Перейти на главную страницу
Кыргызстандын көп улуттуу эли этностордун биргеликте жашоосунун көп кылымдык тажрыйбасына ээ. Өлкөнүн тарыхынын эң көрүнүктүү мезгилдери элдин биримдиги, ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн ортосундагы достук менен шартталган.
Кыргызстан көп этностуу мамлекет болуп саналат. Өлкөдө кыргыздардан тышкары Кыргызстандын калкынын 27,8%ын түзгөн жүздөн ашык ар кандай этностордун өкүлдөрү жашайт. Бирок мамлекеттик саясатта этностук жагдайга дагы көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик жарандык аң-сезимди калыптандырууга көп жылдар бою өзгөчө маани берилген эмес.
Соңку жылдардагы саясый туруксуздуктун фонунда улутчулдук сезимдер күчөп, социалдык катышуу деңгээли төмөндөп, этностук жамааттар өз-өзүнчө обочолонуусу жана бири-бирине ишенбөөчүлүгү орун алып, бул Кыргызстандын адамдык жана социалдык көрөңгөсүн кыйла солгундатууда.
1990-жылдагы этностор аралык жаңжалдан улам келип чыккан көйгөйлөрдүн чечилбегендиги, социалдык-экономикалык оор кырдаал, саясый кризистер жана мамлекеттин чабалдыгы 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө көп сандаган курмандыктарга алып келген кайгылуу окуяларга себеп болгон.
Этностор аралык мамилелер жагындагы көйгөйлөр натыйжалуу, ийгиликтүү тил саясаты жүргүзүлбөгөндүктөн улам ого бетер татаалдашкан. Өлкөдө мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди билген муун өсүп чыккан жок. Тил маселесинин айланасындагы талаш-тартыштар саясатташып кеткен жана майнапсыз болгон.
Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде этностор аралык мамилелерди башкаруу системасы түзүлгөн эмес, бул туруктуу мониторинг жана алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө кедерги болууда.
Кыргыз Республикасын андан ары ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн башкы шарттарынын бири мамлекеттик жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана бардык этностук жамааттардын маданий мурастарын сактоо жана толеранттуулукка тарбиялоо менен бардык этностук жамааттардын башын кошуп, улуттук биримдикти камсыз кылуу болуп саналат.
Бул максатка жетүү боюнча мамлекеттик саясат чараларын жүзөгө ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:
- ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын эске алуу менен демократиялык баалуулуктарды кармануу. Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга, этностор аралык, конфессиялар аралык араздашууну тутантууга, региондук теги боюнча бөлүнүүгө багытталган иш-аракеттерге бөгөт коюу менен укуктун үстөмдүгүн таануу, жарандардын жеке, социалдык, экономикалык, маданий, саясый укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
- мамлекеттүүлүктү жана мамлекеттик жарандык аң-сезимди чыңдоо. Жарандарда өз өлкөсүн демократиялык укуктук мамлекет катары кабылдоо түшүнүгүн өнүктүрүү, өлкөнүн бардык жарандарына тиешелүү жалпы баалуулуктарды бекемдөө менен ар түрдүү этносторго сый-урмат менен мамиле жасоонун ортосундагы тең салмактуулукту табуу. Мамлекеттин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коом институттарынын социалдык биримдикти камсыз кылуу боюнча системалуу ишинин негизинде Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо;
- көп түрдүүлүк биримдигин таануу. Бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын жана башка жарандык коом институттарынын, кадр саясатынан тартып шаар куруу жана архитектураны өнүктүрүүнүн келечектүү пландарына чейинки бардык чөйрөлөрдө биримдик принцибин ырааттуу жүзөгө ашырууга багытталган күч-аракеттерди кубаттоо;
- Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын урматтоо. Мамлекеттин тарыхына урматтоо менен мамиле кылууну калыптандыруу, кылымдар бою иштелип чыккан биримдиктин баалуулуктарын жана идеалдарын, этностордун өз алдынчалуулугун сактоо, маданияттар аралык баарлашууну жана сабырдуулукту өнүктүрүү;
- мамлекеттик тилдин интеграциялоочу ролу. Бардык жарандардын мамлекеттик тилди билүү зарылдыгын коомду баш коштуруунун маанилүү негиздеринин бири катары кабыл алуу;
- дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялануу. Коомдун байлыгы жана кыргызстандыктардын маанилүү атаандашуучулук артыкчылыгы катары көп тилдүүлүктү андан ары өнүктүрүү. Этностук азчылыктардын эне тилин сактоо жана өнүктүрүү кепилдигин камсыз кылуу менен мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк дагы бир тилди билген кыргызстандыктардын жаңы “үч тилдүү” муунун калыптандыруу.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүгө, жарандык коомдун демилгелерин колдоого багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууну талап кылат, алар төмөнкү милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтөт:
Күтүлгөн натыйжа – этностук таандуулукка эмес, жалпы жарандык бирдейликке негизделген мамлекеттүүлүктү чыңдоо.
