Перейти на главную страницу
Саламаттыкты сактоонун азыркы абалы каржылоонун жетишсиздиги гана эмес, ошондой эле системанын ичиндеги терең көйгөйлөр бар экендигин да ырастап турат.
Бүгүнкү күндө расмий статистиканын маалыматы боюнча иш жүзүндө саламаттык деңгээлинин бардык көрсөткүчтөрү боюнча абалдын начардыгы байкалат, соңку убактарда мындай начар жагдайлар да чыныгы көрүнүштү чагылдыра албай тургандыгы моюнга алынууда.
Ресурстарды натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдалануу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Эмгек акыларды төлөөгө чыгымдардын инфраструктураларды каржылоо үлүшү саламаттыкты сактоого бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин 80%дан ашыгын түзөт. Кардарга (дары-дармектер, тамак-аш) түздөн-түз чыгымдар 20-25%ды түзөт. Муну менен бирге медициналык персоналга расмий эмес төлөмдөр өсүп жатат.
Медициналык жабдуулардын көпчүлүк бөлүгү алмаштырууга муктаж. Ушулардын бардыгы саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү сапатына таасир тийгизүүдө, анын үстүнө бул сектор үчүн сапат көрсөткүчү билим берүү секторуна караганда кыйла начар.
Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде жана алыскы райондорунда саламаттыкты сактоо боюнча кадрдык ресурстардын жетишсиздик маселеси курчуп баратат. Маселе даярдалган кадрлардын жалпы санында эмес, айыл региондору үчүн керектүү адистердин санында жана жаш адистерди тартуу үчүн социалдык жана экономикалык шарттардын жоктугунда турат.
Калкты дары-дармек менен камсыз кылууда да олуттуу көйгөй орун алган. Көп учурларда ден соолукту кадимкидей кармоо үчүн зарыл болгон дарылар кымбат. Врачтар бекер берилүүгө тийиш болгон дары препараттарын саткан учурлар да көп кездешет.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү коррупция өтө муктаж болгондорду негизги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн ажыратып, жарандарды алардын социалдык статусу боюнча кодулоону тереңдетип, мамлекеттик башкаруу системасына терс таасир тийгизип жана өлкөнүн экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүп жатат.
Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен саламаттыкты сактоо системасындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталышы керек:
- саламаттыкты сактоо секторунда колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга;
- саламаттыкты сактоо уюмдарынын структураларын, тармактарын жана чыгымдарын оптималдаштырууга жана медицинага инвестицияларды тартуунун, мамлекеттик-жеке өнөктүктү киргизүүнүн жана клиникалык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү жеке берүүчүлөргө өткөрүп берүүнүн (аутсорсинг) эсебинен атаандашуу чөйрөсүн түзүүгө;
- коррупцияга каршы туруунун жаңы укуктук, уюштуруучулук жана башка механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча системалуу комплекстүү иштерди ырааттуу жүргүзүү жана медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, өзгөчө, региондордо жогорулатуу;
- кадр ишин жакшыртуу, медициналык жогорку окуу жайларында жана атайын орто окуу жайларында адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
- оорулардын алдын-алууну жакшыртуу;
- санитардык гигиенанын ченемдеринин сакталышына контролдукту күчөтүү;
- медициналык илимди өнүктүрүү.
Ооруканалык жардамды жаңылоого, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы медициналык борборлорду курууга жана жабдууга кошумча инвестицияларды тартуу, региондордо топтолгон тажрыйбаларды андан ары жайылтуу зарыл. Ооруканаларды жаңылоо процесси кызмат көрсөтүүнүн сапатын кыйла жакшыртууда карапайым калк үчүн алардын финансылык жеткиликтүүлүгү жапа чекпегидей кылып жүргүзүлүүгө тийиш.
Ага удаалаш эле иштин натыйжасы үчүн жоопкерчиликти бир учурда жогорулатуу менен ички чечимдерди кабыл алууда көбүрөөк өз алдынчалуулук берүү менен саламаттыкты сактоо уюмдарын башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү зарыл.
Медициналык билимдин маңызын кайра карап чыгуу, медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча адистерди даярдоого жаңы тактикалык мамилелерди иштеп чыгуу талап кылынат.
Мамлекеттик саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн кыйла күч-аракети коомдук саламаттыкты сактоо жана санитардык гигиена маселелерин чечүүгө, ошондой эле ден соолукту чыңдоо маселесин биринчи кезекте чечүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууга багытталууга тийиш.
Коопсуз сууга жана адекваттуу санитарияга жеткиликтүүлүк да көп жагынан саламаттыкты сактоонун натыйжалуулугун аныктайт. Кыргызстандын бүткүл калкы, айрыкча балдар үчүн турмуштук мааниси бар ичилүүчү суу менен жабдуу, санитария жана гигиена маселесине зор көңүл бурулууга тийиш.
Өзгөчө региондордо суу менен жабдуу, санитария жана гигиена боюнча саясатты мамлекеттик деңгээлде аныктоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде сууга, санитария жана гигиенага жеткиликтүүлүккө болгон муктаждыкты жана жакшыртуу жолдорун иликтөө жана коомдук саламаттыкты сактоонун негизги стратегиясы катары гигиена принциптерин алга илгерилетүү зарыл.
Калктын өз ден соолугуна мамилесин андан ары өзгөртүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу өтө зарылчылык болуп саналат. 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын реформалоонун “Ден соолук” улуттук программасы дал ушундай милдеттерди чечүүгө багытталган.
2011-жылы кабыл алынган 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү Стратегиясы социалдык жактан коргоонун келечектеги системасын мамлекеттин комплекстүү көрө билүүсүн чагылдыруучу биринчи документ болуп саналат, аны ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш. Мамлекет даректүү жана натыйжалуу колдоо көрсөтүшү керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелерге, эмгекке жарамдуу мүчөлөрдүн кирешелери үй-бүлөнүн коомдук зарыл жашоо деңгээлин камсыз кыла турган үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган социалдык-экономикалык мамилелердин комплекстүү системасын түзүү зарыл.
Кыргызстандын жарандары пенсия менен камсыз кылынган: алардын бардыгы эмгектик, социалдык же болбосо башка пенсияларды алууга укуктуу. 2011-жылы биринчи жолу пенсиялардын орточо өлчөмү минималдуу жашоо минимумунан ашты.
Мамлекет бардык пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн жыл сайын пенсияларды жогорулатуу саясатын улантат. Бүгүнкү күндө дагы пенсионерлердин кыйла бөлүгү алган пенсияларынын эсебинен өз керектөөлөрүн канааттандыра албай турган абалда.
