Тил качан пайда болгон?
Адам баласы биринчи сөздү качан айткандыгын так аныктоо өтө татаал, атүгүл мүмкүн эместей сезилет. Ал тууралуу маалымат айтууда жүздүк эмес, миңдик сандарга чейинки мезгилдер гана белгилениши мүмкүн. Француз иликтөөчүлөрүнүн сонку маалыматтарында адам мындан 300 мин, жыл мурун сүйлөй баштаган. Дал ошол мезгилде гомо сапиенсте кептик (речь) нерв калыптанган. Узак убакыттарга чейин адам мындан 100-150 миң, жыл мурун сүйлөгөн деп эсептелген. Француз окумуштуулары адам баласы айткан алгачкы сөздөр «өз-бөтөн», «дос-кас», «жакшы-жаман» деген түшүнүктөрдү билдирген деп болжолдошот.
Алгачкы сөздөр тыбыштык түзүлүшү жагынан өтө күңүрт болуп, аларды, айрыкча балдардын сөзүн түшүнүү өтө кыйын болгон. Адам баласында тыбыш жасоочу (сөз айтуучу) атайын, тубаса органдар жок. Бул функцияны адамдагы (жалпы эле жаныбарлардагы) башка милдетти аткарган органдар (тил, тиш, таңдай, кекиртек, эрин, өпкө, нерв системасы) атайын ылайыкташуу аркылуу аткара башташкан. Демек сүйлөө (көп) адам баласынын тубаса, ага гана энчиленип берилген, муундан-муунга табийгый түрдө берилүүчү өзгөчөлүк эмес. Ал - адам баласынын коомдук-социалдык турмуш абалы менен иштелип чыгуучу ишмердүүлүк жөндөмү, артыкчылыгы. Бул ойду азыркы мезгилдеги «Мауглилерди» (айбандар багып алган балдарды) изилдее иштери да аныктаган. Ошондон улам эгерде башка планетапардан келгендер ымыркай баланы багып алгылары келсе, бала үчүн алардын тилин үйрөнүү анча кыйынчылык туудурбайт.
Дүйнөдө канча тил бар?
Бул суроо ондогон жылдар бою дүйнөнүн көптөгөн окумуштууларын кызыктырып, атайын изилдөө иштери жүргүзүлүп келе жатса да алигиче биротоло чечиле элек. Б.а. азырынча так жооп жок, 4 миңден 7 миңге чейинки ар кандай сандар айтылып келе жатат. Бул көрүнүш, барыдан мурда, тилдердин «жандуулугу» менен түшүндүрүлөт. Айрым тилдер колдонуудан калып, өлүү тилге айланса, айрым тилдердин диалектилери алыстан отуруп өз алдынча тилге айланышы, кээ бир тилдерде абдан эле аз сандагы (болгону ондогон адам) адамдардын сүйлөшү, башка өнүккөн же көп сандуу элдердин сүйлөгөн тилинин майда тилдерди жоюп жибериши ж.б. себептерге байланыштуу сандык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат.
Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин жер шарында 12 миңден ашык тил болгон. Элүү жыл ичинде алардын 6 миңге жакыны жок болуп, азыркы күндө дүйнөдө 6200 тил калды деген маалымат да бар.
Айрым маалыматтарга караганда дүйнөдө азыр 6528 тил бар. Ал тилдер континенттер боюнча төмөнкүдөй санда тараган:
Европада: 209 тил, бардык тилдердин - 3%;
Азияда: 2034 тил, 31%;
Африкада: 1995 тил, 31%;
Тынч океанда: 1341 тил, 21%;
Америкада: 949 тил, 15%.