Алдыга коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу – өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук структураларын, бардык жарандардын системалуу иштерин талап кылуучу узак мөөнөттүү процесс.
Биринчи кезектеги чаралардын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” (2012-жылдын 1-февралындагы №24 ПЖ) Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын Мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө” (2011-жылдын 30-июнундагы №891-V) токтомун аткаруу максатында көп улуттуу Кыргызстан элинин биримдигин камсыз кылууга жана этностук көп түрдүүлүктү башкарууну өркүндөтүүгө багытталган Концепцияны иштеп чыгууну аяктап калды. Бул Концепция бекитилгенден кийин конкреттүү чаралар, индикаторлор, мөөнөттөр жана аларды жүзөгө ашыруунун контролдоо механизмдери менен аракеттенүү планы сунуш кылынат.
Коомду демократиялаштыруунун жана рынок экономикасынын шартында динге кайрылган адамдардын саны кыйла өстү, бул социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилбегендигине, мамлекеттик так идеологиянын жоктугуна жана конфессиялардын жигердүүлүгүнө байланышкан.
Кыргыз Республикасында азыркы учурда түзүлгөн диний кырдаал карама-каршылыктуу мүнөздө. Бир жагынан, өлкөдө жарандар үчүн өз динин эркин карманууга жана жайылтууга бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол эле учурда бир катар көйгөйлөр да бар: ал айрым дин өкүлдөрүнүн радикалдашуусу, анын саясатташуусу, мамлекет жана диний уюмдардын өз ара аракеттенишинин натыйжасыздыгы, диний билим берүү системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү, алардын үстүнөн мамлекеттик жана коомдук контролдун жоктугу.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан мамлекет менен диний жамааттардын, ошондой эле ар кандай конфессиялардын жолдоочуларынын арасына ажырым салган ар түрдүү тышкы диний-саясый долбоорлордун таламдары кагылышкан аянтчага айланып бара жатат.
Соңку жылдары кырдаал бүткүл дүйнөдө жана Борбордук Азия регионунда диний экстремизмдин өсүшү менен да татаалдашууда. Бул террордук актылардын коркунучун түзүп, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.
Муну менен бирге диний экстремизм дегеле дин менен жакындашпай тургандыгын белгилей кетүү керек. Ошондуктан маселе динде эмес, көздөгөн максатына жетүү үчүн динди ар кандай каражатты, анын ичинде зордук-зомбулукту актаган идеологиялык куралга айланткан анын радикалдуу формаларында турат. Экстремизм көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердиги дин окууларын аша-чабуу менен тура эмес түшүнгөндөрдү ээрчип Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген, коомдо кабыл алынган демократиялык ченемдерди жана эрежелерди, адам укуктарын жана эркиндиктерин четке каккан айрым диний бирикмелерге же адамдарга каршы багытталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын
9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы мамлекет менен диний жамааттардын радикалдуу диний агымдарга биргелешип каршы күрөшүү максатын көздөйт.
Диний экстремизмдин көрүнүштөрүн табуу жана бөгөт коюу боюнча укук коргоо органдарынын аракеттери мыйзамдын гана алкагында жүргүзүлүп, алар бөгөт коюуга тийиш болгон коркунучтарга тете болушу керек. Андай болбосо алар динге ишенгендердин бир бөлүгүнүн радикалдашуусуна алып келиши мүмкүн. Диний экстремизмдин алдын алууда негизги маани билим берүү, агартуу иш-чараларына, радикалдашуунун баштапкы себептерин талдоого жана жоюуга берилиши керек.
