Перейти на главную страницу
1994-жылдын 14-январы N 1422-XII
N 21-I Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1994-жылдын 14-январындагы N 1423-XII
токтому менен колдонууга киргизилген)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Суу мамилелерин башкаруу жана жөнгө салуу
III бөлүм. Сууларды пайдалануу
IV бөлүм. Сууларды пайдалануунун экономикалык механизми
V бөлүм. Суу фондусун жана суу чарба курулуштарын коргоо
VI бөлүм. Суулардын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоо жана
эсепке алуу
VII бөлүм. Суу талаштарын чечүү
VIII бөлүм. Суу мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
IX бөлүм. Суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташтык
Жалпы жоболор
максаттары жана милдеттери
негизги принциптери
- адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы, анын эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу;
- сууларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо;
- суу мыйзамдарынын талаптарын сактоо, бул талаптардын бузулушу үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчилик тартуу;
- сууларды пайдалануу жана коргоо боюнча милдеттерди чечүүдө маалымдуулук жана калк, коомдук уюмдар менен тыгыз байланыштуу;
- суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандык үчүн акы төлөө;
- суу мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтык.
4-статья. Мамлекеттик суу фондусу
Бардык суу объектилеринин, алар жайгашкан жерлердин, анын ичинде сууну коргоо зоналарына жана тилкелерине бөлүнгөн жерлердин, андагы топтолгон суу ресурстарынын жыйындысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондусун түзөт.
Кыргыз Республикасынын суу объектилерине анын аймагындагы суулар, көлдөр, мөңгүлөр, карлар, саздар, саздар, жердин үстүнө чыккан булактар, ошондой эле жер астындагы суулар топтолгон зоналар, анын ичинде дарылык-минералдык жана жылуу суулар кирет.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстарына суу объектилеринде топтолгон жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын бардык түрлөрү кирет.
5-статья. Мамлекеттик суу фондусуна менчик
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондусу мамлекеттик менчик болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттин бүткүл аймагындагы суу фондусун менчиктөө укугун чечет.
Суу объектилеринен белгиленген тартипте алынган суу ресурстары юридикалык жана физикалык жактардын жана граждандыгы жок жактардын менчигин түзүшү мүмкүн.
Суу объектилерине жана суу ресурстарына мамлекеттик менчик укугун ачык эле же жашыруун түрдө бузган аракеттерге тыюу салынат.
Суу мамилелерин башкаруу жана жөнгө салуу
суу мамилелери жагындагы компетенциясы
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан суу фондусун менчиктөө укугун ишке ашыруу;
- суу мыйзамдарын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, алардын аткарылышына контролдук кылуу;
- сууларды пайдалануу жана коргоо жагынан мамлекеттик саясатты аныктоо;
- суу мамилелерин жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктоо;
- өзгөчө абалдын зоналары жана зкологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө;
- сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн негизги өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча жеңилдиктерди белгилөө;
- суу мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана жокко чыгаруу;
- суу объектилериндеги же алардын бөлүктөрүндөгү экологиялык өзгөчө абалдан же экологиялык кырсыктан улам өзгөчө абалды белгилөө же өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын бекитүү же алып салуу.
(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 21-I Мыйзамынын редакциясына ылайык)
жагындагы компетенциясы
- мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, аларды инвестициялоону жана финансылоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жагындагы иш-аракетин координациялайт;
- сууларды пайдаланууга лицензия берүүнүн жана суу объектилерин концессияга же арендага берүүнүн тартибин белгилейт;
- суу үчүн төлөнүүчү акынын негизги өлчөмүн иштеп чыгат;
- сууларды пайдалануунун, сууларды булгай турган калдыктарды жана анын зыяндуу таасиринин башка түрлөрүн жайгаштыруунун нормативдерин, сууларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны аныктоонун жана алуунун тартибин бекитет;
- өзгөчө кырдаалдын зонасында өзгөчө суу пайдалануу режимин белгилейт;
- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында өзгөчө корголуучу аймактарды уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу жагынан долбоорлоо, иликтөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди борбордоштуруп координациялоону жүзөгө ашырат;
- сууларды пайдалануу жана коргоо, сууларды мамлекеттик контролдоо жана каттоо тартибин, ошондой эле мамлекеттик суу кадастрын жана суу объекттеринин мониторингин белгилейт;
- суу фондунун жерлерин бөлүү тартибин белгилей жана аларды пайдаланууга берет;
- менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар суу мыйзамдарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын ишин токтото туруу, чектөө жана биротоло токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- калкты суулардын, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат;
Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жагындагы тышкы байланыштарына жетекчилик кылат;
- чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын суу мамилелери жагындагы ишин жөнгө салат.
