Flatik.ru

Перейти на главную страницу

Поиск по ключевым словам:

страница 1 ... страница 4страница 5страница 6страница 7страница 8 ... страница 20страница 21

7.1. Монетардык саясат


Экономиканын жогорку өсүш темптерине жетишүү үчүн шарттарды түзүүдө баалардын туруктуулугун камсыз кылуу монетардык саясаттын маанилүү салымы болууга тийиш. 2015-жылдан тартып жылына инфляция көрсөткүчүнүн 5%-7% интервалына жетишүү жана кармап туруу зарыл. Мындай саясат финансылык секторду реформалоо жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча күч-аракеттер менен катар келечекте экономиканы монетизациялоону 50%га чейин көбөйтүүгө жана пайыздык ставкаларды азайтууга мүмкүндүк берет, натыйжада реалдуу сектор үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды жеткиликтүү кылат.

Өлкөдө баалардын деңгээлин аныктоочу факторлордун бири болуп сомдун алмашуу курсу саналат. Улуттук валютанын өзгөрүлмө алмашуу курсунун механизмин колдонууну улантуу зарыл, ал өлкөнүн ички рыногунда чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жана сунуштардын катышы менен аныкталат. Мында сомдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсунун кескин өзгөрүшү акча-кредиттик жөнгө салуу аспабы менен жумшартылат.

Эл аралык резервдердин көлөмүн импорттун кеминде төрт айлык деңгээлинде кармоо көөнөрбөс артыкчылык болууга тийиш.

Монетардык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүгө анын оң таасиринин мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн өлкөнүн финансылык рынокторун тереңдетүү жана кеңейтүү, банк системасын оңдоо жана чыңдоо, акча-кредит саясатынын каражаттарын өркүндөтүү, экономиканы кредиттөөну көбөйтүүнүн эсебинен экономиканы монетизациялоону жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.

КРУБдун иш-аракетинин ачык-айкындыгын камсыз кылуунун маанилүү багыты акча-кредит саясатынын максатын, мазмунун жана натыйжаларын түшүндүрүү болот, мында анын натыйжалуулугунун критерийлеринин бири айрым иш-чаралар жана жалпы эле акча-кредит саясаты калкта жана рыноктун катышуучуларында канчалык ишеним жарата ала тургандыгын эске алуу керек. Экономикалык саясатты талдоо борборун түзүү аркылуу сапаттуу прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жарыялоолордун, мезгилдүү басылмалардын чөйрөсүн кеңейтүү боюнча КРУБдун функцияларын күчөтүү керек.

7.2. Фискалдык саясат жана мамлекеттик карызды башкаруу


Соңку жылдарда фискалдык кырдаалдан улам бюджеттин туруктуулугунда өтө терс жагдай түзүлүүдө. Фискалдык органдар көпчүлүк учурларда аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпайт. Салыктык милдеттенмелерди бизнестин аткарышы боюнча мурдагыдай эле татаал администрациялык жол-жоболор колдонулат. Коррупциялык схемаларга аралашкан фискалдык органдардын иш-аракети бизнестин мамлекетке болгон ишенимин жоготуп, жалпысынан финансылык туруктуулукту коркунучка кептейт.

Учурдагы абал. 2012-жылы бюджеттин тартыштыгы чоң өлчөмгө - 21,7 млрд. сомго же 462 млн. АКШ долларына (ИДПга карата 7,1%) жетет, ал эми мамлекеттик карыз 3,1 млрд. доллардан ашат. Ошону менен бирге эсебинен өлкө бюджетинин кирешесинин 25%дан ашыгын түзгөн мамлекеттин тышкы жардамдарга катуу көз карандылыгы, ошондой эле салык жүгүнүн өсүшү мамлекеттин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди көбөйтөт.

Мындай кырдаалда мамлекетте пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды көбөйтүү боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ошондой эле иш жүзүндө экономикалык долбоорлор менен программаларды каржылоого бош акча каражаттары дээрлик жок. Жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын, театрларды, университеттерди, музейлерди калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча иштер каржылоого өтө муктаж. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомдун муктаждыктарына багытталган мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоо маселе мурдагыдан да өтө курч турат.

