Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1 ... страница 3страница 4страница 5страница 6страница 7 ... страница 20страница 21

7-глава. Экономикалык туруктуу өсүш жана МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК туруктуулук


Кыргызстан экономикалык туруктуу өсүшкө жетишүүгө жана натыйжалуу иштөөчү социалдык рыноктук экономиканы түзүүгө тийиш. Өлкөнү өнүктүрүүдөгү башкы ролду жеке сектор ойношу керек, аны өнүктүрүүдө мамлекеттин милдети биринчи кезекте жеке сектордун иш-аракети үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө турат.

Макроэкономикалык туруктуулук негизги максаттуу багыт болуп калат. Орто мөөнөттүү келечекте экономиканын туруктуу өсүшүнө, тең салмактуу бюджетке, инфляциянын алдын ала билүүгө жана “келечек муундардын” эсебинен эмес, “каражатка жараша” жашоого жетишүү экономикалык туруктуулуктун негизги өбөлгөсү болуп калат.

Мамлекеттик инвестициялар (Мамлекеттик инвестициялар программасы) алыскы облустардын жана өнүктүрүүгө өсүшү көбүрөөк деңгээлде көмөктөшүүчү жана тектеш тармактарды өнүктүрүүгө кыйла мультипликаттык натыйжага ээ болгон экономика секторлорун өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.

Макроэкономикалык туруктуулук төмөнкүдөй негизги сандык параметрлерге жетишүүдө жана аларды сактоодо көрүнүшү керек:



1-таблица. 2013-2017-жылдарга макроэкономикалык туруктуулуктун негизги сандык параметрлери

Параметр

Максаттуу көрсөткүч

ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүшү

Кеминде 7%

Инфляция

Интервал 5%-7% (2015-жылдан баштап)

Бюджеттин тартыштыгы

ИДПга карата 5%дан ашык эмес

Мамлекеттик тышкы карыз

ИДПга карата 60%га чейин

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө олуттуу чектөөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- географиялык жайгашуусу: деңизге чыгуу жолунун жоктугу жана башкы экономикалык борборлордон обочолугу;

- экономиканын сервистик-агрардык структурасы;

- оңой алынуучу энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин жоктугу;

- рынок экономикасын өнүктүрүүдө мол тажрыйбанын жоктугу;

- экономиканын транзиттик мүнөзү.

Эгемендик алгандан тартып жогоруда көрсөтүлгөн факторлор кайра куруунун соңку мезгилиндеги макроэкономикалык туруксуздуктун (инфляция, керектөө товарларынын олуттуу тартыштыгы) кесепеттерине дал келди. СССРдин ыдырашы борбордон бюджеттик субсидиялардын жана башка республикалардан арзан энергияларды берүүлөрдүн токтошуна, республикалар ортосундагы соода-сатык кризисине, аскердик продукцияга суроо-талаптын жоголушуна, баалардын кескин өзгөрүшүнө, транспорт чыгымдарынын өтө өсүшүнө, ошондой эле биздин өлкө дуушар болгон таптакыр жаңы милдеттерди чечүү зарылдыгына алып келди.

Натыйжада төмөнкүдөй социалдык жана экономикалык оор кесепеттер орун алды:

- гиперинфляция жана өндүрүштүн кыйла төмөндөшү ИДПнын реалдуу көлөмүнүн жарымынын жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2/3 жоготууга алып келди;

- эмгек акынын өлчөмүнүн жана социалдык жөлөкпулдардын азайышы, жумушсуздуктун өсүшү жана рынок экономикасында жашоо тажрыйбасынын жоктугу кедейликтин өсүшүнө жана теңсиздикке алып келди, бул калктын өлкөдөн сырткары миграциялык агылуусуна себеп болду;

- билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын абалы жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөр көз көрүнө начарлады.

Бирок, баштапкы өткөөл мезгилде Кыргызстан жаңы шарттарга тез ыңгайлаша алды. 1990-жылдардын биринчи жарымында жүргүзүлгөн комплекстүү институттук, социалдык-экономикалык реформалар базалык мамлекеттик институттарды түзүүгө, өндүрүштүн төмөндөшүн жоюуга, ал эми улуттук валютаны киргизүү баштапкы макроэкономикалык турукташууга, ошондой эле социалдык кызматтарды толук кыйроодон сактап калууга жардамдашты. Бааларды либералдаштыруу, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү, айыл чарбасында ири колхоздор менен совхоздордун ыдырашы, өлкөдө удаалаш жүргүзүлгөн жер реформасы жана тышкы экономикалык либералдаштыруу коом үчүн өтө оор өттү, бирок жеке сектордун, негизинен чакан жана орто бизнестин жаралышына жана анын экономикага кошкон салымынын кеңейишине алып келди. Мындай өзгөрүүлөр ишкерлер, жеке фермерлер жана соодагерлер (анын ичинде «челнокчулар» деп аталгандар) сыяктуу жаңы социалдык топтордун пайда болушуна көмөктөштү.