(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 21-I Мыйзамынын редакциясына ылайык)
суу мамилелери жагынан компетенциясы
- сууларды пайдаланууну жана коргоону уюштуруу жана жөнгө салуу боюнча башкаруу, суу фондусун пайдалануу жана аны булгануудан, азайып кетүүдөн коргоо концепцияларын жана программаларын иштеп чыгат;
- суу фондусунун пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
- сууларды пайдалануунун лимиттерин жана нормативдерин белгилейт;
- суу пайдалануу укугуна лицензия берет;
- суу объектилеринин мониторингин уюштурат;
- суу кадастрын жана суу чарба баланстарын жүргүзөт;
- суулардын жана анын пайдаланылышын мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт;
- суу ресурстарына контролдук кылууну жана эсепке алууну метрологиялык жактан камсыз кылат;
- суу мыйзамдарынын бузулушунан тарткан чыгымдын ордун толтуруу жөнүндө доомат жана доо коет;
- суу мамллелер жагындагы укук бузуулар жөнүндө документтерди толтуруу жана иштерди кароо;
- сууларды пайдалануу жана коргоо менен байланышкан долбоорлоо, иликтөө, илим изилдөө жана конструктордук иштерди жүргүзөт;
- суу чарба курулуштарынын жана жасалгаларынын курулушунун жана реконструкцияланышынын долбоорлорун мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрөт;
- суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташууну ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын компетенциясын ажыратып бөлүүнү ишке ашырат.
Өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын суу мамилелери жагындагы чечимдери бардык юридикалык жактар жана адамдар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүктөр жана граждандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
администрациянын органдарынын компетенциясы
- менчигинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана суу мамилелери жагынан ведомстволук таандуулугуна карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин координациялайт;
- суу объектилеринин абалы жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылат;
- сууларды пайдалануучулардын укуктарын коргойт;
- суу объектилерин пайдалануу укугун чектейт;
- суу объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү, суулардын зыяндуу таасирин жоюу жана анын алдын алуу, ошондой эле кыйроолордун жана табият кырсыгынын натыйжасында сууларды булгануудан сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- суу объектилеринин абалына таасир тийгизүүчү ишканаларды, курулуштарды жана техникалык жасалгаларды жайгаштырууну жана колдонууга киргизүүнү, ошондой эле суу объектилеринде жана жээктеги сууларды коргоочу тилкелерде иш жүргүзүү тартибин макулдашат;
- суу фондусуна жерлерди бөлүп берет.
Сууларды пайдалануу
Суу объекттерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын пайдалануу ушул Мыйзамдын 16-жана 17-статьяларында белгиленген тартипте берилген лицензиянын же суу концессиясынын же аренда шартынын негизинде жана анда аныкталган максаттар үчүн гана жүргүзүлөт.
Суу объектилери калктын ичүү жана турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн артыкчылык менен пайдаланууга берилет.
Суулардын абалына таасир бербей турган курулуштарды жана техникалык жасалгаларды колдонбостон сууларды пайдаланууда атайын полномочиелүү органдар белгиленген талаптар сакталган шартта сууларды пайдалануу укугун алууга юридикалык жана физикалык жактардын лицензия алышы талап кылынбайт.
16-статья. Сууларды пайдаланууга укук берген лицензия
Сууларды пайдаланууга укук берген лицензия атайын полномочиелүү Мамлекеттик органдар тарабынан берилет.
Лицензияда, сууну шартташылган суу объектисине (суу чарба курулушунда) берилген нормативдик көлөмдө, белгилүү сапатта жана белгиленген мөөнөттө пайдалануунун тартиби жана шарты, ошондой эле агып чыкма сууларды агызуу шарттары белгиленет.
- иш аракеттерин координациялоо, өздөрүнүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарда жалпы кызыкчылыктарды көздөө максатында ыктыярдуу негизде союздарга, ассоциацияларга, концерндерге жана башка бирикмелерге биригүүгө;
- пайдалануу үчүн сууларды чыгарып алууга;
- сууларды ушул мыйзамдын 15-статьясында саналып өткөн муктаждыктар үчүн пайдаланууга;
- суу чарба курулуштарын жана жасалгаларын салууга, ошондой эле аларды модернизациялоого, реконструкциялоого жана жоюуга;
- суу объектилерин эс алуу, туризм, спорттук жана ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана бир калыпта кармап туруу үчүн пайдаланууга;
- атайын полномочиелүү Мамлекеттик органдардан суу фондусунун азайышына жана булганышына жол бербөө, суу ресурстары менен белгилүү санда жана сапатта камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;
- өзүнө келтирилген чыгымды компенсациялоону мыйзамда белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.
Сууларды пайдалануучулардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, суу объектилерин жана ресурстарын пайдалануу боюнча башка аракеттерди да жасоого укуктуу.