2012-жылы пенсионерлердин саны 551 миң 976 адамды түздү, бул мурдагы 4 жылдын көрсөткүчүнөн бир аз жогору болду. Алардан, курагы боюнча – 413 миң 958 адам, майыптыгы боюнча – 89 миң 216 адам, багар адамынан ажырагандыгы боюнча – 48 миң 802 адам бар.
Пенсия менен камсыз кылуунун түзүлгөн системасы азыркы талаптарга жооп бербейт жана келечекте жакшырышы күмөн. Ал пенсиялык фонд түзгөн учурда иштеген жарандардын чыныгы салымын толук эске албай жарандарды пенсиялык чегерүүлөрдү төлөөгө үгүттөйт.
Мындан тышкары, ар кандай баа берүүлөр боюнча Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10%дан ашууну бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдө иштешет жана жашашат, алардын кирешелери эч кандай каттоого алынбайт, алар азыркы учурда мамлекеттик камсыздандыруу системасына мүчөлүк акы төлөшпөйт жана келечекте аларга пенсия алуу мүмкүнчүлүгү болбойт.
Пенсия алуучуларга карата камсыздандыруу взносун төлөгөн жарандардын жана иштегендердин санынын катнашы кыскарууда. Азыркы убакта башка өлкөлөргө кетип жаткан жумушчу күчтөрүнүн агымын эске алуу менен иштегендердин жана камсыздандыруу взносторун төлөгөндөрдүн саны пенсионерлерге караганда бир аз көбүрөөк. Демек, Эл аралык эмгек уюмунун рекомендацияларына ылайык бир пенсионерге кеминде 3 төлөөчү туура келүүгө тийиш.
Натыйжалуу пенсия системасы менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй негизги параметрлерди өркүндөтүүнү караган бир катар чараларды жүзөгө ашыруу керек:
- келечекте экономикалык жактан активдүү калкта пенсиянын сезилерлик өлчөмүн алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн алардын ар кандай катмарларына карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун адекваттуулугуна жетишүү максатында анын системасынын тарифтик саясатын;
- мамлекеттик бюджеттен пенсияларды финансылоо саясатын;
- пенсияларды индексациялоо саясатын, ал экономикада инфляциянын деңгээлине жана орточо эмгек акынын динамикасына багытталууга тийиш;
- топтоо компонентинин активдерин инвестициялоонү өркүндөтүүгө. Инвестициялоонун, контролдук кылуунун жана пенсиялык активдерди инвестициялоону жөнгө салуунун бирдиктүү жолдорун жана ыкмаларын аныктоо зарыл. Мында активдердин сакталышы жана тобокелдиктин жол берилген деңгээлинде кыйла көп киреше камсыз кылынууга тийиш экендиги негизги милдет болуп калат.
- топтоо компонентинин инвестициялык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга. Пенсиялык топтоолорду сабаттуу салуу экономикага дем бере алат эле;
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга. Аманатчылардын ишенимдүү кепилдигин камсыз кылууда мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду өнүктүрүүгө карата чаралар көрүлүүгө тийиш.
Кыргызстандын 90-жылдары рыноктук мамилелерге өтүшү маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө карата мамлекеттин ойлонуштурулган жана негизделген саясатынын жоктугунун мезгили катары мүнөздөлгөн. Бул ушул чөйрөдө интеллектуалдык жана кесипкөй ресурсунун бузулушуна жана түгөнүшүнө, маданият мекемелеринин жана тийиштүү билим берүү мекемелеринин тармактарынын интеллектуалдык-агартуучулук ишмердүүлүктөн массалык жана оюн-зооктук жагына оошу менен сапаттык жана сандык жактан азайышына алып келди.
Бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдеттерди чечүү менен, анын ичинде: улуттук чыгармачылык дараметти өнүктүрүү, маданий баалуулуктарды жана элдин каада-салтын, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасын сактоо, аны руханий өнүктүрүү ресурсу катары колдонуу; өсүп келе жаткан муунду жарандуулук жана атуулдук духунда тарбиялоо, дүйнөлүк жана ата-мекендик маданиятка аралашуусун кошо алганда маданиятты өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуунун зарылчылыгы бышып жетилди.
Маданият өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу болуп саналат. Мамлекеттик маданий саясат басымды тескөөчүлүк башкаруудан маданияттын өз алдынча өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө карай оодарууда турат. Маданий саясат калктын маданий продуктуларга болгон муктаждыктарынын структурасын табууга жана калктын инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана маданий институттарын өнүктүрүү, маданий тейлөө тармактарын өлкөнүн калкынын реалдуу жайгашуусунун структурасына жана динамикасына ылайык келтирүү, маданият мекемелеринин функцияларын интеграциялоо аркылуу базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелерин чечүү талап кылынат. Алар сергек жашоо ыңгайынын негизи болуп калууга тийиш. Түзүлгөн кырдаалды талдоо, ошондой эле “2011-2016-жылдарга дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктары” тармактык Концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу бул чөйрөдөгү кризистик абалды чагылдырат.
Калктын ар кандай тобунун, анын ичинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрү начарлоодо, дене тарбия жана спорттун массалуулугу болгону 6-7%га жетет, бул калктын генофондунун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен төмөн (15%); аскерге чакыруу жана чакырууга чейинки курактагы жаштардын жарымынан көбү дене боюнун даярдыгынын ченемдерин жана талаптарын аткара алышпайт. Эл аралык аренада спортсмендер жетишкендиктерге сейрек ээ болот. Өлкөдө олимпиадалык кыймыл абдан начар өнүгүүдө.
Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары – бул жашоонун сергек ыңгайына багытталган жарандарга шарттарды, анын ичинде дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, кыргыз спортунун атаандашуучулугун жогорулатууга багытталган.
Алдыга коюлган максаттуу багыттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү керек:
- региондор үчүн тийиштүү программаларды камтыган дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын дене бой жагынан даярдыгынын нормативдерин тапшыруу системасын кайра жаратуу. Мында ченемдер иштелип чыга турган критерийлер, эң оболу кайсы мектеп болбосун, ал тургай заманбап спорттук жабдуулары жана шаймандары жок мектептер үчүн аларды кабыл алууга жеткиликтүүлүктү эске алышы керек;
- кыйла натыйжалуу финансылоо жана ийгиликтүү өнүктүрүү максатында спорттун түрлөрүн ар кандай категорияларга бөлүү программаларын иштеп чыгуу.
