөлөт:
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты өз элинин кызыкчылыктарына баш ийүүгө тийиш. Бул чөйрөдө өзүнүн эл аралык деңгээлге бирдейлештирүүнү издөө зарыл, ал улуттук кызыкчылыктарга, тышкы саясый ресурстарга жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуу механизмине таянышы керек.
Тышкы саясатты жаңыча түшүнүү зарыл, ал өлкөдөгү, региондогу жана дүйнөдөгү абалды ачык талдоого, ошондой эле улуттук кызыкчылыктар учурдагы саясый өнүгүүнүн алкагынан чыгуу менен стратегиялык, узак мөөнөттүү жана глобалдуу болуп саналат деген түшүнүккө негизденүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ачык, ырааттуу жана экономикалык жактан пайдалуу болушу керек. Аны өлкөнүн ички керектөөлөрүнүн жана жарандарыбыздын үмүтүн ишке ашыруунун негизинде жүргүзүү керек.
Жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын ийгилигине берилген негизги баа ата мекендик товарларды эл аралык рынокторго алып чыгуу, Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болууга тийиш.
Эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасында өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин карманган жана аны менен бирге эле өзүнүн улуттук таламдарын коргоого жөндөмдүү бекем жана ишенимдүү өнөктөштү көрүшү керек.
Тышкы саясат коңшулаш мамлекеттер жана дүйнөнүн алдыңкы державалары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен туруктуу, достук мамилелерге негизденүүгө тийиш.
Бул максаттарда төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргызстандын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу тышкы саясый шарттарды түзүүгө багытталган натыйжалуу жана жигердүү тышкы саясат жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- коңшулаш Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен мамилелерди чыңдоо, ошондой эле КМШнын алкагында интеграциялык процесстердин тез өнүгүшүндөгү башкы ролду ойноочу Россия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгуу. Бул тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат;
- чектеш мамлекеттер менен жакшы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдө өз ара түшүнүү, өз ара пайдалуу жана колдоо принциптерине таянуу;
- чет өлкөлүк өнөктөр менен өз ара аракеттенүү, бирдей жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу, эл аралык укуктун ченемдерин кыйшаюусуз сактоо шарттарында түзүлүүгө тийиш. Мында Кыргызстандын өнөктөштөрү да өздөрүнүн милдеттенмелерин сакташы керек;
- ЖККУнун алкагында ишенимдүү жамааттык коопсуздук системасын камсыз кылуу. Эл аралык терроризмге, диний экстремизмге, баңги заттарын сатууга каршы ыкчам жана чечкиндүү аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөөнү аяктоо;
- Кыргызстан менен Россиянын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Түркиянын ортосунда товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумушчу күчтөрүн эркин чыгаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Кыргызстандын Бажы союзуна кириши аркылуу ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн экономикасына өлкөнү интеграциялоону колдоо, чек аралык жана бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;
- Кыргызстан менен дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн ортосунда баруулардын жана визасыз алмашуунун жөнөкөйлөтүлгөн режимин киргизүү саясатын улантуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын таламдарын өлкөнүн чектеринен тышкары жерлерде эл аралык укуктун ченемдерине ылайык мүмкүн болгон дипломатиялык, укуктук жана башка жолдор аркылуу колдоо жана коргоо. Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык механизмдерди жана практикалык ишти андан ары өркүндөтүү;
- АКШ, Европа Союзу, Түштүк-Чыгыш-Азия жана араб регионунун өлкөлөрү менен натыйжалуу экономикалык жана саясый жактан өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөө;
- өз ара пайдалуу экономикалык эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык дипломатияны өркүндөтүү.
3-глава. ЭЛДИН БИРИМДИГИ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ САКТООНУН ЖАНА ИЙГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮНҮН ШАРТЫ КАТАРЫ
Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ
14 12 2014
21 стр.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү
25 12 2014
1 стр.
Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга
16 12 2014
5 стр.
Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол
12 09 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.