19-статья. Сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөө
Суу аз болгон мезгилдерде, суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында кыйроо болуучу шарттарда, эпидемия жана эпизоотия коркунучу келген жагдайларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда калктын ден соолугун коргоо үчүн жана башка мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп, ошондой эле башка суу пайдалануучулардын таламында сууларды пайдалануучулардын укугу чектелиши мүмкүн. Мында калктын сууларды ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу шарттары начарлап кетүүгө тийиш эмес.
Суулардын зыяндуу таасиринен улам пайда болгон табият кырсыгынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүдө сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.
- сууларды пайдалануу зарылчылыгы жок болсо же андан баш тартуу;
- сууларды пайдаланууга укук берген лицензиянын мөөнөтүнүн бүтүшү;
- юридикалык жактын жоюлушу же гражданиндин өлүшү;
- суу объектилеринин булганышы же түгөнүшү;
- суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануунун шартынын бузулушу;
- сууларды пайдалануучулардын тарткан зыяндарынын жана чыгашаларынын ордун толтуруу менен мамлекеттин пайдалануусунан суу объектилерин алып коюуга алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы;
- сууларды пайдалануучуларды - ишкананы, уюмду, мекемени жана гражданинди белгиленген тартипте банкрот деп жарыялоо жана жоюу.
Сууларды пайдалануу укугу (ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн суу ресурстарын пайдалануу укугун кошпогондо) суу мыйзамдарын бузган учурда, же суу объектисин башка максатта пайдаланган учурда да токтотулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сууларды пайдалануу укугун токтотуу учүн башка негиздер да каралышы мүмкүн.
Сууларды пайдалануу укугу аны пайдаланууга укук берген лицензияны жараксыз деп табуу жолу менен токтотулат.
Коруктардын пайдалануусунан суу объектилерин алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө зарыл учурда гана жүргүзүлөт.
22-статья. Сууларды пайдалануучулардын укугун коргоо
Сууларды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен корголот. Эч ким ушул мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда сууларды пайдалануу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.
Сууларды пайдалануучулардын укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кайра калыбына келтирилүүгө тийиш.
чыккан зыяндын ордун толтуруу
- сууларды тиешелүү максатта жана шарттарда гана пайдаланууга;
- суу объектилерин сарамжалдуу пайдаланууга, суу ресурстарын үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылууга, аларды калыбына келтирүүгө жана сапатын жакшыртууга;
- суу объектилерине коюлган талаптарга ылайык келбеген булганч суулардын агып түшүшүнө жол бербөөгө;
- башка сууларды пайдалануучуларга берилген укуктардын бузулушуна, ошондой эле чарбалык жана башка объектилерге чыгым тарттырууга жол бербөөгө;
- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында экологиялык, балыктарды коргоо жана башка колдонулуп жаткан нормаларды канааттандыруучу суулардын минималдуу мүмкүн болгон деңгээлинин же чыгымдалышынын сакталышын камсыз кылууга;
- суулардын абалына таасир бере турган суу чарба жана тазалоочу жайларды оң абалында күтүүгө, алардын эксплуатациялык сапаттарын жакшыртууга;
- алынып жаткан суулардын баштапкы эсебин, суулардын сапатынын контролун өз алдынча же башка уюмдар менен бирдикте уюштурууга, ошондой эле суу объектилеринин, курулуштарынын жана андагы жасалгалардын тийиштүү санитардык-техникалык абалын камсыз кылууга;
- авариядан улам булгоочу заттардын кошулуусунан улам суу объектилери менен суу чарба курулуштарынын булганышына жол бербөө жана андай булгануунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
- балык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сууларды пайдаланууга берилген лицензияларда каралган башка талаптарды аткарат.
25-статья. Калктын ичүү, тирчилик жана башка муктаждыгы үчүн суу
объектилерин жана суу чарба курулуштарын пайдалануу
Ичүү үчүн сапаттуу болгон жер астындагы сууларды ичүүгө жана тиричиликке байланышпаган муктаждыктар үчүн пайдаланууга эреже катары жол берилбейт. Жер үстүндө зарыл болгон суу булактары жок райондордо жана жер астындагы ичүүгө жарактуу болгон сапаттуу суу запастары жетиштүү болгон райондордо атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар бул сууларды ичүү жана тиричилик үчүн байланышпаган максатта пайдаланууга уруксат бериши мүмкүн.
чыңдоо максатында пайдалануу
Дарылоо категориясына кирген суу объектилерине агып чыкма суулардын кошулушуна тыюу салынат.
Сууларды эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан белгиленет, бирок буга айрым суу объектилери кирбейт, мындай объектилердин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектөө же тыюу салынат.Суу чарба курулуштарын атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
27-статья. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын айыл чарба
муктаждыктары үчүн пайдалануу
Жерди агып чыкма суулар менен сугаруу атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде мамлекеттик санитардык жана ветеринардык көзөмөл органдары менен макулдашылып жүргүзүлөт.