Мында спорттун түрлөрүн төмөнкүлөргө квалификациялоо зарыл:
- мамлекеттик финансылоо, ошондой эле спортсмендердин даярдануу программаларынын толук кандуу аткарылышы үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шартында кошумча финансылоону тартууну камсыз кылуу менен Олимпиадалык оюндарда реалдуу натыйжаларды бере турган спорттун артыкчылыктуу түрлөрү;
- жаратылыш-климаттык шарттарды жана башка факторлорду эске алуу менен биздин өлкөдө ийгиликтүү өнүгө турган спорттун келечеги бар түрлөрү;
- калк арасында кеңири таркаган спорттун таанымал түрлөрү (чыгымдар өзүн-өзү актоо менен ийгиликтүү өнүгүшү мүмкүн);
- спорттун массалык түрлөрү (жергиликтүү бюджеттен финансылоо мүмкүн болгон спорттун түрлөрү).
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 32%ын жаштар түзөт. Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча - жаштардын 35%дан ашыгы окуйт, ал эми 50%дан ашыгы иштейт. Окубаган жана эмгектенбеген жаштардын басымдуу бөлүгү социалдык тобокелдиктеги топту түзөт.
Жаштар коомдун өнүгүшүндөгү маанилүү ресурс болуп саналат, анткени чапчаңдыктын, интеллектуалдык активдүүлүктүн, ден соолуктун, жаңычылдыкты кабылдоого даярдыгынын, өлкөнүн турмушуна өз салымын кошууга умтулуусунун жогорку деңгээлине ээ.
Ошол эле учурда жигердүү социалдашуу мезгилинде турган жаштар өзүндө болгон дараметти ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана коомдун таасирдүү колдоосуна муктаж. Андыктан Кыргызстандагы жаштар саясатын жаш адамдардын өздөрүнүн жигердүүлүгүнө дем берүүнүн негизинде алар өз жолунда туш болуучу проблемаларды өз алдынча чечүү үчүн шарттарды түзүү менен ишке ашыруу өзгөчө маанилүү.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик жаштар саясатынын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жаш жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- жаштардын прогрессивдүү демилгелерин колдоо;
- азыркы жаштардын өкүлдөрүнүн ичинен Кыргызстандын жаңы кесипкөй элитасын түзүү;
- жынысына, улутуна, социалдык абалына жана диний таандыктыгына карабастан жаштардын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана суроо-талаптарын эсепке алуу;
- жаштардын социалдык жактан аялуу бөлүгүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды, көп балалуу жана жайсыз үй-бүлөлөрдөгү өспүрүмдөрдү даректик коргоо жана колдоо.
Жаштар саясатынын негизги аспекти жаштарды өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине кошуу, алар үчүн жаңы келечектерди, багыттарды жана “өсүү башаттарын” ачуу болуп саналат. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун приоритеттүү багыттары болуп жаштардын атуулдук, адеп-ахлактык жана руханий жактан өнүгүүсү, жаштардын жаратмандык жигердүүлүгүн өнүктүрүү жана жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин колдоо, жаш жарандардын экономикалык жактан өз алдынчалуулугун камсыз кылуу жана алардын эмгекке укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү, жаш жарандарда сергек жашоо ыңгайын, тарбиялоо жана билим алуу идеяларын калыптандыруу саналат.
Акыркы жылдарда жаштардын саясый жигердүүлүгүнүн өсүшү, алардын мамлекеттин саясатына таасир көрсөтүүгө умтулуусу дурус тенденция болуп саналат. Жаштарга коомдук жана мамлекеттик курулушка катышуусу, өз дараметин билим берүү, маданият жагында, эс алуу жана спорт ишмердигине жумшоо мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилиши керек.
Жаштарды бардык деңгээлдердеги мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө, жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу, жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн бардык деңгээлдердеги аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдардын ишине катышуусу үчүн таасирдүү чаралар зарыл. Коомдун жана мамлекеттин алдында турган негизги милдеттердин бири кесипкөйлүк компетенциянын жогорку деңгээлине ээ жана заманбап өндүрүштүк технологиялар жагында билимдери бар эмгек рыногунда суроо-талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Ушуга байланыштуу бардык жаш адамдардын билимге жеткиликтүүлүгүн күчөтүү боюнча чаралар зарыл. Андыктан билим берүү органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири формалдуу жана формалдуу эмес деңгээлде чоң кишилердин билим алуусу болушу керек.
Кыргызстандагы жаштардын курч көйгөйү жумушсуздук жана аны менен байланыштуу миграциянын жогору деңгээли болуп саналат.
Эмгек миграциясы жагындагы кырдаалды талдоо эмгектик миграциянын жогорку динамикасынын жана масштабынын сакталып турушунун себеби түздөн-түз улуттук эмгек рыногу жана өлкөнүн калкынын структурасында демографиялык өзгөрүүлөргө байланышкан. Соңку 2 жылдын ичинде эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын өсүшү иш менен камсыз кылуудан 2 эсеге ашып кеткен.
Кыргызстандын эмгек рыногунун жана калкынын миграциясынын мамлекеттик саясаты калктын ички миграциясын тартипке салууга жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө жана экономикалык жигердүү калктын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталууга тийиш.
Бул максатта төмөнкүлөр зарыл:
- улуттук жана региондук эмгек рынокторун өнүктүрүү жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү чараларды жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү болгон экономиканын реалдуу секторун тездик менен өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык өбөлгөлөрүн жана шарттарын түзүү;
- эмгек ресурстарын кесипкөйлүк менен даярдоонун деңгээлин жогорулатуунун эсебинен эл аралык эмгек рыногуна цивилизациялуу кирүү үчүн адекваттуу шарттарды түзүү.
Эмгек мигранттары менен иштөө системасын бул алардын экономикалык жана социалдык укуктарын коргоону, ошондой эле жашаган өлкөсүндө билим алуу жана кызмат жагынан жогорулоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай түзүү керек.
4.5. Үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу
Атуулдуктун, толеранттуулуктун, жарандык жүрүм-турумдун негиздери түптөлгөн башкы институттардын бири катары үй-бүлөнү чыңдоо коомду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал биздин айылдарда жана шаарларда жашаган ар бир үй-бүлөнүн экономикалык абалына жана жашоо маанайына түздөн-түз көз каранды болот.