Мамлекеттик карызды тейлөө маселеси өтө маанилүү, бир жагынан мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу керек, экинчи жагынан социалдык чөйрөнү колдоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин турмуштук маанилүү чыгымдарын карыздык төлөмдөр менен кысууга жол бербөө зарыл. Бирок, карыз көйгөйүн жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү негизги булак мамлекеттик бюджеттин өсүп бараткан кирешелери болууга тийиш. Мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу алардын натыйжалуулугун бир учурда жогорулатуу, каражаттарды мамлекетти жеке сектор тарабынан алмашылбай турган жерлердеги кызмат көрсөтүүлөргө гана, өзгөчө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, даректүү социалдык жактан коргоо кызматтарын көрсөтүүлөргө гана топтоштуруу менен жүрүүгө тийиш. Фискалдык саясатта да ырааттуулукту андан ары жогорулатуу боюнча, анын монетардык жана мамлекеттик саясаттын башка түрлөрү менен макулдашылгандыгы, программалык бюджеттөөгө өтүү, бюджеттик тартипти чыңдоо, бюджет процессинин толук ачыктыгын жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Чыныгы фискалдык децентралдаштырууну камсыз кылуу багытында кадамдар жасалат. Бул максатта жергиликтүү бийлик органдарынын өздүк финансы ресурстары аларга бир катар салыктарды жергиликтүү салыктарды жүргүзүүнү толугу менен өткөрүп берүү жана башка бир катар салыктар боюнча түшкөн каражаттарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн эсебинен кеңейтилет. Бул салык системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана салыктык башкарууну олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге жиберилүүчү гранттардын көлөмү мында кыйла азаят. Муну менен бирге эле жергиликтүү бийлик органдарына алардын жеке карамагына өткөрүлүп берилүүчү чыгымдардын статьяларын каржылоого толук жоопкерчилик жүктөлөт.

Макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары экономиканын абалын эске алуу менен жыл сайын такталат жана конкреттештирилет жана КР Өкмөтү менен Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүлөрүндө чагылдырылат, макроэкономикалык саясатты координациялоо маселеси КР Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш тарабынан каралат.

7.3. Тышкы экономикалык саясат


Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы экспортко караганда импорттун дайыма ашыкча болушу менен мүнөздөлөт, ал 1998-жылы эң жогорку чекке жеткен жана ИДПнын 21%ын (алтынды эсепке албаганда 32%) түзгөн. Тышкы соода тартыштыгынын мындай чоңдугу макроэкономикалык олуттуу кесепеттерге алып келди, анткени мамлекет тартыштыкты жабуунун тышкы карыздын көбөйүшүнө алып келбей тургандай булактарын таба алган жок.

2011-жылы экономиканын ачыктыгынын көрсөткүчү (ИДПга карата тышкы товар жүгүртүүнүн катышы) ИДПга карата 105%га жетти. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштардан өтө көз карандылыгы биринчи кезекте ички рыноктун анча чоң эместиги, ошондой эле чийки заттардын жана инвестициялык товарлардын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт. Ошол эле убакта ачыктыктын жогорку деңгээли КР экономикасын дүйнөлүк рыноктордогу баа конъюнктурасынын өзгөрүүлөрүнөн өтө көз каранды кылат. Азыркы учурда кырдаал Бажы союзуна катышкан-өлкөлөр жагынан чек араларды бекемдеши менен да татаалдашууда, бул айыл чарба продукцияларынын экспортунун олуттуу азайышына, тигүү жана кайра иштетүүчү ишканаларда өндүрүштүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле ири дүң базарларда сооданын көлөмү азаят.

Соңку жылдарда Кыргызстандын экспортун өнүктүрүүдө жагымсыз тенденция байкалууда. Экспорттук позициялардын начарлашы жөнүндө КМШ өлкөлөрүнүн салттуу рынокторуна берүүлөрдүн кыскарышы, экспорттун чийки зат багытында экспорттун көбөйүшү, анын өлкөлөрдүн чектелген санына, ошондой эле продукциялардын бар болгону бир канча гана түрү болгондугуна көз карандылыгынын күчөшү ырастап турат. Кыргызстандын экспортунун негизин 2011-жылы республикадан алып чыгуунун 52%ын камтыган тогуз товардык топтору түзөт (жашылча-жемиш, тамеки, пахта, текстиль, органикалык эмес химиялык заттар, электр энергиясы, цемент, шифер, чыңалуудагы электр лампалары), ал эми алтын менен бирге алардын салыштырма салмагы жалпы экспорттук операциялардын 96%на жетет.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бажы союзунун өлкөлөрү (Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы) менен өз ара тышкы соодага интеграцияланышынын жогорку даражасы бар, ал биздин өлкөнүн тышкы товар алмашуусунда 45%га жакынды ээлейт. Муну менен бирге Россия Федерациясынын салыштырма салмагы – 27%ды түзөт.

Ошону менен бирге республиканын эмгек мигранттарынын кыйла көп саны (ар кандай баа берүүлөр боюнча 500 миңден 800 миң адамга чейин) өздөрүнүн эмгектик ишин Бажы союзунун өлкөлөрүндө (Россияда, Казакстанда) жүргүзөт. Бажы союзуна (БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) катышуудан Кыргыз Республикасында жаңы келечектер ачылып жаткандыгын, эң оболу, ага катышкан-өлкөлөр үчүн товарлардын алымсыз жүрүшүнүн, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн аңдап-түшүнүү менен 2011-жылы Кыргызстандын БСга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр процессине демилге кылынган.

Интеграция жана тышкы экономикалык ишти кеңейтүү үчүн приоритеттерди эске алуу менен Кыргызстандын БСга жана БЭМге кирүү жана орун алуу боюнча ырааттуу жол-жоболорду жүргүзүү зарыл. Муну менен бирге 2013-жылдын биринчи жарымында республиканын улуттук таламдарын сактоо менен сезимтал жана преференциялык товардык позициялар жана экономиканын секторлору боюнча сүйлөшүү позицияларын макулдашуу керек.