Жайыттардын жана мал айдап өтүүчү жерлердин аймактарында жайгашкан суу объектилери жана суу чарба курулуштары калктын иче турган жана тиричилик үчүн муктаждыктары канааттандыргандан кийин гана мал чарбасынын муктаждыгы үчүн берилет.
28-статья. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өнөр
жайлык максатта пайдалануу
Ичүүчү же дарылоочу категорияга кирген жер астындагы суулар айрым бир учурларда аларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо талаптары сакталганда техникалык максатта, андагы химиялык элементтерди алуу, жылуулук энергиясын алуу үчүн жана башка да өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Табигый кырсык, кыйроо жана башка күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда, ошондой эле өнөр жай ишканалары чектелген лимитин түгөткөндө калктын ичүү жана тиричилик муктаждыктарын биринчи кезекте канааттандыруу максатында сууларды өнөр жайлык максат үчүн кезектөө кыскартылышы же тыюу салынышы мүмкүн.
29-статья. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын
гидроэнергетиканын муктаждыктары үчүн пайдалануу
транспортунун жана жыгач агызуу муктаждыктары үчүн
пайдалануу
Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу объектилери жана суу чарба курулуштары суу траиспортунун муктаждыктары үчүн пайдалуу болгон учурда суу жолдору катары пайдаланылышы мүмкүн. Суу жолдорун кеме жүргүзүүчү категорияга киргизүү, ошондой эле суу жолдорун пайдалануу эрежелерин белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Суу объектилери менен жыгач агызууга тыюу салынат.
31-статья. Суу объектилерин балык чарбасынын муктаждыктары үчүн
пайдалануу
Суу чарба жана башка курулуштарды балык чарба көлмөлөрүндө эксплуатациялоодо балык запастарын коргоону жана аларды толуктап туруу үчүн шарттарды камсыз кылуучу иш-чаралар өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш.
пайдалануу
пайдалануу
каршы муктаждыктар үчүн пайдалануу
Суу объектилеринен жана суу чарба курулуштарынан алынган сууларды өрткө каршы муктаждыктардан башка максатка пайдаланууга тыюу салынат.
багбанчылыктын, огородчулуктун жана бак участкаларын
сугаруу муктаждыктары үчүн пайдалануу
Айыл жеринде, калктуу пункттарда жашаган жана бак участкалары бар граждандарга, ошондой эле багбанчылык жана огородчулук шериктештерине жана башка жамааттык бирикмелерге сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларда белгиленген лимиттерге ылайык участкаларды, бак дарактарды же огороддорду сугаруу үчүн суу бөлүнөт.
36-статья. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын агып чыкма
сууларды агызуу үчүн пайдалануу
Агып чыкма сууларды агызуу суу объектисинде жана суу чарба курулуштарында белгиленген нормадан ашык булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келбесе жана сууларды пайдалануучулар агын сууларды белгиленген нормалардагы чектерге чейин тазалап турган шартта гана агып чыкма сууларды агызууга жол берилет. Белгиленген нормалар бузулган учурда булганч сууларды агызууга чектөө салынышы, токтотулушу же ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, цехтердин, айрым өнөр жай жасалгаларынын жана өндүрүштөрдүн иши токтотулганга чейин тыюу салынышы зарыл.
Сууларды пайдалануунун экономикалык механизми
милдеттери
- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу боюнча иш-чараларды финансылоонун тартибин;
- суу ресурстарын, суу объектилерин пайдалануу жана агып чыкма сууларды агызуу үчүн акы төлөөнүн нормативдерин;
- сууларды пайдалануучуларга салык жагынан жана кредиттик жеңилдиктерди белгилөөнүн тартибин;
- суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына келтирилген чыгымдын ордун толтуруу тартибин белгилейт.
38-статья. Мамлекеттин финансылык катышуусу
Мамлекет бюджеттик каражат, кредит инвестиция берүү түрүндө, кайтарылбас ссуда, проценти төмөн болгон узак мөөнөттүү карыз түрүндө, салыкты төмөндөтүү же салыктан бошотуу, башка мамлекеттердин инвестицияларын тартуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка түрлөрдө сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу боюнча иштерди финансылоого катышат.
39-статья. Сууларды пандалануу акысы
Кыргыз Республикасында сууларды пайдаланууга ушул Мыйзамдын 15-статьясынын үчүнчү абзацында жана 41-статьясында каралгандагыдан башка учурларда акы төлөнөт.
Суу үчүн акы ведомстволук баш ийүүсүнө, граждандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүүнүн формаларына карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, сууларды пайдалангандардын бардыгынан.