Кээ бир диний агымдардын радикалдашуусунун себептеринин бири исламдык диний билим берүү системасынын канааттандыраарлык эмес абалы болуп саналат, ал азыркы шарттарга жана коомдун муктаждыктарына жооп бербейт. Өлкөнүн жарандары диний билим алуу үчүн башка мамлекеттерге чыгып жатат. Алардын айрымдары ар кандай диний билимдердин таасирине кабылып, мекенине кайтып келгенден кийин Кыргызстандын эли үчүн бөтөн болгон жашоо ыңгайын, ырым-жырымдарды жасоонун карама-каршылыктуу ыкмаларын, сырткы кебетени жана жүрүм-турумду таңуулашат.
Диний билим берүүнүн стандарттарын мыйзам менен аныктоо, жарандардын өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардан билим алышын тартипке салуу зарыл.
Бүгүнкү күндө коомдо көп дооматтарды пайда кылып жаткан ажылыкты уюштуруу жана өткөрүү иши да тартипке салууну талап кылат.
Дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын максаты диндердин ортосундагы ынтымакты, динге сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, диний жана коомдук институттардын өз ара кызматташуу системасын түзүү болуп саналат.
Бул максаттарга жетүү төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденүүгө тийиш:
Жаңы реалийлерди жана коркунучтарды эске алуу менен ушул стратегияны жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 324 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат Концепциясын кайра карап чыгуу, ошондой эле дин чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагын кароо зарыл.
2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын негизги багыты өлкөнүн жарандарынын социалдык кепилдиктери жөнүндө конституциялык жоболорду мамлекет тарабынан аткарууга, азыркы талаптарды жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстанды гуманитардык жактан өнүктүрүү милдеттерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле жарандардын социалдык укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого топтоштурулат.
2000-жылы Кыргызстан дүйнөлүк шериктештиктин көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле Миң жылдык Өнүктүрүү Декларациясын жана Максаттарын (МӨМ) кабыл алып, аны жактай тургандыгын билдирип жана бул документте чагылдырылган негизги сегиз милдетти чечүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган. Кыргызстанда МӨМ индикаторлору өлкөнү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бир бөлүгү болуп калды. Алар өлкөнүн стратегиялык документтерине улуттук мониторинг жүргүзүү жана МӨМгө жетишүүдө прогресске баа берүү системасына кошулган.
Бирок, Миң жылдык Декларациясында каралган милдеттенмелерди жүзөгө ашырууда белгиленген жетишкендиктерге карабастан тез арада чечүүнү талап кылган кыйла көйгөйлөр дале калып жатат. Расмий маалыматтарга ылайык балдардын дээрлик жарымы (48,5%) дале болсо кедейлик шартында жашап, ар бир сегизинчи бала өтө кедейликтен жана жардылыктан жапа чегүүдө. Тилекке каршы балдардын жана энелердин өлүмү кыскарбай жатат.
Сунуш кылынган Стратегия Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган, ал эми аны жүзөгө ашыруу Миң жылдык Өнүктүрүү Максаттарына жетүүгө да көмөк көрсөтөт. Жаңы жумушчу орундарынын пайда болушу жана бюджеттин кирешелеринин өсүшү кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде социалдык маселелерди чечүү, пенсионерлерге жана башка калктын аз камсыз болгон катмарына социалдык жардамды жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө алып келет.
Социалдык чөйрөдө экономикалык маселелер менен катар биринчи кезектеги тартипте чече турган бир катар багыттар жана милдеттер бар.
4.1. Билим берүү системасын жана илимди реформалоо
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркы абалын талдоо сапаттуу билим алууга карай жолдо арымдуу өнүгүүнү кечеңдеткен көп сандаган көйгөйлөр бар экендиги жөнүндө далилдеп турат.
Бүгүнкү күндөгү кырдаал өлкөнүн билим берүү системасы дүйнөлүк керектөөлөрдөн гана эмес, ошондой эле кыргызстандын коомунун өз керектөөлөрүнөн да дайыма артта калуусу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан билим берүү системасын реформалоо менен гана ушундай маселелерге жооп берүүгө болот.