Экспорттук позицияларды толук өлчөмдө күчөтүү үчүн республиканын ДСУга мүчөлүгү жана Бажы союзуна кошулууга байланышкан потенциал ишке катыштырылган. Экспорттун өсүшүнө транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, экспортко багытталган ата-мекендик ишканаларды маркетингдик жана маалыматтык колдоо, уруксат берүү документтерин тариздөөдө “бирдиктүү терезе” принцибин киргизүү көмөктөшүүгө тийиш. Ошондуктан өлкө үчүн тышкы рынокто ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган экспортту өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү стратегиясын иштеп чыгуу зор мааниге ээ болот.

8-ГЛАВА. БИЗНЕС-ЧӨЙРӨНҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТТЫ ЖАКШЫРТУУ

Өлкөдө инвестициялык жагымдуулук өтө жетишсиз деңгээлде, көптөгөн эл аралык индекстер боюнча анын төмөндөшү белгиленген. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) маалыматы боюнча 2012-жылы Кыргызстан дүйнөлүк соодага тартылуу рейтингинде 110 – 111-орунду ээлеген. 2011/2012-жылы Экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн композиттик Индексине ылайык Кыргызстан дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн ичинен 126-орунда турат. “Бизнес жүргүзүү 2012” рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунду ээлейт, бул бизнес жүргүзүү боюнча өлкөнүн позициясынын начардыгын ырастап турат.

Колдонуудагы бюджеттик-салык системасы инвестициялык максаттарга, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жана аларга түрткү берүүгө каражаттарды топтоого жетиштүү негиз түзбөйт. Мыйзамдарга бир катар түзөтүүлөр киргизилгендигине, ошондой эле институттук реформаларга карабастан Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өзүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулата албагандыгы факт бойдон калууда.

Бардык жерлерде компаниялардын иштерине мамлекеттик чиновниктердин мыйзамсыз кийлигишүүлөр жүрүп жатат, бул түздөн-түз коррупцияга байланыштуу. Чарбачыл субъекттердин жана инвесторлордун арасында мамлекеттик бийлик органдарына карата ишеним дээрлик жок.

Жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары инвесторлорду тартмак турсун, аларга тоскоолдук кылып, ал тургай кээде ачык эле акча өндүрүү менен алектенишет.

Ошондуктан, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, менчик укуктарын коргоо жана кепилдик берүү, тике инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү, жеке активдерди натыйжалуу башкаруу экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар болуп саналат.


8.1. Бейформал экономиканы кыскартуу
Адистердин ар кандай баасына караганда коррупциянын жогорку деңгээли, салык жүгүнүн оордугу бизнести көмүскө жакка кетүүгө түртүп, муну менен салык алынуучу базаны төмөндөтүп, өлкөнүн бюджет чөйрөсүнүн дестабилдешүүсүнө шыкак болуп жана көлөмү ИДПнын 18%дан 60%ына чейинкини түзгөн бейформал экономиканын өсүшүнө алып келүүдө. Ушунун бардыгы атаандашуу үчүн тең эмес шартты түзүү менен бизнести өнүктүрүү үчүн өтө олуттуу бөгөткө айланууда.

Бейформал экономиканы изилдөөнүн натыйжалары калктын жана ишкердик субъекттеринин кыйла бөлүгү көмүскө экономикага тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтарды ырастап турат, ошондуктан бейформал экономиканын көлөмүн расмий экономикага трансформациялоо актуалдуу болуп саналат. Бул процессте чечүүчү роль мыйзам ченемдерди, эрежелерди жана чектөөлөрдү калыптандыруучу негизги субъект катары мамлекетке таандык.

Бейформал экономиканын өсүшүн чектеген жана бөгөт койгон, анын масштабынын кыскарышына жана легалдуу экономиканы чыңдоого көмөк көрсөткөн жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуу зор мааниге ээ болот. Бейформал экономиканын деңгээлин кыскартуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл.


<предыдущая страница | следующая страница>


Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине кыргыз республикасын туруктуу өНҮКТҮРҮҮНҮн улуттук стратегиясы

Биринчи бөЛҮК: мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүҮ ӨНҮГҮҮ негиздерин түПТӨӨ

2665.64kb.

14 12 2014
21 стр.


Кыргыз республикасында

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүнүн приоритеттерин конкреттештирүү жана жү

393.02kb.

25 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо

Нын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Концепциян

48.3kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин

154.37kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга

850.2kb.

16 12 2014
5 стр.


Кыргыз тилди компьютерлештирүүбү же компьютерлерди кыргыздаштыруубу биринчи максат эмне?

Азыркы мезгилдеги компьютердик техниканын жана маалымат технологиялардын жетишкендиктерин биздин күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу проблемасы, өзүбүздүн улуттук тилдердин толук кол

205.73kb.

12 09 2014
1 стр.


2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар көрүлүүдө

«Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

38.84kb.

16 12 2014
1 стр.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

71.38kb.

15 10 2014
1 стр.