Суу акысы:
- белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо);
- суу ресурстарын лимиттен ашык жана туура эмес пайдалангандыгы үчүн;
- суу сордуруп чыгаруу, ташуу, бөлүштүрүү, сууларды тазалоо менен байланышкан кызмат жана башка суу чарба иш-чаралары үчүн;
- белгиленген лимиттердин чегинде суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына булгай турган заттарды чыгаргандыгы жана агызгандыгы үчүн;
- суу объектилеринен пайдалануу укугун алгандыгы (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо) үчүн төлөнөт.
Суу объектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы белгилөөнүн жана алуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 21-I Мыйзамынын редакциясына ылайык)
төлөнгөн акыдан түшкөн каражатты пайдалануу
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалын жакшыртуу жана реконструкциялоо, суулардын зыяндуу таасиринин алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чараларды;
- калкты жана эл чарбасынын тармактарын суу менен жабдуу, суу чарба курулуштарын жана жабдууларды реконструкциялоо, модернизациялоо жана куруу боюнча иш-чараларды;
- атайын ыйгарым укугу бар органдардын суу сордуруп чыгаруу, ташуу жана аларды пайдалануучуларга берүү боюнча чыгымдардын толуктоо , суулардын коромжусун азайтуу максатында жана суу объектилери менен суу чарба курулуштарын пайдалануу жана сууларды коргоо менен байланышкан башка иш-чараларды аткаруу максатында атайын ыйгарым укуктуу органдарды финансылоонун булагы болуп саналат.
Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана аны пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
41-статья. Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктер
Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу, акы төлөөнү кийинкиге калтыруу, тарифтик ставкаларды төмөндөтүү же белгилүү мөөнөткө акы төлөөдөн бошотуу түрүндө берилет.
Суу объектилери жана суу чарба курулуштары өрт өчүрүү жана өзгөчө жагдайларды жоюу үчүн акысы берилет.
Сууларды пайдалануу боюнча акы төлөөдө жеңилдиктерден коруктар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, улуттук дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият мекемелери, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери, спорттук оюн зоок комплекстери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен финансылануучу башка мекемелер менен уюмдар пайдалана алат.
Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу ремонт жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткан суу объектилери жана суу чарба курулуштары үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым учурларда берилет.
компенсациялоо
Сууларды акы төлөп пайдалануу режимине байланыштуу продукцияга жана кызмат көрсөтүүгө тарифтердин жана баалардын өзгөрүшүн мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
камсыз кылуу боюнча экономикалык чаралар
- сууларды пайдалануучулар суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууну;
- суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгондугу жана башка натыйжалуу жаратылышгы коргоо чараларын ишке ашыргандыгы үчүн сууларды пайдалануучуларга салык жеңилдиктерин берүүнү;
- сууларды пайдалануу көлөмү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдөн сууларды пайдалануучу ашып кеткен учурда сууларды пайдалангандыгы үчүн акынын тарифтеринин өлчөмүн көбөйтүүнү;
- суу объектилерин, анын ичинде эл аралык объектилерди коргоо боюнча фондуларды түзүүнү.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо боюнча башка экономикалык чаралар да белгилениши мүмкүн.
Суу фондусун жана суу чарба курулуштарын коргоо
калуудан коргоо
Суу фондусун коргоо суулардын булганышын, акыр-чикирге толушун жана соолушун, болтурбоого багытталган уюштуруу, экономикалык, укуктук системасын жана башка чараларды камтыйт.
Суу чарба курулуштарын, анын ичинде юридикалык жактарга жана граждандарга таандык болгон жерлердеги жер астындагы булактардан суу тарттыруучу скважиналарды жана кудуктарды салууга сууларды пайдаланууга укук берүүчү лицензиялар болгондо жана коңшулаш жер ээлерине жана сууларды пайдалануучуларга зыян келтирилбеген жана суу объектисинин режими бузулбаган шартта уруксат берилет.
Мамлекеттин менчигинде турган суу объектилеринде курулган суу чарба курулуштарын эксплуатациялоо үчүн жоопкерчиликти суу объектисин же суу концессиясын пайдаланууга укук берген лицензиянын ээси, ошондой эле суу объектисинин же анын бир бөлүгүн арендалоочу тартат.
46-статья. Суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын
булганышынын жана акыр-чикирленишинин алдын алуу
Ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын жер семирткичтер жана уу химикаттар менен булганышына жана жыгачтардын чөгүшүнөн, суулардын сапатына таасир берүүчү химиялык нефть жана башка заттардын кошулушунун кесепетинен суу объектилеринин булганышына жол бербөөгө милдеттүү.
нуктарын, көлмөлөрдүн муз катмарларын жана мөңгүлөрдү
коргоо
Сууларды пайдалануучулар суу чогултуучу аянттын үстүңкү бетин, суу сайларынын, көлмөлөрдүн муз катмарын жана мөңгүлөр менен кар касабаларынын үстүнкү бетин турмуш-тиричиликтен чыккан жана башка калдыктардан, таштандылар жана ар кандай булганч заттардан, ошондой эле нефть жана химиялык заттар, жер семирткич жана уулуу химикаттар менен булганган жерин жууп кетирүү жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын сапатынын начарлашына алып келе тургандыктан алар менен булгануусуна жол бербөөгө милдеттүү.