Билим берүү чөйрөсүндө 1,5 миллионго жакын кыргызстандыктар билим алышат жана эмгектенишет. Кыргызстанда билим берүү системасын реформалоонун кыйла маанилүү этабы 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуу болуп саналат. Аны ишке ашыруу ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен азыркы талаптарына ылайык ийкемдүү, ачык улуттук билим берүү системасын түзүүгө багытталган.
Реформанын негизинде билим берүү системасы атаандашууга жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүүгө тийиш экендиги камтылган.
Билим берүү чөйрөсүндөгү башкы приоритет мектепке чейинки жана мектептик билим берүү болуп саналат – бул мамлекеттин функциясы.
Мектепке чейинки билим берүү үчүн негизги милдет балдардын мектепке психологиялык-педагогикалык даярдыгын жогорулатуу болуп саналат. Мектепке кирүүдө балдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо боюнча программаларды колдонууга киргизүү жагында чараларды көрүү зарыл.
Мектепке чейинки мекемелердин өтө жетишсиздигин эске алуу менен мектепке чейинки мекемелердин альтернативдүү моделдерин киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жеке секторду тартуу үчүн шарт түзүү зарыл, бул үчүн колдонуудагы мыйзамдарга мыйзамдык деңгээлде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
Жалпы билим берүү мектептеринин деңгээлинде проблемалардын бүтүндөй бир комплексин чечүү милдети турат. Мектептик билим берүүнүн мазмунун кайра карап чыгууга, жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүгө, окуу китептери менен камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтык технологияларды, айрыкча алыскы мектептерде өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө басым жасоо зарыл. Ар бир мектепте коопсуз, толеранттуу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жана аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнү эске алуу менен билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Билим берүүдө мамлекеттик-коомдук башкаруу принциптерин чыңдоо жана билим берүү уюмдарындагы коррупцияны кыскартуу үчүн Камкорчулук кеңештерин түзүү керек.
Азыркы этапта педагогикалык ишмердиктин приоритеттүү багыты элдин маданий жана руханий баалуулуктары жана каада-салттары аркылуу руханий-адептик негиздерди калыптандыруу болууга тийиш. Тарбиялоо жана билим берүү табигый өз ара байланышкан процесс болушу керек.
Кесиптик билим берүүдө мамлекеттин ролун кайра карап чыгуу талап кылынат. Ички региондук жана глобалдык эмгек рыногу алдыга койгон квалификациялык талаптар менен кесиптик билим берүүнүн байланышынын начарлыгы негизги көйгөй болуп саналат.
Баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнү уюштуруу ушул кезге чейин эмгек рыногу, жеке сектор менен жетиштүү өз ара аракеттенбейт.
2011-жылдын жыйынтыгы боюнча билим берүү системасынын экономикалык натыйжалуулугунун баяндамасында баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын инфраструктурасын күтүүгө чыгымдар өтө көп экендиги белгиленген. Муну менен бирге 3 миңден ашык окуучулар адистиктери талап кылынбагандыктан улам жыл сайын жумушсуздардын катарын толуктап жатат.
Орто кесиптик билим берүү системасындагы олуттуу кемчилик болуп кадрларды даярдоонун көп деңгээлдүү системасында орто кесиптик окуу жайларынын так статусунун жана ролунун жоктугу жана окуу лабораторияларынын ишин камсыз кыла албаган алардын материалдык-техникалык базасынын эскиргендиги саналат.
Кесиптик, техникалык билим берүүнүн кадыр-баркын жана сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- жаңы муундагы стандарттарды иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясына баа берүү, сертификация борборлорун түзүү жана квалификацияны таануу процессине иш берүүчүлөрдү жигердүү тартуу үчүн кесиптик билим берүүнүн программаларынын структурасы менен эмгек рыногунун талаптарынын ортосундагы ажырымды жоюу;
- баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кадрдык потенциалынын сапатын жогорулатуу, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду аткаруу аркылуу бизнес менен кызматташуу жолу менен жогорулатуу;
- кесиптик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын бүтүрүүчүлөргө карата эмгек рыногу койгон талаптарга ылайык жаңылоо үчүн мүмкүн болгон күч-аракеттерди жумшоо.