Соңку жылдарда ички жана сырткы миграциянын күч алышынан улам салттуу үй-бүлөлүк байланыштар кескин начарлады. Экономикалык кризис жана менчик мамилелеринин өзгөрүшү коомдун негизи катары үй-бүлөдөгү кризиске алып келди. Бул туурасында көз карандысыздыктын жылдары ичинде никесиз төрөлгөн балдардын үлүшү дээрлик үч эсе көбөйгөндүгүнүн фактысы далилдеп турат: эгерде 1989-жылы ал 12,7% болсо, бүгүнкү күндө ал – 31% болду. Энелер менен балдардын өлүмгө учурашынын көрсөткүчтөрү өстү, эмгек рыногунда кесиптик иргөө күч алууда.
Аялдар көбүнчө кийин акы аз төлөнүүчү кесиптерге транформациялануучу билимдерди тандашат. Салт боюнча “аялдар” иштеген тармактарда “эркектердикине” караганда эмгек акы 2,5 эсе төмөн, анткени алар негизинен мамлекеттик бюджеттен финансыланат жана рыноктук мамилелерге тиешеси аз.
Эркектер да коомдук-саясый жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн, “табышкер” жана “чыныгы” эркектин ролу жөнүндө көндүмдөрдүн терс кесепеттерине дуушар болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өзүн-өзү өлтүргөн эркектер аялдарга караганда 4 эсеге ашат, ал эми эркектердин орточо жашоосунун узактыгы 63,5 жашты түзсө, аялдар орточо 9 жылга узак жашашат. Эркектердин билим деңгээли төмөндөгөндүгү байкалат, бул үй-бүлөдөгү жана коомдогу жаңжалдардын өсүшүнө, айырмачылыктарга чыдай албоого, күч колдонууга алып келиши мүмкүн.
Бирок, Кыргызстандагы эгемендик жылдарында үй-бүлөнү колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин көңүл борборунда болбой, бул жагында бир да мамлекеттик программа кабыл алынган эмес. Бул маселенин кээ бир аспекттери 2015-жылга чейин үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча Комплекстүү программада жана 2012-жылы кабыл алынган 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияда чагылдырылган.
Ушул документтердин алкагында үй-бүлөнү колдоо боюнча чаржайыт чаралар каралган. Энеликти жана балалыкты колдоо жарыбаган жөлөкпул төлөө менен чектелген. Кырдаал үй эмгегин жана балдарды багууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүчү кызматтардын оор абалынан улам ого бетер тереңдеген. Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелери 14%га гана жакын балдарды камтыйт, бул жаш балдары бар аялдардын жумуш издөө жана мансаптык өсүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Соңку жылдарда диний көрүнүштөрдүн, үрп-адаттардын жана каада-салттардын жактоочуларынын саны өсүп баратат. Бул эртелеп никеге туруу жана жаш курагында бала төрөөнүн өсүшүнөн көрүнөт, мындай жагдай аялдардын абалынын сөзсүз начарлашына, билим алууда жана кесипке ээ болууда кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө алып келет.
Бул тенденциянын көрүнүштөрүнүн бири башкаруу органдарынан аялдарды “сүрүп чыгаруу” болуп саналат, ал Жогорку Кеңешке бир да аял шайланбай калган 2005-2007-жылдарда жогорку чегине жеткен. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө кодексине убактылуу атайын чараларды киргизүү өлкөнүн тышкы беделине гана оң таасир эткен, бирок ал аялдардын жана жалпы эле үй-бүлөнүн абалынын жакшырышына олуттуу таасир тийгизе элек.
Бүгүнкү күндө үй-бүлөнү колдоодо реалдуу, натыйжалуу чараларды көрүү, 2015-жылга чейин үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча Комплекстүү программанын жана гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын милдеттерин жана приоритеттерин кеңейтүү аракеттерин көрүү зарыл, бул биринчи кезекте өлкөнүн экономикалык абалына көз каранды болот. Ошол эле учурда үй-бүлөнү инвестициялоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жогору рентабелдүү болуп саналат. Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча аялдар өз кирешелеринин 90%га жакынын үй-бүлөсүнө жумшайт, бул жалпы эле коомдун жашоо-турмушун жакшыртууга алып келет.
Бул саясатты жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизденүүгө тийиш:
- адам укуктарын сактоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу;
- үй-бүлөнү, балалыкты, энеликти жана аталыкты коргоонун мамлекеттик кепилдиги, балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги;
- мамлекеттик орган менен жарандык коомдун кызматташтыгы жана өз ара аракеттениши.
Мамлекеттик үй-бүлөлүк жана гендердик саясаттын максаты болуп коомдун негизги башаты катары үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу үчүн негиздерди түзүү, үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдар менен эркектердин абалын жакшыртуу саналат.
Ал милдеттерди чечүү үчүн үй-бүлөнү жана гендердик өнүгүүнү колдоо боюнча төмөнкүдөй атайын мамлекеттик чаралар зарыл:
- Кыргыз Республикасында үй-бүлөнүн абалы жөнүндө чыныгы жагдайды талдоо жана үй-бүлө институтун чыңдоого, башка салттуу институттар менен салыштырганда коомдогу анын ролун жогорулатууга багытталган комплекстүү мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу;
- көңүл борборун аялдардын саясый иштерге катышуу маселесинен эмгек рыногунда аларга мүнөздүү болбогон кесиптерди өздөштүрүшүнүн эсебинен алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо программаларын жүзөгө ашырууга буруу;
- эртелеп никеге туруулардын, аялдарга карата зомбулуктардын санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү, жакшы салттарды өнүктүрүү, ата-энелик функцияларын ишке ашырууда аталар менен энелерди колдоо, мансап менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу.
Мындай саясатты жүзөгө ашыруу өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн пайдубалы түптөлө турган негизги институттардын бири катары үй-бүлөнүн бекемделишине өбөлгө болот.
5-ГЛАВА. Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо
Туруктуу өнүктүрүүнүн концепциялык негизи келечектеги муундардын керектөөлөрүн канааттандырууну коркунуч астына койбостон азыркы муундун керектөөлөрүн канааттандырууда турат. Бүгүнкү күндө өлкө өзү өзгөргөндө, чечимдердин, саясый, социалдык, экологиялык маселелердин эски жолдорун жана ыкмаларын кайра караганда жана ушулардын бардыгынын өз ара байланышына жана өз ара көз карандылыгына негизделген өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап үлгүлөрүн калыптандырганда гана дүйнөлүк өнүгүү нугунда кала ала тургандыгы айдан ачык.