48-статья. Санитардык коргоо округдары жана зоналары
Ичүү жана тиричиликте, дарылануу үчүн курорттук жана ден соолукту чың- доо максатында пайдаланыла турган суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо органдары менен зоналары түзүлөт.
Санитардык коргоо органдарын жана зоналарын белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Суу коргоо зоналарынын (тилкелеринин) аймагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык суу фондусунун жерлерине кирет жана атайын ыйгарым укугу бар органдардын башкаруусуна берилет.
Суу коргоо зоналарына (тилкелерине) бөлүнгөн суу фондусунун жерин атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын макулдугусуз башка максатта жана башка муктаждыктар үчүн берүүгө жол берилбейт.
51-статья. Суулардын соолуп кетишинен коргоо боюнча иш-чаралар
Дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын, жер астындагы суулардын оптималдуу суу режимин кармап туруу максатында, кыртыштын суу эрозиясынын, көлмөлөрдүн балыр басышынын, суудагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо шарттарынын начарлашынын, суунун жогорулап же төмөндөп кетишинин жана сууга зыяндуу таасир тийгизүүнүн башка учурларынын алдын алуу үчүн сууларды сактай турган токой зоналары түзүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка токой мелиоративдик, эрозияга каршы, гидротехникалык жана башка иш-чаралар жүргүзүлөт.
52-статья. Жер астындагы сууларды азайып кетүүдөн коргоо чаралары
Пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жака эксплуатациялоо менен байланышкан бургулоо жана башка кен издөө иштерин жүргүзүүдө, мындай иштерди жүргүзүп жаткан юридикалык жактар жана граждандар жер астындагы сууларды коргоо боюнча чара көрүүгө, жөнгө салыуучу жасалгалары жана көзөмөлдөөчү каражаттары бар өз алдынча агып түшө турган жана чалгындоо жүргүзүүчү скважиналарды жабдууга, жер астындагы суу горизонттору ачылган учурлар жөнүндө атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Өз алдынча агып түшө турган жана чалгындоочу скважиналарды куруп жана эксплуатациялай турган ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар скважиналарды пайдалануу токтотулган учурда, сууларды керектөө убактылуу токтотулганда же скважиналар эксплуатацияга даяр болгондо, аларды консервациялоону камсыз кылууга, ал эми зарыл учурда - белгиленген тартипте аны жоюуга тийиш.
таасиринин алдын алуу жана жоюу боюнча милдеттери
- суулардын зыяндуу таасирин;
- суу ташкынын, суу каптоонун жана суу басып калуунун;
- жээктердин, коргой турган тосмолордун жана суу объектилериндеги башка курулуштардын бузулушунун;
- жердин сызга жаяа шорго айланышынын;
- кыртыштын эрозиясынын, коолордун, жер көчкүлөрүнүн, сел агымдарынын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдүн түзүлүүшүнүн.
экспертиза
Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлгөндө сууларды алууну жана агызууну эсепке алуу, булгануудан, акыр-чикирден жана соолуудан сууларды коргоо боюнча, сууга зыяндуу таасир берүүнүн алдын алуу, суу объектисинин жана курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалына чарбалык иш-аракеттердин алдын алуу боюнча иш-чараларды көзөмөлгө алуу камсыз кылынууга тийиш.
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутунудусу болмоюнча суу объектилеринде курулуш иштерин финансылоого тыюу салынат.
VI бөлүм
Суулардын пайдаланылышын мамлекеттик
контролдоо жана эсепке алуу
55-статья. Сууларды мамлекеттик контролдоонун жана эсепке алуунун
милдеттери
Мамлекеттик суу кадастрына киргизилген ар бир суу объектиси регистрациялык каттоо номерине, аталышына жана физикалык-географиялык, гидрологиялык, укуктук жана экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган комплекстүү мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш.
Мамлекеттик реестр атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик реестрге киргизилген ар бир суу чарба курулушу чарбалык максаттуу багытталышын, укуктук-физикалык-географиялык, гидрологиялык, техникалык, экономикалык жана башка көрсөткүчтөрдү камтыган комплекстүү мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Мамлекеттик реестрге жазуу сууларды пайдалануу укугун бере турган лицензияны берүү менен мезгилде жүргүзүлөт.
Суу чарба курулуштарынын мамлекеттик реестрине катталуу үчүн ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар белгиленген тариф боюнча акы төлөйт.