Билим берүүнүн сапаты – ар кандай улуттун келечектеги өнүгүшүнүн эң ишенимдүү индикаторлорунун бири болуп саналат. “Кыргызстандын билим берүү системасынын экономикалык жактан натыйжалуулугуна баяндамага” ылайык өлкөдө 2011-жылдагы абал боюнча 52 жогорку окуу жай бар, башкача айтканда, филиалдарын жана түзүмдүк бөлүмдөрүн эске алганда орточо 1 миллион калкка 20 жакын жогорку окуу жай туура келет. Бул көп өнүккөн өлкөдөгүлөрдөн кыйла даражада көп. Мисалы, сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жагында жогорку үлгү көрсөткөн Улуу Британияда 1 миллион калкка 2 гана жогорку окуу жай, Россия Федерациясында – 6, Казакстанда 10 жогорку окуу жай бар.
Кыргызстандын көп жогорку окуу жайлары сапаттуу жогорку билим алууга коюлган талаптарга жооп бербейт. Пайданын артынан түшүп алуу менен көп ЖОЖдор контракттык топтордун санын көбөйтүшөт, бул жыйынтыгында эмгек рыногунун талап кылынбаган адистерге толуп кетишине алып келүүдө. ЖОЖдордун өздөрүнүн инфраструктурасы да сапаттуу жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк бербейт, окутуучулар курамынын сапаттык деңгээлинин өтө төмөндүгү белгиленген.
Жогорку билим берүү системасындагы коррупциянын кеңири масштабы өтө курч турган көйгөй болуп саналат, ал акыр аягында улуттук негизди кыйратып жана жок кылып, мамлекет менен адамдарды кайра түзүүлөрдү жүргүзүү жөндөмүнөн ажыратууда.
Жогору квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо үчүн талап кылынган шарттарга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
Ал тургай билим берүүнүн эң алдыңкы деген мазмуну да билим берүүдө жаңы технология киргизилбесе таптакыр керексиз болуп калат. Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жаңы муундагы адистерди тарбиялоого орто, атайын-орто жана жогорку билим берүү системасын багыттоо зарыл, бул экономиканы, илимди жана маданиятты келечекте кийинки тездетип өнүктүрүүнү аныктоочу негизги шарттардын бири болуп калышы мүмкүн.
Жогорку билим берүүнүн сапатынын башкы шарттарынын бири болуп анын илим менен ажыралгыс байланышы саналат. Бүгүнкү күндө бизде илим менен билим берүү негизинен бири-биринен обочолонуп калган кырдаал түзүлгөн, бул илимдеги сенектиктин жана жогорку билим берүү системасындагы начарлоонун себеби болуп калды.
Академиялык илимде көп сандаган маселелер чечүүнү талап кылат. Илимий кадрларды даярдоо системасындагы коррупциялашуудан улам илимий даражалардын кадыр-баркынын түшүшүн токтотуу зарыл. Кыргыз илиминин көпчүлүк багыттары дүйнөлүк илимдин жетишкендиктеринен обочо турат, өлкөдө ири илимий долбоорлор жок. Мына ушунун бардыгы инновациянын жоктугунун, кыргыз илиминин фундаменталдуу изилдөөлөр, ошондой эле колдонмо илим жагында артта калгандыгынын себеби болуп саналат. Илим жагында сунуш кылынган саясат өлкөнүн туруктуу өнүгүшү, илимий иштин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн талап кылынган билимдерди алууну, генерациялоону жана берүүнү камсыз кылган илим системасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүнө жана тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталышы керек. Улуттук илимдер академиясынын ишмердигин уюштурууга жаңыча мамилелер зарыл, алар кыргыз илиминин жаңы деңгээлге чыгышына, илим менен билим берүүнү натыйжалуу интеграциялоого, илимдин жетишкендиктерин экономикада, билим берүүдө жана башка чөйрөлөрдө пайдаланууга көмөк көрсөтүшү керек.
Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ
14 12 2014
21 стр.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү
25 12 2014
1 стр.
Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга
16 12 2014
5 стр.
Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол
12 09 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.