Экономикалык өсүш жана өлкөнүн экономикалык структурасы негизинен табиятты көп талап кылган техногендик экстенсивдүү өнүктүрүүгө негизделет. Бул жагынан алганда өлкө толугу менен жаратылыш экосистемасынын абалына толугу менен көз каранды. Муну менен бирге жаратылыш ресурстары азайса жана курчап турган чөйрө булганса экономикалык көрсөткүчтөрдүн кескин начарлашынын тобокелдиги пайда болот.
Азыр иштеп жаткан “күрөң” экономикалык системанын терс залалдары бир кыйла: (i) экологиялык көйгөйлөр жана жаратылыш капиталынын түгөнүшү (антропогендик ишмердиктен улам, эң оболу, көмүртектен турган парник газдарынын чыгышынан улам климаттын өзгөрүшү, коркунучтуу химиялык заттар менен булгануу, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, чөлгө айланууга алып келген айыл чарба аянттарынын кунарсызданышы, сугат суусунун кемчилдиги жана ичилүүчү суунун жетишсиздиги); (ii) кедейлик деңгээлинин жогорулашы; (iii) азык-түлүк жана (iv) энергетикалык коопсуздуктун коркунучу; (v) элдер менен өлкөлөрдүн теңсиздиги.
Келечекте тарыхый жактан алганда “чийки заттык” экономика түгөнүп бара жаткандыгын эске алуу керек, болбосо курчап турган чөйрө менен туруктуу баланста өнүгүүнүн көйгөйлүү жана адамзат өнүгүшүнүн сапатынын камсыз кылуу жөндөмсүз экендиги көрүнүп турат.
Туруктуу өнүгүүгө өтүү экологиялык факторду өнүгүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөр системасына кошууну зарылчылыкка айлантат. Чечимдерди кабыл алууда экологиялык факторго жеткире баа бербөө көп жагынан салттуу экономикалык көрсөткүчтөрдө жаратылыш капиталын пайдаланууда (чыгарууда) чагылдырылган табигый ресурстардын балансы деп аталгандарды пайдаланууну нарктык чагылдырууну өнүктүрүүнүн жана курчап турган чөйрөнүн бузулушунан улам келтирилген зыянга экономикалык баа берүүнүн жоктугу менен байланышкан.
Кыргыз Республикасы эл аралык 13 жаратылышты коргоо долбоорлору менен конвенциялардын тарабы болуп саналат, алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу экологиялык туруктуулукту кармап турууну шарттайт жана жаратылыш ресурстарын турукташтыруу жана анын начарлоо процессин болтурбоо үчүн тыштан гранттык каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет.
2012-жылы «РИО+20» туруктуу өнүктүрүү боюнча ООНдун конференциясында Кыргызстан “жашыл экономиканын” приоритеттерин алга илгерилетүү аркылуу узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүктүрүүнү жактай тургандыгын билдирди, алар өндүрүштө, ошондой эле керектөөдө энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулукту жакшыртуу, абага чыгууларды жана курчап турган чөйрөнү булгоону азайтуу жана биоартүрдүүлүктүн коромжусун болтурбоо үчүн жаңы технологияларды алга илгерилетүүгө багытталган тышкы жана ички “жашыл” инвестициялардын эсебинен калктын кирешесинин өсүшүн жана иш менен камсыз болушун айкалыштырат. “Жашыл” экономика стратегиясында ресурстарды үнөмдөөгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана туруктуулуктун жергиликтүү, региондук жана глобалдык катаал босоголор аркылуу өтүү үчүн курчап турган чөйрөгө кысымды жеңилдетүүнүн рентабелдүү жолдоруна басым жасалат.
“Жашыл” экономика стратегиясы өндүрүш фактору катары табигый капиталдын бардык баалуулуктарын эске алат, жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана өндүрүшкө “калдыксыз же аз калдыктуу” мамиле жасоону алга илгерилетүүгө, ошондой эле энергиянын кайра иштелип чыккан булактарын: күндү, шамалды, сууну, геотермалдык булактарды жана биоотунду ишке киргизүүнүн улам өсүп жатышына негизделген ресурстук-натыйжалуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнү карайт.
Туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу экологиялык коркунучтарды жана тобокелдиктерди эсепке алуу дегенди билдирет, анткени бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу маселеси өтө актуалдуу болуп бара жатат, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту начарлатууга алып барып, суу менен үзгүлтүксүз жабдууга күмөн санатып, калктын өзгөчө кедей катмарына кошумча жүк болуу менен калктын ден соолугуна терс таасир тийгизип жатат.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөө да туруктуу өнүгүүгө өтүү темпине таасир тийгизе турган терс фактордун бири болуп саналат. Ошондой болсо да өлкөдө социалдык-экологиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун кээ бир тажрыйбалары бар, аларды жүзөгө ашыруу тышкы карызды туруктуу өнүктүрүүгө алмашуу механизмдерин пайдалануунун эсебинен тышкы карыздын жүгүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Тышкы карызды курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларга алмашуу боюнча ишмердик бүгүнкү күндө актуалдуу болуп бара жатат.
Бул үчүн экосистеманын туруктуулугунун бардык аспекттерин камтыган экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ырааттуу жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Мында экономикалык саясатты өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өнүгүүнү ыкчамдатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн озуу менен өстүрүү аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багыттоо маанилүү болот.
Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, экономиканы диверсификациялоо жана экспорттук потенциалды арттыруу үчүн бизнести жана тармактарды өнүктүрүү, анын ичинде экологиялык жактан таза продукция өндүрүү чөйрөсүндө өнүктүрүү үчүн ишкер чөйрөнү жөнгө салуу шаймандарынын үстүнөн кыйла натыйжалуу иштөө пландаштырылууда, алар боюнча Кыргызстан салыштырмалуу артыкчылыктарга ээ. Биринчи кезекте, бул - жашыл өнүгүүнүн негизги артыкчылыктары катары айыл чарбасы жана энергетика, ошондой эле жооптуу кен казып алуу сектору, агрардык тармактын ресурсту натыйжалуу пайдаланган кайра иштетүүчү сектору, экологиялык туризм жана кызмат көрсөтүүнүн бир катар багыттары.
Ошондуктан, инвестициялык саясат акырындык менен жаратылышты көп пайдаланууну сарамжалдаштыруу принцибине өтөт. Жаратылышты көп пайдаланууну азайтуу экономикада эки процессти шайкеш айкалыштырууга: (1) жаратылыш ресурстарын керектөөнүн жана булгануунун көлөмүн кыскартууга; жана (2) бир учурда эле технологияларды жаңылоо жана өркүндөтүү, аз калдыктуу жана ресурс үнөмдөөчү өндүрүштөрдү киргизүү, кайра иштетилген ресурстарды жана калдыктарды экинчи жолу пайдалануу аркылуу экономикалык өсүштүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ушул эки багыт тең экономиканы жаратылышты үнөмдөөчү жана илимди көп талап кылуучу технологиялар жагына түп-тамырынан бери структуралык кайра курууну карайт.