58-статья. Сууларды мамлекеттик контролдон жана эсепке алуудан
өткөрүүнү ишке ашыруучу органдар
Атайын ыйгарым укугу бар органдар суу объектилеринин, суу чарба курулуштарынын абалына жана суу чөйрөсүнүн корголушуна мүнөздөмө бере турган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды министерстволордон, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан жана граждандардан чектөөсүз жана акысыз алып турууга укуктуу.
Суу объектилерине Мамлекеттик мониторингди жүргүзүүнүн структурасы, мазмуну жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана
метрологиялык жактан камсыздоо
Сууларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында суу ресурстарынын санынын жана сапатынын жол берилген көрсөткүчтөрүнө, суулардын көрсөткүчтөрүн өлчөөнүн тактык нормаларына талаптарды регламенттөөчү жана суу объектилерине өндүрүштүк жана башка иштердин таасиринин чектерин жөнгө салуучу нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык камсыз кылуунун бирдей системасы белгиленет.
Нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык жактан камсыздоо системасы өлчөөнү жүргүзүүнүн стандарттарын, эрежелерин, жоболорун, инструкцияларын, ыкмаларын жана башка нормативдик докуметтерди камтыйт.
Сууларды контролдоо жана каттоо жагындагы тараптар Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларга ылайык келүүгө тийиш.
Сууларды контролдоо жана эсепке алуу жагындагы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштелип чыгат, макулдашылат жана бекитилет.
Суу талаштарын чечүү
боюнча талаштарды чечүү
Суу чарба курулуштарын менчиктөө укугуна, суу объектилерин концессиялоо жана арендалоо укугуна ээ болгон юридикалык жактар жана адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар катышкан суу талаштары сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
Суу объектисине же суу чарба курулушуна келтирилген чыгым ордун толтуруу менен байланышкан мүлктүк талаш-тартыш алардын кайсы сотко тиешелүү экендигине ылайык сотто же арбитраждык сотто чечилет.
VIII бөлүм
Суу мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
- суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өз алдынча ээлеп алганда;
- сууларды өз алдынча пайдалаганда;
- суу пайдалануу укугун башка бирөөгө ыйгарганда жана суу объектилерине жана суу ресурстарына мамлекеттик менчик укугун бузган башка бүтүмдөрдө;
- сууларды пайдалануу укутуна берилген лицензияда көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен суу алганда;
- суу ресурстарын чарбасыздык менен пайдаланганда;
- гидротехникалык иштерди өз алдынча жүргүзгөндө;
- суу чарба курулуштарын жана жасалгаларын пайдалануу эрежелерин бузганда;
- атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын көрсөтмөлөрүн аткарбаганда;
- сууларды пайдаланууну контролдоону жана эсепке алуучу ишке ашыруунун нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык тартибинин талаптарын бузганда;
- суу ресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө өз учурунда жана так маалыматтарды берүүдөн баш тартканда же бурмаланган маалыматтарды бергенде;
- тазалоочу курулуштар канааттандырарлыксыз иштегенде, суу объектилерине булгай турган заттар нормадагыдан ашык агып түшкөндө;
- суу тазалай турган курулуштары жок ишканаларды, курулуштарды жана жасалгаларды пайдаланууга бергенде;
- суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын булганышын, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдү пайда кылуучу суу чарба режими бузулганда;
- суу тартып алуучу жана сарыктыруучу скважиналар менен кудуктарды пайдаланууда жер астындагы суулардын булганышына алып келе турган нормалар жана санитардык талаптар бузулганда;
- агып чыкма сууларды жер астындагы суу топтолгон горизонтторго агызганда;
- экологиялык кыйроолордун кесепеттерин жана суулардын зыяндуу таасиринин башка кесепеттерин жоюу боюнча өз учурунда жана жетиштүү чаралар көрүлбөгөндө.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен суу мыйзамдарынын башка түрлөрүнүн бузулгандыгы үчүн да жоопкерчилик белгилениши мүмкүн.
чарба курулуштарын кайра кайтаруу
Өз алдынча ээлеп алынган суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын кайра кайтаруу соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
чыгымдардын ордун толтуруу
Кызмат адамдарынын жана башка кызматкерлердин күнөөсү менен ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар зыян тартса, күнөөкөрлөр белгиленген тартипте материалдык жана башка жоопкерчилик тартат.
Суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана жапа чеккен тарапка суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу ыктыярдуу түрдө же тарткан зыяндын өлчөмүн, анын ичинде алынбай калган пайданы эске алуу менен суу объектисинин же суу чарба курулушунун бузулган абалын калыбына келтирүүгө жумшалган иш жүзүндөгү чыгымдарга ылайык соттун же арбитраждык соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
Бир нече күнөөкөр болгондо чыгашаны өндүрүү ар бир жоопкердин белгилүү үлүшүнө ылайык жүргүзүлөт.