Тилекке каршы, жогоруда көрсөтүлгөн реформалар дайыма эле ырааттуу жана ар тараптуу болгон жок. Мамлекеттик бюджет балансташпай калды; көптөгөн структуралык реформалар (менчиктештирүү, инфраструктураларды реструкташтыруу) бүтпөй калды; социалдык милдеттенмелер чыныгы финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн ашып кетти. Ушул кемчиликтердин бардыгы өлкөнүн социалдык жана экономикалык туруктуулугун бүлүндүрдү, ал эми 1998-1999-жылдардагы дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасири өлкөдө кедейликтин деңгээлинин өсүшүнө, макроэкономикалык дестабилизацияга жана тышкы карыздын өсүшүнө алып келди.

Кризистен кийин, Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы бир аз жакшырды жана кедейлик деңгээли кыйла кыскарды. Бул көптөгөн адамдардын ишинин натыйжасы болду, алар жаңы шарттарга ылайыкташып, өзү жана үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликти ала алышты.

Мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында рынок экономикасынын калыптанышы экономиканын бардык чөйрөлөрүндө түп-тамырынан берки институттук өзгөрүүлөрдү жана рынок механизмдерин киргизүүнү талап кылды, бул ИДПнын өсүшүнө алып келди.

Алсак, 1996-2000-жылдары Кыргызстанда экономикалык өсүштүн орточо темпи жылына 5,6%ды түзгөн, бул КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган. Бирок, соңку он жылдыктын ичинде экономикалык өсүш орточо жылдык өсүш темптеринин төмөндөшү менен мүнөздөлдү, Алсак, экономикалык өсүштүн орточо мааниси 2001-2011-жылдары 4,3%дан азыраакты түздү. Ошону менен бирге 2007-2008-жылдары экономикалык реалдуу өсүш максималдуу мааниге (8,0%дан ашыкка) жетти. Соңку 10 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн көрсөткүчтөрү КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн болгон.

Мында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык структуралык реформалардын аягына чыкпагандыгы жана ыраатсыздыгы, анын ичинде мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо, банктык жана финансылык рыноктордун начар өнүгүшү, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн айкын эмес жана дайыма өзгөрүп туруучу шарттар туруксуздуктун негизги ички себептери болуп саналат. Буга кошумча экономика тышкы терс факторлордун таасирине катуу дуушар болду, алар: дүйнөлүк азык-түлүк жана финансы рынокторундагы конъюнктурадан кыйла деңгээлде көз карандылык, негизги эл аралык товардык жана финансылык рыноктордон четте калуу; коңшулаш өлкөлөр тараптан тышкы экономикалык иш-аракетте протекционисттик режимдердин болушу.

Соңку жылдары мамлекеттик бюджеттин өтө тартыштыгы өлкөнүн экономикалык башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Мамлекеттик карызды тейлөө мамлекеттик чыгымдардын эң чоң статьяларынын бирине айланды жана мамлекеттин негизги функцияларын аткарууга сарпталуучу ансыз да тартыш каражаттарды кыскартууну талап кылды. Бюджеттин тартыштыгын жабууга тышкы карыз алууларды кескин азайтуу алдыдагы жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп калат. Бюджеттин балансташпагандыгы өлкөдө кыйла расмий эмес сектор түзүлгөндүгүнө байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин берген баасы боюнча ИДПнын 18%га жакынын түзөт (эл аралык финансы институттарынын баасы боюнча 40%дан 60%га чейин).

Кыргызстандагы макроэкономикалык абал соңку жылдардын ичинде али да болсо анча туруктуу эмес бойдон калууда.

Орточо келечекке экономикалык саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- бюджеттин тартыштыгын, тышкы карызды жана инфляцияны кыскартуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү жана аны сактоо;

- экономикага салык жүгүн бирдей бөлүштүрүү аркылуу экономикалык өсүшкө дем берүү, инфраструктурага тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу, экономиканы региондук экономикалык системага интеграциялоо, ошондой эле экономиканын негизги тармактарын (энергетика, кен казып алуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, транспорт, финансылык сектор жана башкалар) өнүктүрүү үчүн структуралык реформаларды ишке ашыруу;

- өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча коюлган максаттарын аткаруу үчүн экономикалык өсүштүн орточо темптерин жылына 7%дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгы. Бул милдеттерди чечүү экономиканы өнүктүрүүгө толук көмөктөшүүгө багытталган макроэкономикалык саясатты тыгыз координациялоонун негизинде макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнү жана кармап турууну талап кылат.

- айыл чарбасында ички өндүрүштүн көлөмүн жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жетиштүү көлөмдө мамлекеттик резервди түзүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.


<предыдущая страница | следующая страница>


Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине кыргыз республикасын туруктуу өНҮКТҮРҮҮНҮн улуттук стратегиясы

Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ

2665.64kb.

14 12 2014
21 стр.


Кыргыз республикасында

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү

393.02kb.

25 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо

Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян

48.3kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга

850.2kb.

16 12 2014
5 стр.


Кыргыз тилди компьютерлештирүүбү же компьютерлерди кыргыздаштыруубу биринчи максат эмне?

Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол

205.73kb.

12 09 2014
1 стр.


2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар көрүлүүдө

«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

38.84kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

71.38kb.

15 10 2014
1 стр.