Климаттын өзгөрүшүнө жатыктыруу маселесин стратегиялык пландаштырууда, анын ичинде суу жана энергетика ресурстарынын потенциалын, энергетиканы, айыл чарбасын жана бөөдө кырсыктардын тобокелдиктерин эсепке алуу Кыргызстанга кыйла экономикалык пайда алып келет жана тийиштүү экономикалык зыянды азайтуу менен адамдын ден соолугуна, анын менчигине, коомдук инфраструктурага коркунучту минимумга түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
Табигый экосистеманы сактоону жана калыбына келтирүүнү эсепке алуу мамлекет менен коомдун ишмердигинин приоритеттүү багыттарынын бири болуп калышы керек. Анткени дал ошол муундардын байланышын камсыз кылып жана келечекте экономикалык өсүш мүмкүнчүлүктөрүн кепилдик менен камсыз кылат.
Курчап турган чөйрө коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында жаңы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталат:
- менчигинин түрүнө карабастан бардык экономикалык, социалдык жана экологиялык иш субъекттеринин алардын экономикалык, социалдык жана экологиялык курамына бирдей көңүл бурууну караган туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландаштыруу системасына этап менен өтүүсү;
- пландаштырылып жаткан чарбалык жана башка өнүктүрүү долбоорлорунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү аркылуу экономикалык өсүштө экологиялык залалдарды азайтуу;
- жаратылышты пайдалануудан акы алуу жана жаратылышты коргоо мыйзамын бузуунун кесепетинен курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
- экологиялык маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;
- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга улуттук, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде бардык таламдаш топтордун катышуусу.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана экологиялык жактан коопсуз жаңы технологияларды колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана “жашыл” инвестицияларды тартуу жана климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу үчүн жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү;
- пландаштырылып жаткан жана башка өнүктүрүү долбоорлорунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү камсыз кылуу;
- курчап турган чөйрөнүн булгануу параметрлерин эсепке алуу жана отчёттуулук системасын өркүндөтүү;
- салмактуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жагында контролдук кылуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу системасын түзүү;
- жашыл технологияларды: жашыл салыктар, бажы алымдары, жашыл сатып алуулар, жашыл инвестициялар аркылуу алга илгерилетүү үчүн финансылык жаңы аспаптарын киргизүү;
- курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык коопсуздукка мониторинг жүргүзүү жана баа берүү индикаторлорун киргизүү аркылуу алардын начарлашын жокко чыгарган кайра иштелип чыккан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана өзгөчө жылуулук жана электр энергиясынын коромжулугун азайтуу жана энергиянын кайра иштелип чыккан булактарын алга илгерилетүү;
- “жашыл” жумушчу орундарын түзүүгө багытталган экономика секторун мамлекеттик колдоо.
5.2. Бөөдө кырсыктардын тобокелин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу
Стратегия мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууну жана алардын бөөдө жана техногендик кырсыктардын тобокелинен калктын жана аймактардын комплекстүү коопсуздугунун маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенишин карайт.
Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык кайталангыс тоолуу-ландшафттуу жаратылыш-климаттык шартынан улам көп сандаган бөөдө кырсыктарга кабылуучу мамлекет болуп саналат. Бийиктиктердин жана температуранын айырмасы, жаан-чачындардын, суу балансынын жана жер алдындагы суулардын горизонтторунун өзгөрүшү, кыртыштын геоморфологиясы, тектоника жана сейсмикалык активдүүлүк туруктуу өнүгүүгө олуттуу табигый коркунуч түзөт жана республиканын калкына жана экономикасына туруктуу терс таасир тийгизип турат.
Муну менен бирге өнүгүүгө кыйла сандагы коркунучтар адамдын өз колунан жаралган. Кыргызстандын аймагында кен казуу өндүрүшүнүн радиоактивдүү жана уулуу калдыктары бар 92 объект жайгашкан, анын ичинде 36 калдык сактоочу жай бар, алардын 31инде радиоактивдүү калдыктар турат. Алардын көбү өтө сейсмикалуу аймактарда, жер көчүп жана кар көчкү жүрүшү менен трансчек аралык суу агымдары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы бүткүл Борбордук Азия регионунун өнүгүшүнө коркунуч келтирип турат. Коркунучтуу химиялык заттар мурдагыдай эле өнөр жай өндүрүшүндө жана айыл чарбасында пайдаланылып жатат. Андан тышкары, плотиналар менен суу сактагычтардын гидрокурулуштарынын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү зарыл. Ушул маселелердин бардыгы мониторинг жана контролду башкаруунун талаптагыдай системасына муктаж.
Жыл сайын республиканын аймагында ар түрдүү мүнөздөгү 200гө жакын өзгөчө кырдаалдар болуп турат, Кыргыз Республикасынын ӨКМ маалыматтары боюнча алардын тикелей зыяны 30-35 млн. АКШ долларына барабар, ошол эле учурда алардын алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга мамлекеттик бюджеттен жылына 6 млн. АКШ долларына жакын каражат бөлүнөт, ал эми республиканын аймагында болуп жаткан бөөдө кырсыктардын саны тынымсыз өсүп жатат.
Мына ушунун бардыгы калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдарда коргоо, келечектеги коркунучтарды, тобокелдиктерди жана кооптуулукту көрө билүү маселелерин жаңыча чечүүнү, алардын божомолдоп жана алдын алуунун ыкмаларын өнүктүрүүгө аргасыз кылууда.
2012-жылы өлкөнүн Өкмөтү тарабынан кабыл алынган “2010-2015-жылдарга өзгөчө жана кризистүү кырдаалда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуунун Улуттук стратегиясы” калкты жана аймактарды алгылыктуу тобокелдиктердин көрсөткүчтөрүнүн чегинде өзгөчө кырдаалдардан коргоонун кепилденген деңгээлин камсыз кылуу үчүн ушул этапта мамлекеттик саясатты аныктаган негизги документ болуп саналат.