Тараптардын макулдугу менен соттун же арбитраждык соттун чечими боюнча чыгаша жоопкерге анын күчүнүн жана каражатынын эсебинен суу объектисин же суу чарба курулуштарын калыбына келтирүү боюнча милдеттерди жүктөө жолу менен өндүрүлүшү мүмкүн.
65-статья. Суу мыйзамдарын бузган ишканалардын, мекемелердин жана
уюмдардын ишин токтотуу жөнүндө доо коюу талаптары
Суу объектилерине же суу чарба курулуштарына зыяндуу таасир тийгизген юридикалык жактардын ишин токтотуу жөнүндө соттун, арбитраждык соттун чечими, эгерде чыгарылган чечимде башка жагдай каралбаса, тийиштүү банк мекемелери тарабынан аларды финансылоону токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
Суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташтык
принциптери
- калдык аз чыгуучу жана калдыксыз технологияларды колдонуу жолу менен чек ара сууларына булганч заттардын агып түшүшүнө алдын-ала жол бербөөнү, чектөөнү жана кыскартууну;
- суулардын сапатынын критерийлерин белгилөөнү;
- агып чыкма суулардын агып тушүшүнүн нормаларынын чегин аныктоону;
- транс чек ара жана чек ара суу объектилеринин абалынын мониторинг программасын иштеп чыгууну жана макулдашууну;
- чек ара суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын биргелешип пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана макулдашууну;
- зарыл учурда суу мамилелерин жагынан мамлекеттер аралык макулдашуулардын аткарылышына контролдук кылуу боюнча биргелешкен органдарды уюштурууну;
- чек арадагы суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын биргелешип пайдаланууда маалымат алмашып турууну, оперативдүү кабарлашууну жана өз ара жардам көрсөтүүнү;
- чек арадагы суу объектилерине таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыян үчүн жалпы жана компенсациялык жоопкерчиликти белгилөөнү;
- суу талаштарын чечүү боюнча арбитраждык процессти ишке ашырат.
Эгерде эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
ортосунда чек ара сууларын пайдалануу жөнүндө
талаш-тартыштарды чечүү
Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттик сууларды пайдалануучуларынын ортосундагы талаш-тартыштар мамлекеттердин Өкмөтү теңдеш негизде түзгөн көз каранды эмес арбитраждык комиссия тарабынан каралат, же болбосо тиешелүү Конвенцияда же эки тараптуу же көп тараптуу келишимдерде башка жагдайлар каралбаса, мындай тартип бузуу орун алган мамлекеттин сотунда (арбитражда) каралат.
70-статья. Башка мамлекеттер менен суу мамилелеринин экономикалык
укуктук механизми
- юридикалык жактардын жана адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн жана граждандыгы жок адамдардын таламында күнөөлүү тарап келтирген чыгымдын ордун өндүрүүнү;
- суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына күнөөлүү тарап келтирген зыяндын ордун өндүрүүнү;
- башка мамлекеттердин суу чарба курулуштарын пайдалануу менен байланышкан суу ресурстары жөнгө салынган учурда суу объектилеринен сууну алуу, аны жөнгө салуу, ташуу, тазалоо жана башка суу чарба иш-чаралары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну;
- эки жана андан ашык мамлекет пайдаланган транс чек ара жана чек ара суу объектилеринде сууларды кайтаруу, агымын жөнгө салуу жана башка суу чарба иш-чаралары менен байланышкан мамлекеттердин биринин бир тараптуу чыгымдарынын ордун толтурууну;
- мамлекеттердин бири тарабынан белгилүү акыга экинчи мамлекетке эл аралык макулдашуулардын негизинде белгиленген суу ресурстарындагы өз үлүшүн берүүнү;
- суу чарба жана сууну коргоо иш-чараларын финансылоо үчүн башка мамлекетке кредит жана инвестиция берүүнү;
- суу мамилелери жагынан чет өлкөлүк инвесторлорго ишенимдүү гарантияларды жана жеңилдиктерди камсыз кылууну жана алардын укуктары менен таламдарын коргоону;
- чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана адамдарга, анын ичинде граждандыгы жок адамдарга суу концессиясын беруу үчүн төлөнүүчү акыны белгилөөнү.
71-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын жана
граждандыгы жок адамдардын милдеттери
Мыйзамы жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана нормативдик актылары менен жөнгө салынат. Жер, токой, тоо, чарба жана мүлк жагынан мамилелер
08 10 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын мамлекеттик органдардын аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
16 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жасаган иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштыкты чектөөгө, жеке жана юридикалык жактарды адаштырууга
17 12 2014
1 стр.
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйг
01 10 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору акимдин кызмат ордуна дайындоонун тартибин жөнгө сал
08 10 2014
1 стр.
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
23 09 2014
1 стр.
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматтарды берүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
15 10 2014
1 стр.