Негизги максатка жетүү – комплекстүү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн – 2005-2015-жылдарга “Мамлекет жана жамааттардын деңгээлинде кырсыктарга каршы туруу потенциалын түзүү” деген аракеттенүүнүн Хиог программасынын төмөнкүдөй беш приоритетин жолдоо пландаштырылат:
Милдет: кырсык тобокелдиктерин натыйжалуу башкаруу үчүн укуктук жана институттук негиздерди өркүндөтүү.
Милдет: Кыргыз Республикасынын бардык калктуу аймактары үчүн коркунучтарды, опурталдыкты жана кырсык тобокелдиктерин аныктоо.
Милдет: маалыматтарды алмашуу аркылуу кырсык тобокелдиктерин азайтуу мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу боюнча улуттук инфраструктура түзүү.
Милдет: тобокелдиктерди аныктоо жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча саясатка, программаларга жана долбоорлорго кырсык тобокелдиктерин азайтуу жана башкаруу боюнча маселелерди киргизүү үчүн механизмдерди түзүү.
Милдет: улуттук, региондук, райондук деңгээлдерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде (анын ичинде эртелеп кабарлоо системасын өнүктүрүү) даярдык жана аракеттенүү боюнча потенциалды жогорулатуу, ошондой эле кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча потенциалды жогорулатуу.
Бул стратегияны жүзөгө ашыруу бөөдө кырсыктарды алын-алуу жана андан чыгымдарды олуттуу азайтуу, мүмкүн болуучу курмандыктардын санын жана социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндын көлөмүн кыскартуу аркылуу өлкөнүн туруктуулугун чыңдоого багытталган.
ЭКИНЧИ БӨЛҮК: 2013-2017-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ПРИОРИТЕТТЕРИ
6-глава. ЭКОНОМИКА эгемендиктин жана улуттук коопсуздуктун башкы фактору катары
Кыргызстан үчүн экономикалык программанын приоритеттиги азыркы этапта өлкөнүн эгемендүүлүгү жана улуттук коопсуздугу башкы фактору болуп саналган обьективдүү жагдай менен шартталган.
Мурдагы СССРдин азыркы жетекчилигинин экономикалык факторго толук баа бербегендиги жана приоритеттерди саясый реформалар тарапка ойлонбостон оодарып жиберүү өз учурунда өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын бузулушуна жана Советтер Союзунун кыйрашына алып келген.
Кыргызстандын экономикасы өз алдынча болууга, ошол эле учурда региондук жана дүйнөлүк экономиканын шайма-шай курамдык бөлүгү болууга тийиш. Экономиканын приоритеттүү секторлору алардын продукциясы жана көрсөткөн кызматтары башка өлкөлөрдө, биринчи кезекте коңшулаш жана Бажы союзунун өлкөлөрүндө кеңири керектелгенде, атаандашууга жөндөмдүү жана таанымал болгондо гана Кыргызстандын элине олуттуу пайда бере тургандыгын түшүнүү маанилүү.
2013-2017-жылдары мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин маанилүү багыты Кыргызстанда ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн сөзсүз эң жагымдуу шарттарды түзүү болот. Өзгөчө көңүл кен казуу өнөр жайын, энергетиканы, туризмди, айыл чарбасын, транспортту, финансы секторун өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы экологияга багытталган технологияларга негизделген бизнес чөйрөгө топтолот.
Стратегия ошондой эле, келечекте Бажы союзуна кирүүгө байланыштуу ата-мекендик бизнестин бир бөлүгүн кайра багыттоону карайт.
Стратегияны жүзөгө ашыруу Кыргызстанга 2017-жыл аяктаганга чейин энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү жолунда олуттуу илгерилөөгө, ошондой эле жакынкы келечекте электр энергиясын ири экспорттоочунун статусун алууга олуттуу билдирүү жасоого мүмкүндүк берет.
Электр энергетикасынын жаңы обьекттерин ишке киргизүү менен өлкөнүн жарандары “кезектүү өчүрүүлөр” түшүнүгүн унутууга тийиш. Арзан электр энергиясын кошумча иштеп чыгуу ишканалардын санын кеңейтүүгө, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга жана чакан жана орто ишканаларда жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, региондордун экономикасын жандандырууга алып келет.
Кен казып алуу тармагы өлкөнүн экономикасынын стратегиялык маанилүү тармагы болуп саналат, ал бийликтен Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын иштетүүгө инвестициялык кызыктыруу үчүн шарттарды түзүүнү талап кылат. Мамлекеттик бардык бийлик институттарынын, анын ичинде жергиликтүү бийликтин мыйзамды туу туткан инвесторлорду реалдуу коргоого алуусу ушул иштин натыйжасы болуп калат. Инвестор менен региондук жамааттардын өз ара мамилелери мыйзамдын гана чегинде түзүлөт. Жергиликтүү калк инвестор өз каражатын жумшап жана жаңы жумушчу орундарды түзүп, регионду өнүктүрүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүп жаткандыгын түшүнүшүнө жетишүү керек, ошондуктан аларга карата мамиле жакшы санаалуу жана конструктивдүү болууга тийиш.
Муну менен бирге ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө бизнестин социалдык жоопкерчилик ченемдерин этибарга албай коюу жол берилгис иш. Мындай мамиле салымынын өлчөмүнө карабастан бардык ички жана тышкы инвесторлорго карата жасалууга тийиш. Бул багытта бизнес ассоциациялар маанилүү роль ойной алат, алар бизнестин таламын жигердүү коргоп, коррупцияга каршы туруулары керек.
Мамлекеттик органдардын контролдоп-текшерүү функцияларын кескин кыскартуу зарыл. Экономикалык эркиндик берүүнүн зор маанисин түшүнүү менен эмгектик, пенсиялык, салыктык мыйзамдардын ченемдерин жана экологиялык коопсуздукту сактоо жагында жеке секторду контролдоо үчүн мамлекеттин жөнгө салуучу ыйгарым укуктарын колдонуу зарыл.
Стратегиянын кыйла бөлүгү айыл чарба маселесине арналган. Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун гана камсыз кылбастан, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык экологиялык таза айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген өнөр жай продукцияларын тышкы рынокко ири берүүчү деген статусун өзүнө кайтарып алууга тийиш.
Айыл жеринде өлкөнүн бүткүл калкынын жарымынан ашыгы жашайт жана ошондуктан айыл чарбасын өнүктүрүү бир эле учурда экономикалык да, социалдык да милдет. Дыйкан жана фермер үчүн экономиканын бул секторунда пайдаланылуучу жаратылыш ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты абдан маанилүү. Бул эң оболу - жер жана суу. Айыл тургундары үчүн 2017-жылга карата 50 миң гектар жаңы сугат жерлер ишке киргизилет жана жүгүртүүгө кайтарылат, ал эми 80 миңге жакын дыйкан чарбалары же 200 миң киши сугат жана ичүүчү суу менен кошумча камсыз болот. Ошондой эле ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн каражаттар бөлүнүп жана тышкы кредиттер тартылат. Ошол эле жерлерге суу келип, айдоо аянттары жанданып, ал эми айылдык эмгекчилердин турмушу жакшы жагына кыйла өзгөрөт.
Стратегия Кыргызстанды “транспорттук туңгуюктан” алып чыгуу жана транзиттик өлкөнүн катарына өтүү боюнча ачык-айкын инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт. Курулушу пландаштырылып жаткан темир жол региондордун экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, пайдалуу кен жаткан жерлерге жетүү маселелерин чечет. Мына ушунун бардыгы калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга жана алардын экономикалык абалын жакшыртууга алып келет. Бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда кошумча транспорттук байланышты камсыз кылат. Ошондой эле жыл сайын асфальтобетон төшөлгөн 300 км ашык автожолдорду калыбына келтирүү жана асфальтобетон төшөө менен кеминде 150 км авто жолдорду оңдоо каралып жатат. Телекоммуникация системасында байланыштын була-оптикалык магистралдык тармагын куруу жана санариптик телерадио берүүгө өтүү долбоорлору аяктайт, бул Кыргызстанга дүйнөлүк электрондук маалыматтык мейкиндикке интеграцияланууга мүмкүндүк берет.
Туризм чөйрөсү жана биздин өлкөнүн заманбап талаптарга жооп берген ири региондук туризм жана эс алуу борборунун статусун алуу жагы Кыргызстанды өнүктүрүүнүн сөзсүз түрдөгү приоритеттеринин бири болуп саналат.
Финансылык кызмат көрсөтүү системасында атаандашууну өнүктүрмөйүнчө экономиканын өсүшү мүмкүн эмес, ошондуктан мамлекет ишкерлердин жана жарандардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын финансылык системага ишенимин өстүрүү үчүн өз ыйгарым укуктарын пайдаланат. Ишкерлер үчүн банктар кардарлардын суроо-талаптарын жана таламдарын эске алышы маанилүү. Бирок кардарлар да жаңжалдар келип чыкпашы үчүн өздөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуулары жана мыйзамдарды билиши керек. Өлкөбүздү региондогу финансылык борборго айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар.
ХХ кылымда жана ХХI кылымдын башында жетишилген артыкчылыктарды пайдалануу маанилүү. Кыргызстанда Борбордук Азияда өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун көп маселелери боюнча интеграциялык аянтча болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда эл аралык банктык финансылык борборду, Борбордук Азияда азыркы көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн, креативдик экономиканын айрым багыттарын өнүктүрүүнүн региондук борборун түзүү керек.
Бүгүнкү күнгө карата мамлекет өзүнүн негизги жөнгө салуучу функциясын аткарбай жатат. Бул жерде ушул кезге чейин бюрократизмге, коррупцияга, чоң, кымбат жана натыйжалуу эмес уруксат кылуу системасынын орун алышы менен байланышкан ири көйгөйлөр бар.
Экономикада мамлекеттик сектордун үлүшү дале болсо олуттуу, мамлекеттик чыгымдар ИДПнын 30%га жакынын түзөт. Бюджеттин тартыштыгы өсүп жатат. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун жогорулатуу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн экономиканы өнүктүрүүгө мамлекеттин күч-аракетин толук көлөмдө топтоо талап кылынат, анткени салык кирешелеринин жана Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн деңгээли экономиканын өнүгүшүн көп жагынан кечеңдетип жатат.
Документте белгиленген 2013-2017-жылдарга экономикалык өнүктүрүү саясаты улуттук жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, социалдык кесепеттерди жоюуга жана өлкөдө саясый кырдаал жакшырган шартта өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу багытына алып чыгууга багытталган.
Бул документте экономикалык приоритеттер белгиленген, ал жакынкы беш жылда эле экономиканын, мамлекеттик бюджеттин жана эмгек рыногунун абалына олуттуу таасир тийгизүүгө тийиш. Ошондуктан 2013-2017-жылдарга экономикалык приоритеттерди тандоо үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат: (1) жогорку кошумча нарк; (2) салыктын көп өлчөмү; жана (3) жумушчу орундарды түзүү жана ага ылайык жумушсуздукту кыскартуу.
Документте көрсөтүлгөн экономикалык приоритеттерди тездик менен жүзөгө ашыруу алдыдагы беш жылда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жана иш менен камсыз кылуунун өсүшү аркылуу коомдо социалдык оорчулукту төмөндөтүүгө дурус таасир тийгизет.
Алдыда турган келечекте бизнес чөйрө өлкөдө бекем инвестициялык кырдаалды калыбына келтирүүгө жана чыңдоого, мамлекеттик жөнгө салууларды бюрократтыктан арылтууга жана чарбачыл субъекттерге экономикалык эркиндик берүүгө багытталууга тийиш. 2013-жылдан баштап кийинки беш жыл ичинде Кыргызстан 2017-жылы эл аралык “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча эң жакшы көрсөткүчтөрү менен биринчи отуз өлкөгө кириши, экономикалык эркиндик рейтингинде 40-орундан төмөн эмес позицияны ээлөө менен КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунга чыгышы үчүн туруктуу жана системалуу иш жүргүзүү зарыл.
Коррупцияга каршы системалуу күрөш жүргүзүү, көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу, мамлекеттик аппаратты дебюрократташтыруу системасы 2017-жылга карата өлкөнү коррупцияга чалынуунун эл аралык рейтингинде элүү өлкөнүн катарына алып чыгууга тийиш.
Бул документте сунуш кылынган жер-жерлерде инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу процесси региондордун экономикалык жактан жакшырышына гана эмес, ошондой эле бүтүндөй социалдык-саясый кырдаалга да дурус таасир тийгизет.
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү саясатын тариздөөгө концепциялык мамилени эске алуу менен ачык-айкын чараларды жана аракеттерди кең-кесири тактоо бюджеттик процесстин убакыттык алкагына негизденүү менен бул документтин чегинде белгиленген өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ар жылдык жана үч жылга кеңири так пландын алкагында жүргүзүлүшү керек.
Экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууну координациялоо, өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө натыйжалуу жооп кайтаруу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ
14 12 2014
21 стр.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү
25 12 2014
1 стр.
Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга
16 12 2014
5 стр.
Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол
12 09 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
16 12 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.